Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:12

Алмаз Акчекеев “Каармандык” медалы менен сыйланды


Алмаз Акчакеев үй-бүлөсү менен. Алмаз Акчакеевге "Азаттык" үналгысынын эмгек жамааты дагы он миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөттү
Алмаз Акчакеев үй-бүлөсү менен. Алмаз Акчакеевге "Азаттык" үналгысынын эмгек жамааты дагы он миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөттү

7-апрелдеги кагылыштан улам эки бутунан ажыраган милициянын старшинасы Алмаз Акчекеев Мекен алдындагы кызматы үчүн “Каармандык” медалы жана “Жигули” автомашинасы менен сыйланды.

7-апрелдеги кандуу кагылышта Ички иштер министрлигинин 766 кызматкери ар кандай жаракаттарды алып, бүгүнкү күндө алардын 700 сакайып, кызматтарын өтөөгө киришишти. Ал эми 20 чакты кызматкер ооруканаларда дарыланууда.

Кечээ Бишкектеги кайгуул күзөт полкунда оор жаракаттан улам майыптык алган жоокерлердин ичинен эки буту кесилген Алмаз Акчекеевди Мекен алдында өтөгөн кызматы үчүн атайын сыйлоо жыйыны болду.

Алмаз Акчекеев Кочкор жергесинен. Азиз аттуу алты жашар уулдун атасы. Алмаздын апасы Гүлайым апа уулунун балалыгын эскерди:

- Уулум жаш кезинен эле адамдарга кайрымдуу, элге, тууган-урукка алымдуу болчу. Эми эл-журтка ырахмат, жардам берип аткан.

Жыйында Алмаз Акчекеевге “Каармандык” медалын жана “Жигули” автомашинасын ИИМдин атынан ички иштер министринин милдетин аткаруучу, милициянын генерал майору Бактыбек Алымбеков тапшырды.

Ошондой эле ИИМдин илим изилдөө борборунун башчысы Шамшыбек Мамыровдун айтымында Американын ЮСАИД программасынын долбоору Алмаз Акчекеевдин мындан аркы дарылануусунун, эки-үч айдан кийин жасалма бут салынышынын каражатын көтөрмөкчү:

- ЮСАИДдин “1000 жылдыктын чектеринде” программасына биз атайын кайрылып, Алмаздын протезин көтөрүп берүү сунушун айтканбыз. Мына бүгүн Америкадан кат келиптир, Алмаз Акчекеевдин мындан аркы дарылануусун да, протезин да каржылашмак болушуптур. Алмаз 2-3 ай Таш-Төбөдөгү Калыбына келтирүү борборунда дарыланат.

7-апрелден берки күндөрдө Алмаз Акчекеевдин тагдырына кайдигер карабаган бир канча атуулдар, уюмдар моралдык жана материалдык жардам көрсөтүшүүдө. Аларга кайгуул күзөт полкунун командиринин орунбасары Таалайбек Бугубаев жалпы полктун кызматкерлеринин атынан, өзүнүн атынан ыраазылык билдирди:

- Ушул күндөрдө Алмаз Акчекеевге көп адамдар, уюмдар, мекемелер жардам берип жатышат. Алардын баарына ырахмат. Бай Сариев деген адам Алмаздын эки буту кесилгенден кийин үй-бүлөсү менен дароо келип, өзүнүн бир кездеги арабасын берип кеткен жана 2-3 айда мына мендей болуп басып каласың деп көңүлүн көтөргөн. Көрсө, ал да ушундай тагдырга туш болгон экен.

Алмаз Акчекеев “Азаттык” радиосу аркылуу кыргыз элине бейпилчилик, токчулук-молчулук каалады.

XS
SM
MD
LG