Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Административдик ресурс АКШга да жеттиби?


АКШда кыргыз жарандары шайлоого кандай катышканын бул өлкөдө баш калкалап жүргөн “Канжар” жаштар кыймылынын лидери Жалын Маматказиев айтып берди.

- Президенттик шайлоого АКШдагы кыргыздар кандай маани беришти, добуш берүүгө катышкандар көп эле болдубу, сиз кандай байкадыңыз?

- Биздин маалымат боюнча, АКШдагы добуш берүү абдан начар өттү. Эмнеге дегенде АКШ жана Канададагы кыргыздардын санын 129 деп эле каттап коюптур. Чынында бул жакта кыргыздардын саны миңден ашык. Ошондон улам бул жерде талаштар болуп атат. АКШда кыргыздар айтып атышат биздин добуштарды каттаган жок деп. Бул жерде болгону эле элчилик кызматында иштеген жана өкмөткө тиешелүү эле кишилер добуш бериптир. Калгандарды, башка штаттардагы кыргыздарды тизмеге тиркеген эмес. Ири чоң мегаполистерден биринчи Чикаго, андан кийин Лос-Анжелестеги кыргыздарга эч кандай шайлоо уюштурган эмес. Анткени бул чоң шаарларда кыргыздардын саны миндеп саналат. Ошондо эгерде АКШдагы кыргыздардын эң аз санын миң деп эсептегенде деле АКШдагы, Канададагы кыргыздардын 71 киши добуш берсе жети эле процент болуп калабыз.

- Демек АКШдагы, Канададагы миңден ашык кыргызстандык жарандардын добуш берүүсү уюштурулбай калдыбы, же кандай? Сиз өзүңүз барып добуш бердиңизби?

- Жок, мен добуш берген жокмун. АКШдагы мага окшогон миңдеген Кыргызстандын жарандары добуш берген жок. Себеби биздин элчилик добуш берүүнү жакшы уюштурган жок.

- Америкадагы кыргыздардын азыркы кыргыз бийлигине көз карашы кандай?

- АКШдагы кыргыздар бүгүн эле сүйлөштүк, чогулуш жасап ММКлар аркылуу билдирүү тараталы деп. Биз Америкадагы өкмөткө тиешеси жок Кыргызстандагы азыркы ыплас шайлоого каршыбыз. Аниткени биз көрүп атабыз, бул жакта деле ошондой эле болуп атат. Кыргызда айткандай “кайды барсаң Мамайдын көрү” дегендей эле болуп атат да. Америкада дагы кыргыздардын санын азайтып, 70 пайыз дешип, 70 киши өттү деп эле коюшту. Биз буга аябай нааразычылыгыбызды билдирип атабыз. Керек болсо нааразылык акцияларды АКШдан баштай турган оюбуз бар. Себеби биздин жарандык укуктарыбызды тебелеп-тепсеп, биздин үнүбүздү укпай, бийлик өздөрү билгендей эле кылып атат. Бийлик Кыргызстанда болсо дагы Америкадагы элчилик аркылуу административдик ресурс жетип атат.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG