Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

Алайлыктар: “Кыргызстанга – азаттык!”


Жүрүшкө чыккандар жолду да ыраа көрбөгөн бийликтегилерге нааразы болуп, тоо кыялай басышты, 15-март, Алай району.
Жүрүшкө чыккандар жолду да ыраа көрбөгөн бийликтегилерге нааразы болуп, тоо кыялай басышты, 15-март, Алай району.

Исмаил Исаковдун Алайдагы таламдаштары бийликтин тоскоолдугуна карабай, 15-мартта адегенде Сопу-Коргон кыштагында митинг өткөрүп, андан ары Таргалак-Чаты айылына чейин тоо кыялап, ортолукта бир нече ирет суу кечип «үй-бүлөлүк режимдин барымтасында калган Кыргызстанга – азаттык!» деген ураандын алдында он беш чакырым жөө жүрүш жасашты.

Алайдагы Сопу-Коргон айылынын 200 чакты тургуну генерал Исмаил Исаковду коргоо комитетинин штабына саарлап жыйналгыча, милициянын атайын багыттагы отрядын салган үч автобус аймактагы чоң көпүрөлөргө бөлүнүп, Ош - Эркеч-Там автожолун кан буугандай тосушту.

Буга улай аталган штабдын алдында чакан митинг башталды.

- Суу жана башкалар кымбаттады. Электр энергиясынын наркы көтөрүлгөнүнө байланыштуу бардык азык-түлүктөргө да баалар өстү. Биздин турмушубузду Акаев оңогон жок эле, эми минтип Бакиев биротоло сызга олтургузду. Ошондуктан, чыдамыбыз түгөнгөндө жүрүшкө аттандык. Элди атабыз деп атышыптыр. Мейли, Бакиевдин огунан ажал тапсак, аны да көрө жатаарбыз, - деди карыя Ороз Мусаев.

Кепти ЭрК партиясынын Кара-Суу райондук төрагасы Темирбек Бегматов улады:

- Канчалаган кыргыздар жумуш издеп, бала-чакасын, үй-бүлөсүн таштап чет өлкөлөрдө тентип жүрүшөт. Ошол эле учурда президенттин уулу Максим Бакиев кайдагы бир агенттикти уюштуруп, жалаң сырттан алдамчыларды топтоп, ошолорду иш менен камсыз кылууда. Минтип өз мекендештерине күйбөгөн бул жигит бүтүндөй командасы менен өлкөдөн чыгып кетсин! Мындан тышкары Кыргызстанда адам укугу кадам сайын тебеленүүдө. Бирок Акыйкатчы ал жөнүндө бир ооз айтканга жарай элек, тескерисинче, президентке жагынуу менен алек.

Алайдын акими Алмазбек Осмонов
Ошол маалда машинадан түшкөн Алай районунун акими Алмазбек Осмонов Исмаил Исаковдун таламдаштарынын 15-16-мартта Сопу-Коргон айылынан райборбор Гүлчө кыштагын карай жөө жана атчан жүрүш жасоосуна Ош облустук райондор аралык соту тыюу салгандыгын маалымдап, буларды кошумчалады:

- Түшүндүңөрбү? Ош - Эркеч-Там автожолунда басканга дегеле мүмкүн эмес. Ошондуктан, кокус мыйзам бузулуп, кимдир бирөөлөр жоопко тартылып калышын мен деле каалабаймын.

Акимдин сөзү акциячылардын нааразычылыгын жаратты.

- Өлкө башчысы – биздин атабыз. Атабыз мыйзамды өзү тебелеп-тепсеп жатса, биз эмне кылышыбыз керек, айткылачы?

- Элди эмнеге мынчалык кордойсуңар? Биз эмне мал бекенбиз?

- Биз өлкө ичинде ээн-эркин жылып жүргөнгө укуктуубуз. Ага эч ким, анын ичинде, сот дагы тыюу сала албайт!
– деп чурулдашты акциянын катышуучулары.

Бул аралыкта Ош облус губернаторунун биринчи орун басары Айтмамат Кадырбаев элдин демин басууга аракеттенди.
Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары Айтмамат Кадырбаев

- Сиздердин жалгыз максатыңыздар - Исмаил Исаковду түрмөдөн бошотуу. Бөлөк талабыңар жок, туурабы? – деген Айтмамат Кадырбаев генералдын башын азат кылуу максатында анын туугандарын президентке жолуктуруу маселеси чечилип жаткандыгын билдирди.

Бирок мындай демилгеге Исаковдун жакындары жана таламдаштары таптакыр ынаган жок. Алар бийлик кечиккендигин ачык айтышты.

Ошол эле учурда “Ата Мекен” партиясынын Ош облустук координатору Бакыт Калмаматов жергиликтүү бийлик төбөлдөрүн элге кошулууга чакырды:

- Сиздер баштаган эл Кытайдан же Германиядан түшкөн баскынчылар эмес. Буларды террорист деп атоого да акыңар жок. Эгерде тинткиңер келсе, текшергиле, жанынан жарты нандан башка курал чыкпайт. Ошондуктан, калкыбыз менен ысык-суукту теңме-тең бөлүшөбүз десеңиздер, анда биз менен чогуу жол тартыңыздар. Бирок Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн моминтип бүгүнкүдөй элге каршы тукурбаңыздар!

Буга жооп иретинде биринчи вице-губернатор Айтмамат Кадырбаев жөө жана атчан жүрүш жасоочуларга буларды эскертти:

- Чочулабагыла. Милициянын же башкалардын колунда автомат жок. Эгерде чектен ашкан жоруктар жасалса, анда ички иштер кызматкерлери өз алдынча аракеттенет. Биз аларды токтотконго акыбыз жок.

Ошого карабастан нааразычылык акциясынын катышуучулары Сопу-Коргондогу эски жолго салышты эле, милиция кызматкерлери аларды улам-улам эскертип жатып айыл четине, андан ары тоону карай бурушту. Ошентип, кыш кете элек аймактын сөөктөн өткөн суугуна жана кар аралаш жамгырына кайыл болуп Сопу-Коргондон ары Таргалак-Чаты айылына чейин көпчүлүк учурда тоолорду кыялап, айрым мезгилде чоң-кичине дарыяларды кечип жөө жүрүшүн улантышты.

- Жадагалса, бизге өзүбүздүн жолубузду да ыраа көрбөгөн президентке абдан нааразыбыз! Курманбек Бакиев кетсин! Курманбек Бакиев кетсин! Курманбек Бакиев кетсин!

- Үй-бүлөлүк режимдин барымтасында калган Кыргызстанга жана кыргыз элине – азаттык! – деп кыйкырышты жол ката жөө жүрүштүн катышуучулары.

Акцияны уюштуруучулардын айтымында, аларды Аскалы, Бүлөлү, Күң-Элек, Кызыл-Коргон кыштактарында 200 чакты жөө жана атчан киши күтүп турушмак. Тилекке каршы, элеттиктерди укук коргоо органдары коркутуп-үркүтүп, айрым учурда күчкө салып таратты. Ошентсе да, алайлыктар мүдөөсүнөн кайтпай, 17-мартта акциясын дагы улантышаарын жарыялашты.

- Бийлик бизди коркутуп таштадык деп ойлобосун. Мындар ары араң жаткан элди түп көтөрүп, жакшылап даярданып туруп аттанабыз. Кийинкисинде кудум Ош-Эркеч-Там автожолу аркылуу жүрүштү улантабыз. Кокус ОМОНдор каршылык көрсөтсө, мушташабыз. Эгерде ок атса же чабышса, кадимкидей кармашабыз! Бизде башка арга калган жок, - деди Алайдагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Айтпай Жээналиев.

XS
SM
MD
LG