Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Жоголгон аскердик техниканын жообу табыла элек


11-ноябрда Бишкек гарнизондук аскер соту күбөлөр сурагын бүтүп, айыпталынып жаткандарды угууга өттү.

Аскер прокуратурасы мурунку коргоо министри Исмаил Исаковго өз ишине шалакы мамиле кылгандыгы, бюджеттик акчаларды ыксыз чыгымдагандыгы үчүн айып койгон.

Балыкчыдагы 2636-аскердик бөлүктүн курал-жарактар боюнча командир орунбасары Нурдин Каимов 2004-жылы ишке жаңы киришип жаткан кезде аскердик техникалардын көбүнүн запастык бөлүктөрү жок, ачык асман алдында жараксызга чыгып калганын маалымдады. Аскердик техниканы күжүрмөн даярдыкка келтириш үчүн жетиштүү каражат бөлүнбөгөндүктөн, алардын айрымдарын жараксызга чыгарып, керектүү запастык бөлүктөрүн пайдаланып, ошону менен кыйла техника катарга коюлуп калганын кабарлады. Н.Каимов министр Исмаил Исаковго бул иштер кабарланбай келгенин деле жашырган жок.

- Ошентип коргоо министрине туура эмес маалымат берип, жагдайды жашырып койгонбуз.

Ооганстандагы уруштан соң Балыкчыга жеткирилип, кыйла жылдар ачык асман алдында турган аскердик техникаларды катарга тургузуу үчүн кандай айла-амалдар жасалганына Н.Каимов кенен-кесир токтолду.

Бул күнкү соттук териштирүүдө майрамдык күндөргө арналган сый тамак, министрликке бөлүнгөн 5 квартиранын чоо-жайы да козголду. И.Исаков бюджеттик акчалардын кантип сарпталышын аскердик прокуратура бир жактуу иликтегенин ырастап, кандай да болсо айыпка жыгуунун аракети өз баасын алышы керек экендигине басым жасады.

- Анда протоколго түшүп калсын. Жолдош полковник, билбейм, эгер ушинтип текшерсеңер көп адамдардын каргышына каласыңар! Максатсыз ысырап кылуу деген бир беренеде турган акчаны экинчи беренеге берип койсо болот. Билип койгула муну!

Соттук териштирүүдө эмнеликтен И.Исаковго бюджеттик каражаттарды майрамдык иш-чараларга максатсыз сарптаган деп айып коюлуп, мамлекет эсебинен төгүл-чачыл дасторкон уюштурган башка жетекчилердин бир да бирөөнө андай айып коюлбагандыгы жоопсуз калды.

И.Исаковдун соттогу кызыкчылыгын коргогон адвокат Азимбек Бекназаров оппозиция өкүлүнө каршы козголгон кылмыш иши азыркы бийликтин саясий заказы экенин айтты.

- Кандай болбосун ошол кездеги коргоо министри генерал И.Исаковду чалыш керек, бир жерден тушаш керек. Ошого жанталашып аракеттенген эле нерселер. Эмне үчүн депутат аялдарга гүл берген, открытка берген 8-мартта? Эмне үчүн ардагерлердин балдарына сый тамак уюштурган?

Мамлекеттик айыптоочу Кыргызстандын аскердик прокурорунун орунбасары Тимур Карабаев соттук териштирүү мыйзам талаптарына ылайык жүрүп жатканын белгилөө менен чектелди.

- Бул менин жекече субъективдүү пикирим. Аны кайсы бир негиз катары пайдалануунун кереги жок. Ошондуктан мен пикир айткандан тартынып турам.

И.Исаковго байланышкан соттук териштирүүлөрдүн башталганына 7 айдан ашты. Бул аралыкта айыпталынып жаткан Коргоо министринин мурдагы орунбасары генерал Борис Югай менен Балыкчыдагы 2636-аскер бөлүктүн мурдагы командири Рахат Эгинбаевге каршы кылмыш иштери кыскартылган. Аскер соттун кийинки отуруму 13-ноябрга жылдырылды.

XS
SM
MD
LG