Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Д.Нарынбаев: Референдум сөзсүз өтөт


Кыргызстанда 27-июнга референдум белгиленген. Ал өтпөй калышы мүмкүн деген божомолдор көп айтылууда. Буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна Конституциялык кеңешменин катчысы Данияр Нарынбаев жооп берди.

- Референдумга он гана күн калды, Убактылуу өкмөт түштүктөгү окуяларга карата референдумду жылдырган жок. Бирок түштүктөгү акыркы окуяга байланыштуу ал жакта даярдык иштери токтоп калды. Бул референдумдун өтүшүнө таасирин тийгизбейби?

- Биринчиден, биз айрым гана жерлерде түшүндүрмө иштерин токтоттук, бирок аны дагы улантмакчыбыз. Кырдаал өз нугуна келе баштаганына карап, ошого тез реакция кылып биз уланта бермекчибиз. Алдыда дагы он күн бар, ушул он күндүн ичинде биз ар бир облуста, ар бир районго чейин атайын топтор кыдырып чыгып, тургундар менен жолугуп түшүндүрмө иштерин уланта беришет.

- Буга чейин тизме маселеси орчундуу деп айтылды эле. Эми он күндүн ичинде аларды тактоо мүмкүнбү, убакыт жетеби?

- Азыр бул иш жүргүзүлүп атат. Бүгүнкү күнгө карата көп облустарда айыл өкмөттөрү тизмелерди тактоо иштерин кызуу нук менен жүргүзүп атышат.

- Референдумга аз гана убакыт калды. Акыркы окуяларга байланыштуу референдум болбой калышы мүмкүнбү? Эгерде болбой калса кандай чаралар көрүлөт?

- Жок, референдум сөзсүз түрдө өтөт. 15-июнда БУУнун, ЕККУнун атайын өкүлдөрү да айтып атышат, референдум айтылган мөөнөтүндө өткөрүлүш керек. Себеби бул азыркы референдумубуз бул келечекте тынчтык болобу, биздин мамлекетибиз болобу, демократиябыз болобу, же болбойбу деген маселе болуп атат. Ошон үчүн биз бул референдумду сөзсүз түрдө өткөрүүгө милдеттенебиз.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG