Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Шайлоодо кошоматчылардын күнү тууду


Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев 30-июнда билдирүү жасап, бийликке кошомат кылган адамдар тарабынан өзүнө маалыматтык чагым таратылып жатканын билдирди. Ошондой эле бүгүн жарандык коомдун өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүп, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө талапкерлердин тең укуктуулугу сакталбай, бардык жерде бийлик азыркы президенттин талапкерлиги үчүн иштеп жаткандыгын маалымдашты. Алардын белгилөөсү боюнча оппозициялык маанайдагы талапкерлердин өкүлдөрүнө бийлик тарабынан түрдүү коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат. БШК болсо мындай маалыматтардан кабарсыз экендигин билдирип, алакан жаюуда.

БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев өзүнүн билдирүүсүндө президенттик шайлоого катышуу үчүн аттанып чыккандан бери бийлик жана ага кошомат кылган айрым маалымат каражаттары тарабынан түрдүү жалган жалаалар жабылып, каралоолор болуп келаткандыгын, бирок буга чейин аларга маани бербей келгендигин белгилейт.

Бул жолу минтип атайын коомчулукка билдирүү менен чыгуусуна бийликчил телеканалдар жана басылмалардын өзүн ыпыластык менен жаманатты кылышы түрткү берген. Ошондой эле Алмазбек Атамбаев билдирүүсүндө элдин азыркы бийликке ишеничи түгөнгөнүн, үй-бүлөлүк башкаруу системасынан түңүлгөнүн баса белгилеген.

Президенттикке шайлоо өнөктүгү бир жактуу, айрым талапкерлерге жата калып кошомат кылуу, кээ бирлерин башынан ылдый көө сүртүп, жалпы элге жаманатты кылуу жараяны менен коштолуп жаткандыгын жарандык коом да белгилөөдө. Шайлоочулардын укугун коргоочу “Менин тандоомдун мезгили” деп аталган жарандык уюмдар биримдиги 30-июнь күнү маалымат жыйынын өткөрүп, өздөрүнүн алгачкы иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен тааныштырышты.

Анда айтылгандай алдыда боло турган президенттик шайлоо иш күнү өтөрү, талапкерлердин бири, азыркы президенттин кызматын өткөрүп бербегени жана мурда добуш берүүнүн акыйкаттыгын шарттай турган бармакка боек сүртүү системасынын алынып салынышы шайлоонун акыйкат өтпөй турганынан кабар берип турат.

Мындан тышкары участкалык шайлоо комиссияларынын курамын түзүүдө ар кандай жасалмалуулуктарга жол берилип келе жатат. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын маалымат жыйынында билдиргени боюнча аймактык, участкалык шайлоо комиссияларын түзүүдө бийлик дайыма аралашат:

-Аягында аймактык, участкалык шайлоо комиссиялардын жарымы, кээде андан да көбү бийликтин өкүлдөрү болуп чыгат. Бул болсо албетте, шайлоо комиссиясынын көз карандысыздыгына шек келтирет. Быйыл участкалык шайлоо комиссияларын түзүүдө да бул колдонулду. Бир топ мыйзам жана Шайлоо кодексин бузган учурлар катталды. Мисалы Аламүдүн районундагы участкалык шайлоо комиссияларын түзгөндө оппозициялык партиялардын өкүлдөрү добуш берүүгө биринчилерден болуп киргизилген жок, ал эми бийликчил партиялар бүт 1-2-3-иретте болуп атышты. Анткени чүчү кулак кармаган учурда номерлер жазылган капсулалар атайын бири-биринен билинер-билинбес болуп айырмалантып жасалган жана айрымдары атайын бир аз ачылып коюлган. Бул дагы атайын алдын ала түзүлгөн сценарийдин негизинде ишке ашты, деп ойлойбуз.

-Динара Ошурахунованын айтуусунда шайлоого аз калганда пенсионерлердин партиясы, ветерандардын партиясы, жаштардын партиясы деген мурда активдүүлүгү байкалбаган партиялар кескин активдешип, булардын мүчөлөрү участкалык шайлоо комиссияларынын курамына киргизилген.

Ошол эле учурда участкалык шайлоо комиссияларынын курамына кирүүгө аракет кылган оппозициялык партиялардын мүчөлөрү түрдүү коркутуп-үркүтүүлөргө туш болуп жатышат. Алардын айрымдары комиссиянын курамына кирүүдөн гана эмес, өздөрүнүн талапкери үчүн иштөөдөн да баш тартышууда, деп маалымдады “Интербилим” борборунун жетекчиси Асия Сасыкбаева:

-Шайлоо кодексинде бүт бардык талапкерлердин укугу бирдей, деп жазылып турганы менен иш жүзүндө бул тескери болууда. Административдик ресурс бардык жерде, ачык колдонулуп жатат. Губернаторлор, мэрлер, акимдер жана башка жетекчилер үгүт иштерин ачык эле жүргүзүп жатышат. Ысык-Көлдөгү №27 участкалык шайлоо комиссиясын түзүүдө Чолпон-Ата шаарынын мэри Насирдинов катышып отурду. Президенттикке талапкер Курманбек Бакиевдин Жалал-Абаттагы шайлоочулар менен жолугушуусуна облустук бийлик мыйзам бузуу менен бюджеттик кызматкерлерди, студенттерди күчтөп алып барган.

Асия Сасыкбаеванын айтуусунда ошол эле учурда оппозициялык партиялардын өкүлдөрүн, мүчөлөрүн куугунтукка алуу күчөөдө:

-Жети-Өгүз районунда талапкер Алмазбек Атамбаев үчүн үгүт иштерин жүргүзүп жатышкан Кызаева, Калиева, Абдраимовага айыл өкмөтү келип, штабдагы ишин токтотуусун талап кылган. Ал ошондой эле тигилер баш тартчу болсо чөнтөгүнө маңзат салып коюп, милицияга салып берем, деп опузалаган.

Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар, административдик ресурстун колдонулушу, оппозициялык талапкерлердин жактоочуларын коркутуп-үркүтүү сыяктуу фактылар боюнча жарандык коом БШКна кайрылган. Бирок БШК азырынча аларга эч кандай доомат, даттануулар түшө электигин айтып, алакан жаюуда. БШК басма сөз кызматкери Ирина Балакина шайлоо алдындагы мыйзам бузуулар тууралуу эч кандай маалыматтар келип түшпөгөндүгүн “Азаттыкка” кабарлады.

Оппозиция 23-июлда боло турган президенттик шайлоо акыйкат өтпөйт, деп билдирип келүүдө. БШК болсо шайлоо бардык мыйзамдардын негизинде болот, деп ишендирип жатат. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коомдук уюмунун жетекчиси Динара Ошурахунова: “БШК, тилекке каршы баягы көз карандысыз орган эмес, азыр БШК башкарылма механизм. Ал эми шайлоону бизде таптакыр башка адамдар башкарып, жүргүзөт,” деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG