Буга чейин гезит дүкөндөрүнүн ээлери алардын менчиги болгон күркөлөрүн уюшкан топ тарабынан күч менен тартып алуу жүрүп жатат деп коомчулукка билдирүү менен чыгышкан.
Ошол эле учурда “Кыргыз басма сөз” акционердик коомунан гезит дүкөндөрү аларга таандык экенин тастыктаган документтери бар экенин айтышууда.
Күркө талаш чатагы азыркы “Кыргыз басма сөз” АК менен эчак менчикке өтүп кеткен гезит күркө ээлери өздөрү түзүп алган “Басма жаңылыктары” коомдук бирикмесинин ортосунда бир жылдан бери жүрүп келет.
Талаштын тамырын ким табат?
Буга чейин гезит сатуу менен тиричилик жүргүзүп келген ишкерлер эми жалгыз кирешесинен кол жууп калуу коркунучунда турушат. Баарынан кейиштүүсү бул окуя адам укуктарын одоно бузуу, коркутуулар менен коштолуп жаткандыгында, дейт “Басма жаңылыктары” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Кубанычбек Тезекбаев:
- Бирөөнүн менчигин тартып алуу, башкача айтканда рейдерлик жүрүп жатат. Бул балдардын арасында криминал чөйрөдө жүргөндөр да бар. Анан буларга өкмөт тарабынан да колдоо болуп жаткандай. Себеби мамлекеттик колдоо жок болсо, бул балдар эчак эле сот алдында жооп бере турган балдар болчу. Кыскасы “токмогу күч болсо, кийиз казык жерге кирет” деген кеп болуп жатат. Булар азыр Жаныш Бакиевди бетине кармап алып эле “Ошолордуку! Жооп берип каласыңар!” деп бул иштерди жасап жатышат.
Аталган коомдук уюмдун мурдагы жетекчиси Жоробек Осмонов “Кыргыз басма сөз” АК директору Аскар Нышановдун арызы менен зөөкүрлүк кылды деп айыпталып, бир ай мурда камакка алынган. Ал 7-декабрда “Азаттыкка” каматуу, коркутууларга моюн сунбагандар үчүн эскертүү экенин ачыктап өттү:
- Коркунучтуу түштөй эле болуп жатат. Бизде мамлекет, өкмөт, акыйкаттык калбаган өңдүү. Жок жерден эле күнөө коюлуп, камакта отурам.
Ал тарап... Бул тарап...
Ошол эле учурда “Кыргыз басма сөз” АК жетекчиси Аскар Нышанов, тескерисинче, мыйзамсыз иштер дал “Басма жаңылыктары” коомдук бирикмеси тарабынан жүргүзүлүп жатат деген пикирде. “Мурдагы басма сөзгө тиешелүү жүз элүүдөй күркөнүн учурда жетөө гана толук кандуу менчикке өткөн. Калгандары күркөчүлөрдүн мурдагы жетекчиси Жоробек Осмоновдун шылуунчулугуна ишенип кагаз иштерин туура эмес бүткөрүшкөн. Бул дегенибиз мыйзам боюнча күркөлөр жана күркөлөр турган жер аянтчасы Дале “Кыргыз басмасөз” АК тиешелүү жана салыктарды дале биз төлөйбүз” дейт Аскарбек Нышанов:
- Күркөнү буга чейин иштетип жүргөндөр “Басма сөздүн” атын колдонуп эле иштеп жүрүшкөн. Көрсө күркөчүлөрдүн юридикалык сабатсыздыгынан пайдаланып, Жоробек Осмонов деген акча жасап жүргөн экен. Аялдардан акча топтоп: “Мен силерге дүкөндөрдү менчикке өткөрүп бердим ” деген. Анан биз шаар мэриясы менен биргеликте бизге караштуу гезит күркөлөрүн тартипке салуу иштерин баштаган учурда түшүнбөстүктөр келип чыкты. Ошол Жоробек Осмонов деген бир топ аялдарды ээрчитип, менин иштеген жериме келип, коркутуп-үркүтүп, кол көтөрүүгө чейин барган. Менин жардамчым милиция кызматкерлерин чакырган соң, мен Осмоновдун зөөкүрлүгү үчүн арыз жазгам. Эми мыйзамсыз иштери боюнча сот алдында жооп берсин.
Гезит саткан күркөлөрдү талашкан эки тарап бир топ убакыттан бери соттошуп келүүдө. Буга чейин сот ишти “Кыргыз басма сөз” ишканасынын пайдасына чечип берген. Жеке менчик күркө ээлери сот чечимине нааразы болуп, жогорку сот инстанцияларына кайрылган жатышат. Ал эми “Басма жаңылыктары” коомдук бирикмесинин башкы директору Жоробек Осмоновдун үстүнөн сот жараяны Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда 9-декабрда улантылат.
"Азаттыктын" архивинен: Бишкекте гезит күркөлөрү талашка түштү. 6-июнь, 2009-жыл