Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Данияр Нарынбаев: Президенти бар мамлекет болдук


27-июнда өткөн референдум, андан кийинки кадамдар тууралуу Конституциялык кеңешменин катчысы Данияр Нарынбаев “Азаттыкка” маек курду.

- 27-июнда референдум өттү, азыр жыйынтыктары чыгып жатат. Эми мындан аркы кадамдар кандай болот?

Данияр Нарынбаев: Биринчиден, БШК тараптан расмий түрдө жыйынтык жарыяланыш керек. Ошондо гана президент аракет кылганга толук кандуу укукка ээ болот. Референдумда кабыл алынган мыйзам боюнча, президент 2007-жылкы кабыл алынган конституция боюнча президенттин ыйгарым укуктарын аткарат, андан сырткары өзү премьер-министр болуп турат. Жаңы шайланган парламент келген күндөн тартып, ал жаңы Конституцияда көрсөтүлгөн президенттин ыйгарым укуктарына ээ болот. Премьер-министр шайланган күндөн тартып премьер-министрлик кызматын ошол кишиге өткөрүп берет да, жөнөкөй президент болуп кала бермекчи.

- Азыр эми парламенттик шайлоо качан болот?

Данияр Нарынбаев: Парламенттик шайлоону БШК референдумдун жыйынтыгын жарыялагандан кийин президент өзү карап, азыркы мыйзамдарга, Конституцияга ылайыкташтырып Буйрук чыгарат.

- Референдум өттү, эми референдумдан кийинки стабилдүүлүк маселеси туурасында айта кетсеңиз. Стабилдүүлүктү сактап турууга өкмөттүн күчү жетеби?

Данияр Нарынбаев: Мен буга толук ишенем. Мына биз президенттүү болдук, өлкө башчысы бар мамлекетпиз, толук кандуу иштегенге мүмкүнчүлүгү бар. Конституцияда көрсөтүлгөн укуктардын баарын пайдаланып, тийиштүү чараларды көргөнгө жол ачылды десек болот.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG