Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Т.Тургуналиев: Парламент Москвага жүгүнбөшү керек


Соттук териштирүүлөргө байланыштуу жаңы парламенттин алгачкы отуруму кийинкиге жылдырылды. Ушул маселенин тегерегинде президенттин саясий иштер боюнча кеңешчиси Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Бүгүнкүгө белгиленген жаңы парламенттин алгачкы отуруму соттук териштирүүлөргө байланыштуу кийинкиге жылдырылып калды. Ансыз да шайлоонун жыйынтыгы 20 күндөн ашык күттүрбөдүбү. Парламенттин иши ушинтип кечеңдей берсе кырдаал курчуп кетпейби?

Т.Тургуналиев: Кырдаал өтө курчуп кетет дегенден мен алысмын. Бирок ушул шайлоо менин пикиримде үч нерсени көрсөттү. Биринчиден, баш бийлик тараптан ушул шайлоо абдан жакшы жана таза өткөрүлдү. Жергиликтүү бийликтердин бир тобун айтканым жок. Экинчиден, биздин саясий партиялардын арасында өтө ыплас жол менен өлүп-талып эмне болсо депутаттыкка умтулган партиялар бар экенин көрсөттү. Ошол эле партиялардын арасында Кыргызстандын эгемендигин, көз карандысыздыгын депутаттык орундарга саткандай болуп Орусияга жалынып, улам-улам бөйпөңдөп чуркап атышты.

Үчүнчүсү, тилекке каршы, бул шайлоо дүйнөдө дале кансыз согуш бар экенин көрсөттү. Мына Орусиянын башчылары Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүнө ачыктан-ачык каршы чыгып, биздин ички иштерибизге кийлигишип атканы абдан даана болду. Тилекке каршы мындай көрүнүш жакшылыкка алып келбейт. Жанагы үч-төрт партиянын жетекчилери улам-улам Москвага чуркап жүргөнү эл арасында катуу нааразычылык жаратып, аларга наалат айтып атышат.

“Азаттык”: Азыр айрым талдоочулар кандай коалиция түзүлсө да узакка жашабайт, урап түшөт дегендей божомолдорду айтып атышат. Ушул жолку парламенттин тил табышып, иштеп кетишине ишенесизби?

Т.Тургуналиев: Мен дагы бир жолу айтып коёюн, тигил же бул партия абалды курчутам деп теңирден тескери аракет кыла турган болсо, анда ал партия дегеле саясий майдандан чыгышы ыктымал. Басымдуу көпчүлүк андайдан тажады.

Бирок шайлоодо жеңген партиянын бешөө тең ынтымакка келип, президенттик башкарууну алып келебиз деп Москвага бөйпөңдөп чуркаганын токтотуп, Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыгы, жалпы элдин мүдөөсү үчүн чоң фракцияга биригип, өкмөт түзүшсө болот эле. Эгерде андай болбосо, анда экинчи вариант, үч партия коалиция түзөт. Бирок бул жерде “тигил же бул лидер Д.Медведевге жакпай атыптыр, биз ошондуктан аны менен бирикмеге баралбайбыз” деген сыяктуу пикирлерди таптакыр жактырбайм жана туура эмес деп эсептейм. Себеп дегенде башка мамлекеттин жетекчилерине жакпай калса эле өз ичибизде ыдырап, биримдикке келбей, анан Кыргызстаныбыздын кызыкчылыгы бир капталда калып калабы...

“Азаттык”: Парламентке мурдагы президент К.Бакиевдин адамдары келатканын айткандар көбөйө баштагандай. “Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” кыймылдары аларды парламентке киргизбейбиз деп отурушат. “Люстрация” кыймылы маселен 15 миңдей кол топтогонун айтып чыгышты. Сиз дагы Люстрация маселесин көтөрүп чыктыңыз эле. Бул кыймылга тиешеңиз барбы?

Т.Тургуналиев: Албетте бар. Анткени мен май-июнь айында Люстрация мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнө сунуш кылгам. Тилекке каршы ошол он төртүнүн ичинде дагы бул маселе боюнча бир пикир болбогондуктан кабыл алынбай калды. Ошондуктан бул Жогорку Кеңешке бир катар шектүү адамдар келип калды. Эгерде ошондо эле бул мыйзам кабыл алынганда биримдик дагы күчтүү болмок, анан эң негизгиси мобундай чакчелекей болбой, мурдагы кылмыштуу бийликке тиешеси барлар Жогорку Кеңешке келмек эмес. Ошондуктан менин оюмча экинчи варианты ишке ашат го. Үч партия баарыбир биригет. Бирок жанагыдай ультиматум болбошу керек, “сен башка мамлекеттин лидерине жакпай жатасың” дегендей. Токтотуш керек андайды.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG