Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:07

Ж. Сатыбалдиев: кышта эч ким чатырда калбайт


Жантөрө Сатыбалдиев.
Жантөрө Сатыбалдиев.

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын төрагасы Ж. Сатыбалдиев үй-жайсыз калгандардын баары жакын арада үйлүү болоорун айтат.

“Азаттык”: Кечээ президент Роза Отунбаева болуп БУУнун Кыргызстандагы координатору Нил Волкер менен жолуккан экенсиздер. Анда түштүктү калыбына келтирүүгө жардам берүү тууралуу сөз болгону айтылды. Кандай конкреттүү жардам тууралуу сөз болду?

Ж. Сатыбалдиев: Биринчиден, быйылкы жумуштарды аягына чыгаруу жана келечекте кандай иштер жасалары тууралуу сөз болду. Жасалып жаткан иштерге эки жак тең ыраазчылыгын билдирди. Алдыбызга койгон кайра куруу, калыбына келтирүү иштери ыргактуу жүрүп жатканы айтылды. Аба ырайы жакшы болсо 20-25теринде бардык жапа чеккендердин күйүп кеткен үйлөрүн калыбына келтирүү иштери, 28-38 квадрат метр үйлөрдү куруу боюнча сөз болду. Эмдиги жылы улут аралык ынтымакты калыбына келтирүү үчүн кандай иштерди аткарыш керектиги талкууланды.

Биз гуманитардык жардамдардан реалдуу экономиканы калыбына келтирүү, айыл чарбаны оңдоо, орто чакан ишканаларды калыбына келтирүү боюнча 2010-жылдагы иш пландар жөнүндө сүйлөштүк.

“Азаттык”: Бүгүнкү күндө канча үй курулду, канча үй-бүлө турак-жай менен камсыз болду?

Ж. Сатыбалдиев: 991 үй толук бүттү. Азыр дагы бүтүү алдында 677 үй турат. Ушул үйлөр бүтсө жабыркагандардын баары үй менен камсыз болот деген оюбуз бар. Эми бул жерде курулушта жетишпей жаткан иштер бар, эшик-терезе жетпейт, айнеги жок дегендей. Мындай өткөөл эмес, нормалдуу убакта деле курулушта ушундай проблемалар болгон. Андан сырткары биз донорлор менен сүйлөшүү процесстерин жүргүзүп дагы жапа чеккен жүз үй-бүлөгө ушундай эки бөлмөлүү үй куруп берүүнү макулдаштык. Бул процесс бүгүн-эртең башталып калат.

“Азаттык”: Кыргызстанда кеч күз салыштырмалуу мелүүн болуп турат. Суук капыстан түшүп калса чатырларда жашап жаткандарды кайда жайгаштырасыздар? Бул жагын ойлонуштуруп жатасыздарбы?

Ж. Сатыбалдиев: Чатырларда жашагандардын бардыгы өздөрүнүн үйлөрүнө кирет. Эмки жумадан баштап от жагуу үчүн көмүр таратыла баштайт. Бул тууралуу гуманитардык уюмдар менен сүйлөшүү процесстери бүткөн. Ар бир жапа чеккен үйгө эки тоннадан көмүр таратылат, мештер орнотулуп жатат. Менин оюмча, чатырларда калган үй-бүлө болбошу керек. Эгер бирин-экин болуп калса биз аларды өз-өзүнчө карайбыз.

“Азаттык”: Шаарларды калыбына келтирүү үчүн эл аралык донорлор убада кылган каражат да соолгун келе баштаганы айтылууда. Эгер ушундай жүрүш менен кетсе Ош, Жалал-Абад шаарларын кайра калыбына келтирүү иштери 3-4 жылга созулуп кетпейби?

Ж. Сатыбалдиев: Солгун келип жатат дегендер менен мен макул эмесмин. Чукул жардамдар боюнча айтылгандардын баары келип жатат. Ал эми өнүктүрүү процесстерине даярдыкты биз бүтүрүп койгонбуз. Болочок өкмөттүн курулушун, парламенттин иштешин күтүп жаткан фактылар бар. Эсиңиздерде болсо керек, 27-июлда Бишкектеги саммитте так, ачык айтылган: Кыргызстанда демократия курулса, өкмөт түзүлсө, улут аралык ынтымак болсо ушул жардамдар берилет деп. Эл аралык жардам ошол графикте эле жүрүп жатат. Эсиңизде болсо керек, ошондо 30 айга деп айтылган. 1 миллиард 100 миллион доллар быйылкы жылдын алты айы жана 2011-2012-жылды камтыган жардамдар болчу.

“Азаттык”: Оштун мэри Мелис Мырзакматов буга чейин шаарды калыбына келтирүү иштери канааттандырбайт деп айтты эле. Мэр муну эмненин негизинде айтып жатат?

Ж. Сатыбалдиев: Мелис Мырзакматов эмнеге таянып айтып жатканын билбейм. Ош шаарында болгону 624 үй жапа чеккен. Эски маалыматтар боюнча, мен шаардын башчысы болуп жүргөндө шаарда 55 миң турак-жай, 15 миңден ашык чогуу пайдалана турган мамлекеттик ишканалар бар болчу. 624 үй шаардын кышка даярдыгына залакасын тийгизбесе керек. Балким башка жактары бардыр. Биз шаардын баарын камтыган жокпуз, бирок жапа чеккендерге тез арада жардам берип жатабыз.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG