Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Э.Байсалов: Кыргызстандын негизги өнөктөшү - Орусия


Өлкөдөгү соңку саясий кырдаал, 27-июнга белгиленген референдум тууралуу «Айкөл эл» партиясынын лидери Эдил Байсалов “Азаттыкка” маек курду.

- 22-июнда Убактылуу өкмөт мамлекеттик күйүүчү майлар бекети ишканасын түзүү жөнүндө токтом кабыл алды. Муну менен “Манастагы” транзиттик борборду күйүүчү май менен камсыз кылууда коррупцияга бөгөт коюлабы?

Эдил Байсалов: Коюлушу керек. Бирок бул саясатта биз дагы бир кадамга барышыбыз керек. Менин оюмча, биз Орусияны расмий түрдө ушул транзиттик борбордук үчүнчү катышуучусу, өнөктөшү катары чакырып, ошонун ролун тактап, камсыз кылышыбыз керек. Анткени Акаевдин, Бакиевдин учурунда жана азыркы деле учурда бул Орусия күйүүчү май менен камсыз кылчу. Орто жерде Американын шылуундары Акаев, Бакиевдин уулдары менен чоң коррупцияга малынган. Эми ушул коррупцияны толугу менен жокко чыгарабыз, кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгын көздөйбүз десек, Орусиядан расмий мамлекеттик ишканаларды алып келип, түздөн түз ошолор менен Пентагон болуп үч ара контракттарды түзүшүбүз керек.

- Ушул маселелер эртең орус президенти Дмитрий Медведев менен АКШнын президенти Барак Обаманын жолугушуусунда козголушу мүмкүнбү? Ошондой эле Кыргызстандагы акыркы окуяларда эки державанын мамлекет башчыларынын жолугушуусунда козголушу мүмкүнбү?

Эдил Байсалов: Албетте мүмкүн. Анткени биздин улуттук кызыкчылыкта Кыргызстандын негизги өнөктөшү - Орусия. Биз дайыма айтып келатабыз, Орусиясыз эч жакка жылбайбыз, мамлекеттик биздин аскер жагынан да Орусиядан жакын бизге өлкө жок. Ошондуктан өзүбүздүн жергебизде чоң супердержаваларды кагылыштырууга жол бербешибиз керек. Бизди ары тартып, бери тартып, биз да Бакиевдей, же Акаевдей оюндарды жүргүзбөшүбүз керек. Биз Орусия менен АКШнын ушул жерде кызматташуусун үндөшүбүз керек.

Бүт маселелер боюнча, өзгөчө транзиттик борборго биз Орусияны алып келип, аларды катыштыра албасак биз өнүгө албайбыз. Мен эскертип коеюн, апрелдин башынан бери Бакиевдин режимине каршы Орусия күйүүчү май заттарга пошлина киргизген. Ошондон улам бизде май айында эле бензин баасы 25-30 пайызга кымбаттады. Ошону да биз жокко чыгаралы десек, Орусияны «Манас» транзиттик борборуна алып келишибиз керек.

- Буга чейин референдумдун мөөнөтүн ары жылдыруу керектигин айттыңыз эле. 27-июнда референдум өткөрүлгөн атат, ал оюңуздан кайттыңызбы?

Эдил Байсалов: Ошто, Жалал-Абадда, элибизде улуттук трагедия болуп атса, биздин тарыхыбызда мындай күндөр болгон эмес, ушунча адам кайтыш болуп, кагылышуулар болуп аткандан кийин, мен да Убактылуу өкмөткө кайрылгам, жок дегенде бир жумага ары жылдыра туралы деп.

Мына азыр деле Ош, Жалал-Абадда биздин боордошторубуз кан жутуп турганда, менин оюмча, референдум жөнүндө сөздөрдү туура кабыл алган жок, Конституцияны түшүнбөй турат. Биз да билбей турабыз, бири 200 адам, бири 2 миң адам кайтыш болду дейт. Албетте көрүп атабыз, Роза Исааковна Жалал-Абад, Ошту кыдырып, эл менен диалог түзүүгө аракет көрүп атат. Бирок ошондой болсо да биз жети өлчөп бир кесишибиз керек. Жалал-Абад, Ош элинин колдоосусуз, адардын катышуусусуз эч кандай Конституция, эч кандай референдум легитимдүү болуп саналбайт.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG