Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Исмаил Исаковдун соту соңуна чыгууда


6-ноябрда Бишкек гарнизондук сотунда И. Исаковго байланыштуу соттук териштирүү уланып, анда күбөлөр суралып бүттү. Сот 11-ноябрда айыпталуучуларды суроо менен уланат.

Оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаков менен бирге Балыкчы аскердик бөлүгүнүн командиринин орун басары Нурдин Каимов жана Коргоо министрлигинин жогорку кызматкери Таалай Сатыбалдиев да соттолууда.

Буга чейинки соттук териштирүүдө күбөлөр жана жабырлануучулар негизинен Нурдин Каимов иш-аракетине каршы көрсөтмө берип келишти. Ал өткөн жылы декабрь айында аскердик техникаларды сатуу аракетине байланыштуу камакка алынган экен.

6-ноябрдагы соттук жараянда жабырлануучу Алишер Шаршенов көрсөтмө берип, алар Балыкчыдагы аскердик бөлүктөн темир сыныктарын сатып алуу максатында Нурдин Каимовго акча берип, бирок ушул кезге чейин алалбай жүргөнүн билдирди.

Андан сырткары Белек Бейшеналиев да жабырлануучу катары көрсөтмө берип, өткөн жылы июнь айынын соңунда Нурдин Каимовго 70 миң сом берип, темир сыныктарын алууну көздөгөнүн билдирди:

- Бул иш боюнча айтаарым, биз Нурдин Каимовдон темир сыныктарын сатып алмак болгонбуз. Аны менен 2008-жылы июнь айында таанышканмын. Ал бизге эски аскердик техникаларды көрсөткөн. 300-350 тоннадай темир алыш үчүн 250 миң сом бермек болуп келишкенбиз. 70 миң сомун бергенмин. Бирок ал темир сыныктарын бере алган жок.

Белгилүү болгондой, Исмаил Исаковго Балыкчыдагы аскердик техникалардын жоголушу боюнча да айып коюлган. Бирок Исмаил Исаков өткөн жылы май айында Коргоо министри кызматынан бошотулуп, Коопсуздук кеңештин катчысы кызматына дайындалып кеткен.

Күбө катары көрсөтмө берген Балыкчы аскердик бөлүгүнүн курал-жарактарды сактоо боюнча башчысы Нурбек Абдыкеримов карама-каршы көрсөтмөлөрдү берди. Ал тергөөчүгө берген көрсөтмөсүндө “жасалма” документтерге кол койгонун мойнуна алган. Бирок эскирген техникаларды керектен чыккандыгы тууралуу актыга Абдыкеримов мыйзам чегинде кол койгонун Нурдин Каимовдун адвокаттары актыларды көрсөтүү менен далилдеп чыкты.

Ошондуктан Исмаил Исаковдун адвокаты Азимбек Бекназаров күбөдөн чындыкты
айтууну талап кылды:

- Коркпой айтпайсыңбы, сот тагдырыңды чечет. Кайсысы туура? Актыга мыйзамдуу кол койдуңбу, ошол туурабы?

Н. Абдыкеримов: - Актыга кол койгонмун. Ооба.

- Анан эмне тергөөчүгө берген көрсөтмөм туура деп жатасың. Мүмкүн коркуткандыр камайбыз деп.

Мына ошондон кийин Абдыкеримов тергөөчүлөр тарабынан суралганда адвокатсыз суралганын, коркконун айтты. Актыларга болсо ар кайсы убакта, акыркысын өткөн жылы ноябрь айында кол койгонун ачыктады.

Башка күбөлөр Владимир Бобров, Бакыт Жапаров Исмаил Исаковдун уулунан алынган эки бөлмөлүү квартира төрт балалуу прапорщик Сыдыковго туура берилгенин белгилешти.

Аскердик майрамдарда уюштурулган фуршеттерге байланыштуу Исмаил Исаковго коюлган айып боюнча Коргоо министрлигинин камсыздоо боюнча башкармалыгынын мурунку башчысы, полковник Ратбек Аширов көрсөтмө берип, аскердик майрамдар калыптанып калган салт катары белгиленип келгенин жана азыркы мезгилде да майрамдалып жатканын айтып, фуршеттерди уюштурууга канча акча бөлүүнү алар чечээрин билдирди:

- Чындыгында фуршеттерге мамлекетин жетекчилери дайыма катышчу. Аларга даярдала турган тамактардын сметасын биз түзчүбүз. Ошого карап финансист, юристер менен макулдашып, акырында министрге берилет, - деген Ратбек Аширов Исмаил Исакводун тушунда майрамдарга мыйзам чегинде каражат бөлүнгөнүн белгиледи.

Мына ушул күбөлөр суралгандан кийин судья Серик Абиев келбей калган айрым күбөлөрдүн көрсөтмөсүн окуп берип, ошону менен күбөлөрдү суроо аяктаганын, эми 11-ноябрда айыпталуучуларды суроо башталарын билдирди.

Айыпталуучулардан алгач Нурдин Каимов, андан кийин Таалай Сатыбалдиев, эң соңунда Исмаил Исаков сурала турган болду.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG