Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Ысык-Көлдө “Азаттык үчүн” аттуу демилгелүү топ түзүлдү


Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандардын соту. Балыкчы, 16-сентябрь, 2009-жыл
Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандардын соту. Балыкчы, 16-сентябрь, 2009-жыл

Шайлоочулардын укугу үчүн түзүлгөн “Менин тандоомдун мезгили” аттуу атуулдук кеңеш Ысык-Көлдө “Азаттык үчүн” деген демилгелүү топ түздү. Топтун милдети - шайлоо убагында укугу бузулган жана кысымга алынган байкоочуларга моралдык жардам көрсөтүү.

Балыкчы шаарында бул иш-чара жергиликтүү демилгелүү топторду колдоо боюнча долбоордун алкагында өттү. Эми "Азаттык үчүн" демилгелүү топко мүчө болгондор атайын окутуудан өтүп, укугу чектелгендерге семинарларды баштайт.

“Таза шайлоо”, “Интербилим”, “Шоола-Көл” бейөкмөт уюмдар, “Атуулдар коррупцияга каршы” борбору, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы жана “Атуулдук коомду колдоо боюнча ассоциациялар” борборунун өкүлдөрү 17-декабрда Балыкчы шаарына келип, “Азаттык үчүн” деген демилгелүү топ түздү.

Анын максатын “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын координатору Медер Талканчиев түшүндүрдү:

- Биздин топтун мүчөлөрү Балыкчы боюнча соттолуп аткандардын сот ишине катышып, адилет өтүшүнө салымын кошот. Ал эми президенттик шайлоодо байкоочу болуп кысымга алынгандарды реабилитациядан өткөрөбүз. Алар физикалык эле эмес, психологиялык жактан да жабыркашты. Шайлоо бүткөндөн кийин алардын абалын, кыйынчылык менен иштегенин эч ким эске алып сураган жок да. Ошондуктан алар реабилитацияга муктаж. Биздин долбоор так ошол милдетти аркалаганга багытталган.

Укук коргоочулар шайлоо маалында эле керекпи?

Балыкчы шаар бийлигинин имаратында өткөн бул жыйынга бейөкмөт уюмдардын, шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү жана президенттик шайлоодо байкоочу болгон атуулдар катышты.
Шайлоо ушуну менен эле бүтпөйт да, алдыда канчалаган шайлоолор бар. Дегеле адамдардын укугу бузулганын эмне үчүн бир гана укук коргоочулар гана айтып чуркаш керек?


Анда үй-бүлөлүк башкаруу, коррупция, Тоң районунан Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайланган Жылдыз Рахмадиеванын пассивдүүлүгү, жергиликтүү кеңештердин бийликке көз карандылыгы сынга алынды.

Отун-кубатка тарифтердин жогорулашынын себептерин өкмөттөн бир да жетекчи толук түшүндүрбөгөнүнө коомчулук нааразы болгону айтылып, жаңы түзүлгөн “Азаттык үчүн” демилгелүү топ шайлоого чейин керек эле дегендер да болду эле, бул сөздөрдү “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын Балыкчы шаарындагы өкүлү Мамбетимин Өмүракунов четке какты.

- Демилгелүү топ өз учурунда эле түзүлдү. Шайлоо ушуну менен эле бүтпөйт да, алдыда канчалаган шайлоолор бар. Дегеле адамдардын укугу бузулганын эмне үчүн бир гана укук коргоочулар гана айтып чуркаш керек? Эң башкысы - элибиз укуктарын тебелетпеш үчүн ар бири өздөрү мыйзамды билиш керек. Мына биз ошону көздөп, “Азаттык үчүн” деген демилгелүү топко элди тартыш керек.

Демилгелүү топтун бир топ пландары бар

Жыйындын аягында демилгелүү топко 9 адам сунушталып, анын үчөө мүчөлүккө тандалды. Лидерлик сапаты, жарандык активдүүлүгү жогору, саясый кырдаал менен дайыма кабардар болуп турган Гүлнара Жасоолова, Махабат Беккулуева жана Мирлан Уржанов долбоордун каржылоосу менен эл аралык окутуудан өтүп келип, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзмөй болду. Ага атайын кеңсе жана унаа бөлүнүп берилди.

Демилгелүү топко Тоң районунан тандалган “Шоола-Көл” бейөкмөт уюмунун өкүлү Мирлан Уржанов Балыкчы окуясы боюнча камалып жаткандарды элге кылмышкер катары эмес, патриот катары түшүндүрүү жана аларды ар тараптан колдоону сунуштады.

Жыйынга катышкандар Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты К.Кадыровдун тагдырына да кызыгып, бул ишти демилгелүү топ да иликтеш керектигин айтышты.

"Азаттыктын" архивинен: Балыкчы окуясы боюнча сот

24-ноябрда Балыкчы шаар соту президенттик шайлоо күнкү окуя боюнча ишти кароону улантты. Бул окуя боюнча 23 киши айыпталууда. (SA)

Балыкчы окуясы боюнча сот
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:45 0:00

XS
SM
MD
LG