Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

Роза Отунбаева Жалал-Абадда болду


Өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева Жалал-Абадда облус губернаторунун милдети аткаруучу Бектур Асанов менен учурашууда, 21-июнь.
Өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева Жалал-Абадда облус губернаторунун милдети аткаруучу Бектур Асанов менен учурашууда, 21-июнь.

21-июнда өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева Жалал-Абадда болуп, өткөн аптадагы калабаларда ок тийген жарадарларын абалы менен таанышып, жергиликтүү бийликтин жана элдин өкүлдөрү менен жолугушту.

Өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева жыйында Ош, Жалал-Абадды өнүктүрүү үчүн өкмөт атайын декрет даярдаганын, ага ылайык аталган аймактар эки жыл бою салыктын айрым түрлөрүнөн бошотулаарын билдирди. Анын айтымында, коңшу өлкөлөр Кыргызстандагы кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасап, кайрымдуулук жардамын жетиштүү түрдө жөнөтүүдө. “Жамааттык коопсуздук уюмуна мүчө өлкөлөр 6- 9 тик учак жардам берээрин, АКШ түрдүү долбоорлору аркылуу 32 миллион долларлык көмөк көрсөтөөрүн билдирди” - деген Роза Отунбаева өлкө мыйзам талаасына баруусу үчүн референдум өткөндөн кийин парламенттик шайлоого жол ачылаарын айтты:

- Ошону жакшы түшүнүп казак президенти Нурсултан Назарбаев, өзбек президенти Ислам Каримов бизге колунан келген жардам берип атат.

Чыгып сүйлөгөндөр Жалал-Абаддагы май-июнь айларындагы кандуу окуялардын себептери менен кесепеттерине токтолушту. Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков өлкө эгемендик алгандан бери бийлик чөйрөсүндө чоң жаңылыштыктарды кетиргенине токтолду. Анын болжолунда, элди алдоо, мыйзамсыз шайлоолор, коррупция – соңку окуяларга өбөлгө түздү. Май айында Жалал-Абадда коменданттык бийлиги бүткөн кезде ал облустагы тартип коргоо уюмдарына 14- 19-май окуяларына шыкак болгон адамдарды кармоону табыштаган, бирок бул тапшырма аткарылган эмес:

- Мурдагы бийлик качып кетти. Бүгүн дагы жок, бүгүн дагы элдин алдына чыга элек. Албетте ушундай кырдаалга алып келди. Азыркы күндө бийликте отургандарды сындоо, жамандоо оңой...

Коомдук палатанын облустагы өкүлү Сарымсак Бекботоев жыйындагылардын көңүлүн коопсуздук маселесине бурду. Анын болжолунда, 14- май окуясын уюштургандар кармалганда 19- май окуясы, андагылар жазаланганда июнь айындагы баш аламандыктар болмок эмес.

Убактылуу бийлик тарабынан Жалал-Абад облусу менен шаардык бийликтеги кадр маселесине көңүл бурулбай келүүдө. Шааркеңештин аппарат башчысы Бакыт Адылов “Жалал-Абаддагы окуяларга сырттан көз салып турдуңар” деп өкмөттө жаштар аз экендигин белгилөө менен кызматка татыктуу адамдарды коюуну сунуш кылды:

- Ушул күндөн баштап облустун жана шаардын жетекчилигин алмаштыруу массалык түрдө башталды. Шаардын бийлиги, саясатчылар ишеним телефондоруна бир дагы жолу кайрылдыбы? Бирөөнү да уккан жок, көңүл бурган жок, бирөөнүн да катына жооп берген жок.

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева элди өлкө душмандары тараткан ушак- айыңга ишенбөөгө чакырып, облус бийлигинин кырдаалды жөнгө салуудагы эмгегин жокко чыгарбады:

- Жалал-Абад облусу өзүнө жаккан, өзү сыйлаган жогорку адамды айтышса, биз сөзсүз ошого макул болобуз. Мен айтып коет элем, Бектурдун шагын сындырбайлы. Бүгүн ушундай заман болуп атат, иштеп атат. биз азыр өтөлү ушул замандан...

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Жалал-Абадга жасаган иш сапарынан кийин Ошко учуп барды. Ал Араван районунун тургундары жана активи менен жолугушуп, элди сабырдуулукка жана тынчтыкка үндөдү. Ошондой эле 27-июнда боло турган референдумга активдүү катышып берүүгө чакырды.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG