Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Т. Үмөталиева: “Кыргызстанды душман басып алдыбы?”


5-августта “Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасовдун жактоочуларынын митинги тартип коргоо кызматкерли тарабынан таратылган. Айрым укук коргоочулар бул маалда адам укуктары кескин бузулганын ырастууда. “Азаттыктын” суроолоруна укук коргоочу Токтайым Үмөталиева жооп берди.

- Сиз кечээ У.Барктабасовдун тарапкерлерин таркатууда адам укуктары кескин түрдө басмырланды жана ок тийген фактылар да бар деп айтып атасыз.

Токтайым Үмөталиева: Тилекке каршы мен Бишкекте эмес болчум. Бирок сыналгыдан көрүп-билгенимди иликтеп берейин. Кечээ адам укугу аябай тепселенди. Мисалы, жөн гана өткөрүп койсо деле болот эле. Биринчиден, кечээ колдонулган атайын ыкма менин чачымды тике тургузду. Кыргызстанды эмне душман басып алдыбы, же башка өлкөдөн куралдуу күчтөр кирип келдиби? Эмне үчүн элге каршы куралдуу күчтөрдү колдонот?

Өзгөчө сурар нерсем, булар кайдан келген дөбөттөр, алардын функциясы кандай, алар куралдуу күчтөр үчүн колдонгон, же милициянын системасында колдонгон дөбөттөрбү? 7-апрелде ушул дөбөттөрдү бизге кое бергенде мурундун башында кийилген каптамалар менен кое берген. Кечээ болсо элди талатып салганга кандай укугу бар?

Экинчиден, курал жарак боюнча айтып кетейин, кудайга шүгүр автоматтын, пистолеттин, резина октор менен аткан октордун добушун биз жакшы билип калдык. Кечээ элди боевой октор менен атыптыр. Кечээ 3-4 бала телефон чалышты, ал окторду терип алыптыр, барып көрүп келгиле деди.

- Бирок ошол эле маалда кечээ кармалган унаадан да курал чыкканы айтылып атпайбы. Бул боюнча кандай дейсиз, мамлекеттин коопсуздуна шек келтирген жагдай түзүлгөн жокпу?

Токтайым Үмөталиева: Мен өз көзүм менен көргөн нерсеге ишенем. Эгерде курал жаракты кармаган жеринен, балдарды кармап атканда булардын колунан алып атабыз деп көрсөтсө бир жөн эле. Анан жерге жайып койгон курал жаракты кайдан алып келди – аны кудай билет.

Экинчиден, мамлекеттик төңкөрүшкө алып келди деп коюлуп аткан күнөө боюнча, мамлекетибизде Конституциялык талаа барбы, же жокпу? Эгерде мамлекеттүүлүктү сактап атабыз десе, анда декретти жокко чыгарыш керек. Убактылуу өкмөт “жок, бул мамлекеттүү өлкө” дейт. Бул – бандиттердин өлкөсү. Роза айым далилдеп берсин, мамлекеттик Конституция болсо эмне үчүн ал киши декреттерди чыгарып атат?

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG