Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Кыргызстан-АКШ: Ортодо Транзит Борбору


АКШнын Борбордук Командачысы Дэвид Петреус Бишкекке келип кетти. Бул сапарга аралаш Аксакалдар Кеңеши АКШнын Транзиттик Борборун Кыргызстандан чыгарууну бийликтен талап кылды. Бул апта ичинде катталган Кыргызстандагы олуттуу саясий окуялардын бири болду.

АКШнын борбордук командачылыгынын командачысы Дэвид Петреус 9-11-март аралыгындагы кезектеги Бишкек сапарында президент Курманбек Бакиев менен жолугушуп, Бишкектеги АКШнын Транзиттик жүктөрдү ташуучу борборунда болду жана Транзиттик борбордун 700 миң долларлык гуманитардык колдоосунда түптөлө баштаган Аялдар борборун долбоорунун ачылышына катышты. 11-мартта өткөн Шопоков шаарындагы бул салтанатта Генерал Петреус америкалыктар менен кыргызстандыктарды жакын достор жана өнөктөштөр катары санап, президент Курманбек Бакиев менен жолугушууга жогорку баа берди:

- Учурда өзгөчө белгилей турган биздин кыргыз досторубуз бар. Алардын алдыңкы сабында президент Бакиев турат. Биз анын ушул иш-чараны чоң колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мен ушул жерде белгилеп коюшум керек: кечээ президент Бакиев менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Гфеллер айымдын, менин катышуумда абдан сонун жолугушуу болду.

Президенттин катчылыгы жолугушууда эки тараптуу кызматташтык жана Ооганстандагы кырдаал талкуулагандыгын билдирип, жолугушуунун мазмуну тууралуу кеңири маалымат берген жок.

Анткен менен коомдук-саясий чөйрө АКШнын таасирдүү генералынын Кыргызстанга кезектеги сапарын биринчи кезекте “Манас” аба майданындагы жүк ташуучу Транзиттик Борбордун жагдайына байлоодо. Мындай оюн “Азаттык” менен Коопсуздук боюнча мурдагы кызматкер Имамберди Жалилов бөлүштү:

- Петреустун Кыргызстанга келгендеги бирден бир милдеттеринин бири – АКШнын “Манастагы” транзиттик базасынын мөөнөтү июнда бүтөт. Ошого байланыштуу америкалыктар Ооганстандагы кырдаалдын оор жана жеңилдигине байланыштуу базанын мөөнөтүн узартышы мүмкүн.

Талдоочулардын баамында Транзиттик Борбордун мөөнөтүн узартуу же токтотуу азыр бир топ жагдайлардан көз каранды. Бул биринчи кезекте Иран - АКШ мамилесиндеги акыркы кырдаалдын таасири. Иран бийлиги 23-февралда “Дубай-Бишкек”сапарында кыргызстандык учактан террорчул “Жундалла” уюмунун лидери саналган Абдулмалик Ригини кармады жана анын Бишкектеги Транзиттик база менен кызматташтыгы тууралуу маалымат таратты.


Мына ушул окуянын айланасындагы ызы-чууну негиз кылган кыргызстандык Аксакалдар Кеңеши АКШ генералынын Бишкек сапарына аралаш Транзиттик Борборду өлкөдөн чыгарууну кыргыз бийлигинен талап кылды.

Аксакалдар Кеңеши АКШнын аба-аскерий күчтөрүнүн жайгашып турушу өлкөдө бейстабилдүү кырдаалды түзүп жатат деп, муну дал ошол акыркы Кыргызстандын “Дубай-Бишкек” учагында 23-февралда болгон окуяга байлады. Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Өмүрбек Үмөталиев “Азаттыкка” окуп берген билдирүүдө төмөнкүлөр белгиленген:

- Кыргызстандын Аксакалдар Кеңеши 2002-жылдан берки саясий туруксуздуктардын бардыгына америкалык базанын биздин өлкөнүн аймагына жайгашышы себепкер болду. Бул тышкы саясат сыяктуу эле ички саясатка да тиешелүү. Дал ушул АКШнын аскерий базасы Кыргызстандын президенти үчүн мыйзамсыздыкка тымызын жол ачкан көзүр карта болуп калды.

Ошондуктан Аксакалдар Кеңеши Ооганстанга жүктөрдү жарандык тартипте ташууну жана АКШнын Транзиттик Базасын өлкөдөн толугу менен чыгып кеткиче учууларды токтотууну талап кылды. 250дөн ашык аксакалдын атынан жасалган бул кайрылуу Кыргызстандын азыркы шартында бийлик үчүн өтө ыңгайлуу болуп турат. Мына ушундай пикирди тутунган талдоочулар америкалык генерал келген маалга тушталган билдирүү атайын уюштурулгандыгын бөркүндөй көрүп жатышат. Талдоочу Марс Сариевдин көз карашында:

- Ким уюштурганы, кайсы күч уюштурганы азырынча белгисиз. Бирок татаал кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын бийлиги америкалыктарга мына эл дагы каршы чыгып атат, эми эмне кылабыз деп айтат да. Тышкы иштер министрлиги деле база боюнча келишим пролонгация боло элек деп айтпадыбы. Кайра эле соодалашмай кырдаал түзүлүп атпайбы.

Кыргызстан үчүн АКШ өңдүү мамлекет менен кол үзүшүүнүн пайдасына караганда зыяны көп. Бул өңүттү эске алган талдоочу Табылды Акеров борборду өлкөдөн чыгаруу кызыкчылыгынын артында Орусия турушу ыктымал дейт:

- Орусия бүгүн Кыргыз бийлигине кескин мамиледе. Мурдагы мамилесин өзгөртүп атат. Себеби азыркы кландык система Орусияга ишеним арттырбай, Кыргызстанга келип жана иш аткарып аткан адамдарга ишеним артпай, алар тууралуу маалыматтарды алып, Орусиядан келип аткан акчалардын бардыгы ошолордун колуна өтүп кетип калышы мүмкүн деген кооптонууда азыр кыргыз бийлигин аралыкта кармап турууну көздөп жатышат.


Талдоочунун баамында Кыргыз бийлигинин каржы кеңешчиси катары саналган Евгений Гуревичтин айланасындагы чуу да Орусиянын кооптонуусун далилдеген бир факт болуп калды.

Кыргызстандын тышкы саясатта мындай жагдайга кирептер болушун оппозиция расмий бийликтин өңчөй жеке кызыкчылыкка багытталган баш аламан саясатына байлап жатат. Учурда чет өлкөдө жүргөн коомдук ишмер Эдил Байсалов Кыргызстандын туруксуз саясатынан чочулоодо:

- Мени коркутканы – былтыр бир заматта Кыргызстандын саясаты 180 градус бурулду да, АКШны айдап чыгабыз, акча бергиле деген талап койду.

Байсалов мындай саясат биринчи кезекте Кыргызстандын коопсуздугуна пайда берерине ишенбейт. Ошол эле мезгилде Аксакалдар Кеңеши коопсуздук жаатындагы кызматташтыктын кылдат жүргүзүлүшүн кааларын билдирди:

- Биз эл аралык саясатта көп маселелер боюнча карама-каршы көз карашты карманган эки чоң мамлекеттин аскерий базаларынын бир бүтүн аймакта турушу жол берилгис жагдай деп эсептейбиз, -дейт аксакалдар кеңешинин мүчөсү Өмүрбек Үмөталиев.

Коомчулуктун бул көз карашты колдогон бөлүгү Орусиянын Кант аба-аскерий базасынын Кыргызстанда жалгыз турушуна ынтызар. Мындай кызыкчылык Кыргызстандын ЖККУ, КМШ өндүү уюмдарга мүчө экендиги менен түшүндүрүлүүдө.

Ошол эле мезгилде АКШ “Манас” аба майданында жайгашкан Транзиттик Борборду чыгарып кетери тууралуу божомолдор сейрек. Бул биринчи кезекте АКШнын Борбор Азия аймагынан чыгуу кызыкчылыгы жоктугу менен түшүндүрүлүүдө. Мындан пайда көрүүнү каалаган Кыргыз бийлиги азыркы жагдайда жаңы шарттарды коюшу ыктымал деген пикирлер да айтылууда.

Бул аралыкта Транзиттик Борборго байланышкан жаңы келишим тууралуу расмий Кыргызстан үн ката элек. АКШ генералынын сапарына аралаш Борбордун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Рикардо Бодден “Азаттыктын” кабарчысынын суроолоруна берген жообунда:

- Учурда келишимди жаңылоо жүрүп жатат. Эки тарап тең - АКШ өкмөтү жана Кыргыз өкмөтү алдыга карай жылып, келишимдин шарттарын тактап, ага кол коюуга умтулууда, - деп жооп берди.

Америкалык Транзиттик Борборду Кыргызстанга жайгаштыруу жөнүндөгү келишим 2009-жылы 22-июнда түзүлгөн. 2002-жылы
Кыргызстанда жайгаштырылган Антитеррордук Коалициянын аба-аскерий Базасынын Борбор катары кайра түзүлүшүнө Кыргызстандын АКШ аба-аскер күчтөрүн чыгаруу чыгаруу талабы түрткү болгон.

Мындай талапты АКШга Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев былтыр февралдын башында Орусия сапарынын учурунда Москвада уюштурулган маалымат жыйынында койгон. Бул сапардын алкагында Кыргыз бийлиги Орусиядан инвестициялык жардам алуу боюнча бир катар келишимдерге кол коюп кайткан.

"Азаттыктын" архивнен: Шопоковдо аялдарды колдоочу борбор ачылат

Шопоков шаарындагы мурдагы оорукананы аялдарды ишкерликке үйрөтүүчү жана зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндерге убактылуу башпаанек берүүчү борборго айландыруу үчүн АКШ өкмөтү 700 миң доллар бөлөт. MiT

Шопоковдо аялдарды колдоочу борбор ачылат
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG