- Алгач президенттик шайлоонун шарттары тууралуу кыскача айта кетсеңиз. Талапкерлерди каттоо кандайча жүргүзүлөт, шайлоочулардын колун топтоо сыяктуу маселелерге токтолсоңуз.
-Жакшы болот. Мына, Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо күнү дайындалгандан баштап БШК шайлоо кодекстин талаптарына ылайык өзүнүн уюштуруу иштерин баштады. Ушул шайлоону демократиялык түрдө өткөрүү боюнча бардык шайлоочуларга, талапкерлерге, бийлик органдарына, укук коргоо органдары жана саясий партиялар, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө атайын кайрылуу жарыяланды.
Шайлоо процессин өткөрүү боюнча БШКнын календардык планы бекитилип, ушунун негизинде иш жүрүп жатат. Календардык план шайлоо процессин өткөрүүдө анын катышуучулары үчүн ориентир болот. Жалпы шайлоо өнөктүгүнө тийиштүү болгон нормативдик укуктук документтерди, маалыматтык-усулдук материалдарды даярдоо иштери дагы жүрүп жатат. Өзүңүздөргө маалым болгондой, өткөн жылдын акырында Шайлоо кодексине бир топ өзгөртүүлөр киргизилген. Ошондуктан ошол өзгөртүүлөрдү эсепке алуу менен Шайлоо кодексин кайрадан тийиштүү санда басып чыгарып, таратуу боюнча иш чаралар белгиленди.
-Айрым пикирлер боюнча 23-июлга чейин аз убакыт бар, бул аралыкта президенттик шайлоо өткөрүүгө БШКнын кудурети жетеби? Каржы, жер-жерлердеги шайлоо комиссиялары, үгүт иштеринин машакаты деген бар?
- Шайлоону өткөргөнгө БШК негизинен даяр. Шайлоону негизинен борбордук шайлоо комиссиясы, облустук шайлоо комиссиялары, райондук жана участкалык шайлоо комиссиялары жүргүзөт. Мына ушул он күндүн ичинде бизде облустук шайлоо комиссиялары дайым туруктуу иштейт. Он күндүн ичинде райондук шайлоо комиссиялары түзүлөт календардык план боюнча.
Андан сырткары шайлоону өткөрүү боюнча сметаны карап чыктык. Буга 172 миллион сомдун тегерегинде каражат жумшалат. Бул Каржы министрлиги менен макулдашылып бекитилген. Мен ойлойм, каржылоо жагынан маселе болбойт.
-Райондук шайлоо комиссияларын түзүүдө баягыдай эле партиялык система кармалабы?
-Албетте, кодекстин талаптарына ылайык райондук шайлоо комиссиялары бештен кем болбогон санда түзүлөт. Саясий партиялардан өкүлдөр сунушталат. Шайлоо кодексинин негизинде биз атайын жобону дагы кабыл алдык, ага ылайык беш киши чогулуп өздөрүнүн талапкерин шайлоо комиссиянын курамына сунуштаса болот.
-Айрым учурларда ушундай шайлоо комиссиянын мүчөлүгүнө оппозициялык партиялардын өкүлдөрүн киргизбөө аракеттери байкалып жүрөт.
-Анда эч кандай чектөө жок. Партиялар райондук, шаардык комиссияларга бирден гана өкүлдөрүн сунуштай алат. Бирок ошолордун ичинен тийиштүү комиссияны түзүп жатканда чүчүкулак аркылуу белгиленет.