Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:03

Азия оюндары: Кыргызстандын алгачкы алтын медалы


Азия оюндардында алтын медал уткан кыргыз балбаны Данияр Көбөнов
Азия оюндардында алтын медал уткан кыргыз балбаны Данияр Көбөнов

Кытайдын Гуанчжоу шаарында өтүп жаткан XVI Азия оюндарында бүгүн кыргыз балбаны Данияр Көбөнов алтын байгеге татыды.

Грек-рим күрөшү боюнча бүгүнкү таймашта Данияр Көбөнов 74 кг. чейинки салмакта жапон балбаны Тсурамаки Тсукаса менен беттешип, аны 5:0 эсебинде жеңип алды. Ал жарым финалда кореялык балбанды 5:0 эсебинде утуп алган эле. Ошентип Данияр Көбөнов бул оюндарда Кыргызстанга алгачкы алтын медалды алып берди.

Гуанчжоуда жүргөн Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенбек Бакиров кыргыз балбандары алдыда дагы сүйүнтөт деген үмүттө:

- Бүгүн тарыхта биринчи жолу кыргыз балбандары Азия оюндарда биринчи орунду алып отурат. Бул үчүн Данияр Көбөновго алкыш. Мен ойлойм, ушундай даярдык менен биздин балбандар келечекте чоң-чоң ийгиликке жетишет. Эртең грек-рим күрөшү боюнча Курат Рамонов деген жаш балбаныбыз 120 кг. салмакта күрөшкөнү жатат. Эркин күрөш боюнча да эки балбаныбыз күрөшөт. Эркин күрөштүн балбандары дагы жакшы ийгиликтерге жетип, бизди сүйүнтөт болуш керек...

Азия оюндардында эртең да грек-рим күрөшүнөн таймашуулар болот. Кыз-келиндер арасында дагы эркин күрөш таймашулары, жеңил атлетикалык жарыштар, ошондой эле фехтование, шахмат боюнча мелдештер болот

Азия оюндарына Кыргыз мамлекети 1992-жылы Херосимада өткөн 12-Азия оюндарынан бери катышып келатат. Ошол Азия оюндарынын бардыгында тең грек-рим күрөшүнүн балбандары күмүш, коло байгенин ээси болуп келишкен.

Эки күн мурда (20-ноябрда) велоспорт жарышында кыргызстандык спортчу Евгений Ваккер күмүш медалга жетип, кыргызстандык спортчулар үчүн байге эсеби ачылган. 21-ноябрда болсо грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону жана Азия чемпиону, 55 кг. салмактагы кыргыз балбаны Калыбек Жолчубеков де күмүш байгеге татыган. Ошентип азыр Кыргызстан бул оюндарда бир алтын, эки күмүш байгеге ээ болду.

Кытайдын Гуанчжоу шаарында спорттун кырктан ашык түрү боюнча өтүп жаткан XVI Азия оюндарына Кыргызстандан 25 спорттун түрү боюнча 145 спортчу катышып жатат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG