Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:12

Авас Саипов: Жогорку Сотко чындык издеп келгем...


Жогорку Соттун судьялары: Максутова К.Е., Алымбеков Т.А., Жакыпбаев Ш.Ж.
Жогорку Соттун судьялары: Максутова К.Е., Алымбеков Т.А., Жакыпбаев Ш.Ж.

Бүгүн Жогорку Сотто 2007-жылы 24-октябрда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн журналист Алишер Саиповдун атасы Авас Саиповдун көзөмөл арызы каралды.

Авас Саипов Жогорку Соттон Ош областтык сотунун чечимин жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү жана бул кылмышка шектүү делген бир катар адамдарды тергөө иштерине тартууну суранган. Жогорку Соттун отуруму ишти жеринде – Ош шаардык сотуна кайрадан териштирүү тууралуу токтом чыгарды. Жабырлануучу тарап мындай чечим менен макул эмес жана мунун артында саясий себеп бар деген ишенимде.

Курамына үч судья кирген соттук коллегиянын төргагасы Алымбеков Турсун Алымбекович соттун токтому менен тааныштырды:

“Расуловдун иши боюнча жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Сайиповдун көзөмөл арызы канааттандырылбасын. Ош областтык сотунун 22-сентябрь 2009-жылдагы аныктамасы күчүндө калтырылсын. Токтом акыркы. Даттанууга жатпайт.”

Көз карандысыз журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу сот иши эми кайрадан Ош шаардык сотуна жиберилди. Ал эми жабырлануучу тарап, тактап айтканда Авас Саипов ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү жана бул кылмышка шектүү делген бир катар адамдарды тергөө иштерине тартууну суранган.

Саипов үч күн мурда “Азаттыкка” берген маегинде бул тууралуу мындай деген:

“Жогорку Cоттон Ош шаардык сотунун 29-июлдагы токтомун өз күчүндө калтырышын суранам жана ошого ишенем. Кайрадан тергөө болсун деген чечим чыгарып берет деген ойдомун.”

Ал эми мамлекеттик айыптоочу, Башкы прокуратуранын ага прокурору Куватов Жорокул кайрадан жеринде – Ош шаардык сотунда териштирүү жүргүзүү мыйзамга ылайык экендигин, анткени биринчи жолу иш каралганда бир катар кемчиликтерге орун берилгенин түшүндүрдү. Мамлекеттик айыптоочу жабырлануучу тараптын айткан сөздөрүнө 100 % кошулаарын билдирип, бирок кайра тергөө дегенге кошула албаарын айтты.

“Жергиликтүү сот ишке тиешеси бар бардык адамдардын баарын мыйзамдын талабы менен чакырып, болбосо мажбурлоо жолу менен алып келип, алардын ой-пикирлерин угуп туруп анан кайра тергөөгө жибериши керек болчу. Кайра тергөө үчүн эки-үч гана нерсе болуш керек. Сотто жүйөөлүү мүмкүнчүлүк болбой калган учурда. Такыр эле тиешелүү адамдарды сотко алып келүүгө мүмкүнчүлүк болбой калганда гана ишти кайра тергөөгө жиберүүгө тийиш болчу. Көрсөтүлгөн жагдайлардын баары сотто такталышы керек болчу. Сот кайрадан тергөөгө берсе, Икбол Мирсаидов жана башкалар такталышы мүмкүн. Үчүнчүдөн, жабырлануучунун өкүлү Расуловдо күнөө жок деп айтып жатат. Мен, мисалы буга ишене албайм. Иштин ичиндеги материалдарга караганда анын күнөөсү кадимкидей эле бар. Бирок “ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” дейт. Ар бир киши кылмыш кылгандан кийин эч убакта мойнуна албайт.”
Мамлекеттик айыптоочу Куватов Ж.М. жана жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Саипов А.


Ал эми журналист Саиповду өлтүргөн деп айыпталып жаткан Расулов Абдуфариддин мамлекеттик жактоочусу Турсуналиева Бексия соттук коллегиянын чечимине макул экендигин билдирди:

“Иш кайра сотко жиберилсин. Ошол жерде кайрадан тергөө тарабынан чогултулган далилдер толук дагы бир жолу текшерилсин. Анан жыйынтык чыксын”

Белгисиз бирөөлөрдүн огунан 26 жашында көз жумган журналисттин атасы Авас Саипов Жогорку Соттун токтомуна макул эмес. Анын айтымында, Ош шаардык соту ишти кайра караганда дагы деле болсо калпыстыктар кетпейт деп эч ким кепил боло албайт. Ал эми бул кылмышка тиешеси бар деп шектелген адамдар мындан ары дагы өз кызмат орундарында бейпил турмушун уланта берет.

Алишер Саиповдун өлүмүн иликтөө эки жылга чукул созулуп, акыры журналисти өлтүрдү деген кылмышкер 2009-жылы апрель айында кармалып, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган. Июль айында иш Ош шаардык сотунуна берилген, бул тууралуу 6-августта Тышкы иштер министри Конгантиев президент Бакиеге маалымдаган.
Соттук отурумга катышкан журналисттер

Ошондон бери Ош шаардык сотунда беш жолу соттук отурум болуп, акыркы жолу иш кайра тергөөгө берилсин деген чечим чыгарган. Мындай чечимге жоопкер тарап макул эместигин билдирип, Расуловдун коргоочусу Зина Алымбекова Ош областтык сотуна жай даттануу менен кайрылган. Областтык сот 22-сентябрда ишти кайрадан маңызы менен кароо үчүн Ош шаардык сотуна жиберилсин деген аныктама берген. Андан соң Авас Саипов Ош шаардык сотуна ишенбестигин билдирип, ишти кайрадан тергөөгө жиберүү өтүнүчү менен Жогорку Сотко көзөмөл арыз жолдогон.

А.Саипов: Баламды өлтүргөн адам табыла элек
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG