Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:12

Дүкөн эмес эле алтын!


Телерекламадан түшпөгөн А.Бабосюк журналисттер алдында жүзүн жаап алды
Телерекламадан түшпөгөн А.Бабосюк журналисттер алдында жүзүн жаап алды

Орусиянын коопсуздук кызматы «Алтын» холдинг жетекчилерин камакка алып, кымбатбаа буюмдар чек арадан кандайча өткөнүн териштирүүдө.

Бишкектеги эң ири «Алтын» дүкөнүндө Орусиядагы териштирүүлөрдүн шек-шыбаасы билинбей, соода-сатыгы токтоло элек. Телерекламадан түшпөгөн «дүкөн эмес эле алтындын» айланасындагы талаштуу иштердин чоо-жайы кандай?

Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы кыргызстандыктарга күн сайын телерекламадан “дүкөн эмес эле алтынды” эскертип турчу “Алтын” холдингдин вице-президенти Антонина Бабосюкту, Санкт Петербургдагы “Алтын” дүкөндөрүн башкарган жолдошу Владимир Феньковду, Москвадагы ири “Алтын” дүкөндүн башкы директору Валентина Щадринаны, “Тянь-Шань” жоопкерчилиги чектүү коомдун жетекчиси Владимир Суховеевди камакка алды.

Москванын Лефортово соту алардын баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндөгү адвокаттардын өтүнүчүн четке кагып, бошоткон жок. “Алтын” холдингдин жетекчилерине уюшуп ири өлчөмдөгү зергер буюмдарды чек арадан мыйзамсыз алып өткөндүгү үчүн айып коюлууда. Орусиянын маалымдоо каражаттары “Алтын” холдингге тиешелүү зергер дүкөндөр, заводдору жабылып, текшерүүлөр жүргүзүлүп жатканын кабарлашууда.

Ал эми Бишкектеги эң ири “Алтын” дүкөнүндө мурдагыдай эле соода-сатык жүрүүдө. Дүкөндөгүлөр холдинг жетекчилигинин камакка алынышы боюнча эч кандай комментарий бере албастыгын билдиришсе, жергиликтүү телекөрсөтүүлөрдө алтынга чулганган Антонина Бабосюктун рекламасы кайталанууда.

Кыргызстандагы 400 жакын киши иштеген эң ири алтын заводу да мына ушул холдингге тиешелүү. Андан тышкары биртоп дүкөндөрү, зергерчилик цехтери иштейт. Кыргызстанда жасалып, жашырын жол менен Орусиядагы холдингдин дүкөндөрүндө сатылган зергер буюмдары атаандаштарына салыштырмалуу арзандыгы, анан да быйыл жыл башында орус-казак чек арасында “Алтын” холдингинин экспедиторунун баштыгынан жашырылган 60 кило алтын буюмдарынын табылышы кылмыш ишин козгоого негиз берген. “Кыргызалтын” акционердик коомунун зергерчилик цехинин башчысы Калыйбек Сулаймановдун ырасташынча, холдингдин тамыры кенен жайылган болчу.

- Биздин буюмду алышпайт. Булардын өздөрүнүн заводу бар. Алар өздөрү алтын сатып алып, өздөрү жасап, өздөрү сатышат.

Кыргызстан зергерлер ассоциациясынын жетекчиси Чыңгыз Макашевдин айтуусунда, жылына 18 тоннанын тегерегинде алтын, 5 тонна күмүш өндүрүлөт. Ошол алтындын 3% жергиликтүү зергер усталардын колуна тийип, Орусияга салыштырмалуу кыйла арзан баадагы буюмдар жасалат. Анын себеп-жөнү зергерчилердин иш акысынын айырмасына байланыштуу.

Бир буюм жасаган уста акысы Орусияда 7 – 8 долларга бааланса, Кыргызстанда ал 3 – 4 доллардан ашпайт. Анан да Орусияда зергер буюмдарга салык арбын салынат. Ошол себептүү Орусияда зергер буюмдарын чек арадан жашырын алып өтүүгө кызыккандар көп болот.

- Анын атаандаштары контрабанда кылды деп божомолдоп, атаандашты жок кылуу амалында иш жасап жатышат, деген оюм бар. Анткени ал жердеги миңге жакын компаниянын баарын текшербей эле жалгыз ушул “Алтын” холдингин текшерип, “Алтын” холдингдин үстүнөн иш козголуп жатат,- дейт Чыңгыз Макашев.

Ушу тапта чоң чууга түшүп жаткан “Алтын” холдинги Кыргызстандын мурдагы президенти А.Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирөөнө тийиштүү экени айтылып келатат. 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин Кыргызстандын Башкы прокурору болуп иштеген Азимбек Бекназаровдун ырасташынча, бул иштин чоо-жайы текшериле баштаган.

- А.Акаевдин үй-мүлкүнө тиешелүү деп текшерилбеген. Бул өзүнчө текшерилген. Бирок үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешеси бар. Сөзсүз жакында муну билесиңер. Укуктук жагынан кимге жазылган? Бул башка маселе. Иш жүзүндө кожоюну ким? Мен билгенден мынабу Канттагы кичинекей алтын дүкөнчөсүн жапканда деле чоң ызы-чуу болгон. Түбү келип ал деле ошол Акүйгө такалган. Ошондуктан бул маселелер абдан текшере турган нерсе болчу.

Туңгуч президенттин үй-бүлө мүчөсүнүн Москвадагы алтын буюм дүкөндөрү тууралуу миш-миш кыйладан бери эле айтылып келаткан. “Алтын” холдингден чубалган сыр түйүнүнүн бир өңүтү ошентип Кыргызстанга келип такалышы деле мүмкүн. А бирок азырынча Орусиянын Башкы прокуратурасы ал тууралуу кыргызстандык кесиптештерине кайрыла электигин Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын эларалык кызматташтык бөлүмүнөн билдиришти.

XS
SM
MD
LG