Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:00

Орус вице-премьери Кыргызстанга эмнеге келди?


Орусиянын вице-премьер-министри Игорь Сечин баштаган делегация кечээ Бишкекке келип кетти. Алар президент Курманбек Бакиев менен жолугушканы айтылууда. Бирок президенттин басма сөз кызматы бул иш сапардын максаты жана өлкө башчысы менен андай жолугушуу болгон-болбогону туурасында эч кандай маалымат тараткан жок.

Айрым маалымат каражаттары Орусиянын вице-премьер-министри Игорь Сечин баштаган 20 чакты делегациянын курамында Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюков дагы бар экендигин жазып чыгышты. Ал эми президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.

“Дело №” басылмасынын маалыматына караганда, Орусиялык делегация кыргыз тарап менен кыргыз-орус соода-экономикалык жана аскердик кызматташтык, ошону менен бирге эле “Манас” аэропортундагы жаңы түзүлгөн Транзиттик борбор, Камбар-Ата ГЭСинин курулушу үчүн Орусия бөлө турган кредит тууралуу сөз кылышмак.

Бирок бүгүн президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Турдумаматов бул иш сапар жабык түрүндө болгонун жана жолугушууларда эмне маселелер козголгондугу тууралуу эч кандай маалыматы жоктугун билдирди.

- Мен ал туурасында эч нерсе билбейм. Баары жабык эшик аркасында өтсө керек. Мен катышкан жокмун, ошон үчүн маалыматым жок.

Депутат Бакыт Бешимовдун пикиринде, бул иш сапар кокустан эмес, өтө тыкан ойлонулуп жасалып жаткан иш. Алар Кыргызстандын тышкы саясатына байланыштуу маселелерди козгоп келүүсү мүмкүн.

- Россиянын массалык маалымат каражаттарындагы акыркы маалыматтарга карасак, анда Россиянын Кыргызстандын базага байланыштуу чечимине айран таңкалып, абдан кыжыры келип жатканы тууралуу басымдуу түрдө айтылган. Алар Кыргызстандын тышкы саясатта жасаган кадамдарын түшүнбөй калышты. Эки айдын ичинде Кыргызстандын эки ири мамлекеттин жетекчилери менен ар кандай мамиле түзгөндүгү таңкалыштуу болуп жатат. Делегация ушул маселени талкуулады болуш керек.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Игорь Сечин баштаган делегация Кыргызстанда түзүлгөнү жаткан Транзиттик борбордун чоо жайын тактаганы келиши ыктымал. Аларды “Чын эле Транзиттик борбор түзүлөбү, же аты гана өзгөргөн база калабы?” деген маселе кызыктырат. Алар ошону тактап алып, Камбар-Ата ГЭСине берилчү кредиттин мындан аркы тагдырын аныкташы мүмкүн:

- Мына жылдын аягында Камбар-Атанын биринчи агрегаты бүтөт, калган агрегаттарына дагы акча керек. Камбар-Ата-1 ге да каражат зарыл болот. Алар ошол маселелерди чечүүгө келиши мүмкүн. Анан биздин койгон шарттар кандай аткарылып жатат деп көз салып жатышат да.

Айрым бир такталбаган маалыматтарга караганда, Орусиянын премьер-министри Игорь Сечин баштаган делегация кечээ Ак үйдө сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кайра Москвага кеткендиги айтылууда. Муну өкмөттүн басма сөз кызматы ырастаганы менен, президенттин басма сөз кызматы тастыктай алган жок.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG