Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Э. Каптагаевдин жердештери жол тосууга камынууда


Э. Каптагаевдин Чок-Тал айылындагы жердештери
Э. Каптагаевдин Чок-Тал айылындагы жердештери

“Улуу биримдик” партиясынын лидери Э.Каптагаевдин сабалганына нааразы болгон жердештери саясый куугунтук токтотулбаса, Бишкек-Чолпон-Ата кан жолун тосуп, шайлоого баруудан баш тарткан жатышат.

“Улуу Биримдик” саясый партиясынын лидери, БЭКтин улуттук кеңешинин мүчөсү Э.Каптагаевдин 20-июнда Бишкектен уурдалып, сабалып, кийин коркутулуп атканын уккан айылдаштары тынчсызданганын билдирүүдө. 100дөй адам 18-июлда Чок-Тал айылынын маданият үйүнүн жанына чогулуп, Каптагаевдин кайрылуусун элге маалымдашты.

Анда Бишкек шаарынан 596147 номердеги телефон менен коркуткан адамды күч органдары эмгиче тапппай жатканы белгиленип, муну бийликтин буюртмасы деп эсептешти. Шайлоо тынч өтпөй, бийлик күчкө салса, эл жолду тосуп, шайлоо алдында каршылык акциясына чыгарын эскертишти.

Аты жөнүн айткысы келбеген Чок-Тал орто мектебинин мугалими да Каптагаев жөнүндө өз пикирин айтты.

- Бул киши бийликте иштеп жүрүп эл эмнеден өксүп турат, алар кантип алданып атат баарына көзү жетип тургандыктан баарын ачык айтып келетат. Алардын бетин ачып атса, анан оппозиция катары бийликке жакпайт да.

Каптагаевге болгон саясый куугунтукту токтотуу талабы менен эл 19-июль күнү да чогулуп, Саламат Каптагаев баштаган асакалдар тобу район акимине келди.

Ысык-Көл районунун башчысы Т.Мансуров, райондук прокурор, коопсуздук кызматы ички иштер бөлүмүнүн жетекчилерин чогултуп, элдин кайрылуусун окуп берди,

Чок-Тал айылынан келген өкүлдөрдү айыл өкмөт башчысы Көлбай өзү коштоп жүрөт. Анын себебин сурасак, көбү Каптагаевди урматтайт, дээрлиги туугандары экенин айтып, шайлоодон баш тартса, бир айыл барбай калаарынан чочулап турганын ачыктаган.

Бийлик тараптын өкүлдөрү
Элдин талаптары аткарыларына толук убада берүүдөн кылчактап турган райондук жетекчилер Каптагаевди коркуткан телефондун номерин, милиция кийимчен кошо сабаган дооматтар боюнча окуя болгон Бишкек шаарында комиссия иштеп атканын түшүндүрүштү.

Райондун акими Т.Мансуров элдин колу коюлган кайрылууну шайлоого чейин тийешелүү жерлерге жеткирерин убада кылганда гана нааразы эл тарап кетти. Бул иш боюнча бардык бийлик бутактары “Азаттыкка” түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG