Орусиялык серепчилер кыргыз оппозициясы 29-июлда жер-жерлерде нааразылык акцияларын өткөрөт деген кабарга улам кулак түрүп атышат.
Бириккен элдик кыймылдын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин “шайлоо адилет өткөн жок, шайлоону кайра өткөрүү керек” деген талабын да орусиялык маалымат каражаттары улам белгилешүүдө.
Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун өкүлү Консилио Ди Нинио буларды айтты:
- Биз шайлоонун жүрүшүндө оң баага татый турган учурлар болгонун мойнубузга алабыз. Тактап айтканда, президенттикке талапкерлер бири-биринен кыйла айырмаланышып, шайлоочулар добуш берүүгө жандуу аралаша алышты. Бирок 23-июлда өткөн шайлоо ЕККУнун негизги талаптарына жооп бере албаганы кейитет.
МГУ алдындагы анализдөө борборунун жетекчиси Алексей Власов “Азаттыкка” курган маегинде саясатчылардын кармашы жакында токтойт деп билдирди:
- Албетте оппозиция жүзүн сактап калуу үчүн митингдерди өткөрүү аракетинен кайра тартпайт. Андай митингдер учурунда добуш берүүнүн жыйынтыгын кайра саноо жана шайлоону кайра өткөрүү керек деп элди үгүттөшөт. Бакиевдин колунда үч аспап бар: Биринчиден, Бакиев мурда «жоогазын ыңкылабы» учурунда боло албаган элитанын жоон тобу менен тил табыша алды. Экинчиден, тышкы күчтөр - Орусия, АКШ, Евробиримдик – Кыргызстанда тынч кырдаал өкүм сүрүшүн каалагандыктан кыйыр болсо да колдоого аларын пайдаланды. Үчүнчүдөн, түндүк-түштүк маселеси 2005-жылдан бери бир топ өзгөрдү. Мурда оппозиция миңдеген тарапкерлерин чогулта алмак. Митинг жана нааразылык акциялар акыры бийликтин урашына түрткү болмок.
“Түндүк-түштүк” маселеси Кыргызстанда азыр деле бар болгонун, бирок учурда мурдагыдай курч болбогонун тарых илимдеринин доктору, саясатчы Артем Улунян айтат:
- Мурда эки талапкер – Кулов жана Бакиев – түндүк жана түштүктүн өкүлдөрү катары жарышка түшүшкөн. Азыр жагдай такыр башка.