Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

И.Исаковдун 85теги апасы Анипа эне да ачкачылык жарыялады


Маалымат жыйынында. Оңдо - депутат Р. Отунбаева, ортодо - Э.Турганбаева. Бишкек ш. 2010-жылдын 25-январы.
Маалымат жыйынында. Оңдо - депутат Р. Отунбаева, ортодо - Э.Турганбаева. Бишкек ш. 2010-жылдын 25-январы.

Мурдагы коргоо министри, оппозициялык саясатчы Исмаил Исаковдун камалышына нааразы жактоочулары бүгүн Бишкектеги жана Алайдагы саясий акциялар тууралуу маалымат беришти. Бул жыйын “Бакиев репрессияны токтот, саясий туткундарга боштондук” деген ураан алдында өттү.

Маалымат жыйынында алгач депутат, оппозициячыл Социал-демократиялык партиянын парламенттеги тобунун жетекчиси, мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева чыгып сүйлөп, Алай районуна барып келгени тууралуу жыйындын катышуучуларын кабардар кылды:

- Карапайым эл деле Исмаил Исаковдун соттолушун түшүнүп жатышат. Калыстык жок, каралоо иш болуп атканын эл сопсонун түшүнөт экен. Эл билип, колдоп атат. Керек болсо жолду бууйбуз дешип ачууланышууда. Биз мыйзамсыз жолдорго барбагыла, кереги жок дедик. Анан ачкачылык акциясын тыйып атсак да болбой, кармап жатышат...

Депутат айым ошондой эле Алай районунун тургундары жол тосууга чейин барышканын, андай кадамдарга барууга аргасыз болушкан жарандардын ар биринин үстүнөн кылмыш иш козголгонун айтты. Бул маселе депутаттар арасында кайчы пикирлерди жаратып жатканына токтоло кетти.
Бакиев бул өлкөнү оңдойм деп бийликке келген да. Акаевдин бийликтен кетишинен сабак алса болот эле...

Бишкекте ачкачылык жарыялап отургандардын бири өзүн тааныштырып, революциялык жол менен бийликке келген Бакиев, мурдагы президент Акаевдин бийликтен кеткенинен сабак алса болот эле деген пикирин айтты:

- Мен Боромбаева Сайрабүбү, Кеминден болом, жетимиштемин. Исмаил Исаковдун камалышын, угуп үйдө отура албай, аябай нааразы болуп келдим. Акаев кеткенден кийин Бакиев бул өлкөнү оңдойм деп бийликке келген да. Акаевдин бийликтен кетишинен сабак алса болот эле. Элдин укугун коргойм деген болчу.

Нааразылыкка чыккандар Исмаил Исаков боюнча сот өкүмү акыйкат жагына өзгөрбөсө, мындан башка да ар кандай саясий нааразылыктарды уюштура тургандыктарын да билдирди.

Бул маалымат жыйынында Алай районундагы Исаковдун азаттыгын талап кылып нааразылык акциясын өткөрүп жатышкандардын бир өкүлү Элмира Турганбаева сөз алып, ушу тапта Исмаил Исаковдун жердештеринин кыймыл-аракеттерин, алардын күч органдарынын зомбулуктарына кабылышкандарын тастыктады. Бирок күч органдары канчалык нааразылыкка чыккандарды күч менен токтотууга аракет жасашпасын, Исаковдун камактагы абалы оң жагына чечилмейин, токтотулбайт деди:
Канчалык коркутуу болгон сайын, элдин жүрөгү жалтанып, тыйылып калган жок. Күндөн-күнгө нааразылыкка чыккандардын катары көбөйүүдө...


- Бизди кар күрөгөндөй эле күрөп салды. Керек болсо кол көтөрүштү. Ага жооп кайтарганыбызда канчалаган адамдардын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч жаралмак. Ушундайча ызы-чуу болдук. Канчалык коркутуу болгон сайын, элдин жүрөгү жалтанып, тыйылып калган жок.

Күндөн-күнгө нааразылыкка чыккандардын катары көбөйүүдө. Алай районунда Исмаил Исаковду коргоо боюнча алты комитет түзүлдү. Ал эмес Исмаил Исаковдун 85 жаш курактагы апасы (Анипа Маматисаева) уулунун азаттыгын талап кылып, ачкачылыкка отургандардын катарына кошулду.


Ош облусунун губернатору Мамасадык Бакиров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Алайдын Сопу-Коргон айылында уруксатсыз нааразылык чара уюштургандарга жана Ош-Эркеч-Там жолун тоскондорго мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн билдирди.

- Бардыгы мыйзам алкагында болот. «Алайлыктарды Ош облусунун райондору колдоп атат. Башка жерлерде да чыгып жатыптыр» деген жалган маалымат. Абайлап карасаңар, массалык маалымат каражаттарында жалаң бир жактуу кабарлар жайылтылууда.

Кайсыл аймакта кимди колдошпосун, ар бир кадамы укук нормасынын чегинде болушу абзел. Дагы бир ирет кайталаймын, соттун ишине кийлигишүүгө бир дагы инсандын, мамлекеттик кызматкердин же органдын акысы жок.

Биринчи инстанциянын өкүмүнө канааттанбагандар кийинки тепкичтеги сотторго даттанып, маселеге чекит койдуртса болот.

Ал эми жол тоскондор, курулай кыйкыргандар, коомдук тартипти бузгандар, иши кылып чектен чыккандар тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан сөзсүз жазаланууга тийиш.

Бирок ага карабай оппозициячыл лидер, генерал Исмаил Исаковдун тарапкерлери өз талаптары аткарылмайын нааразылык чаралары токтотулбасын билдиришүүдө.

БЭК маалымат жыйынын өткөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

XS
SM
MD
LG