Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:41

У.Ормонов: Парламент төрагасы "Ак жолдон" болуш керек


"Ак жол" партиясынын депутаты Улукбек Ормонов
"Ак жол" партиясынын депутаты Улукбек Ормонов

Айтибай Тагаев Баткен обулусунун губернатору болуп дайындалды. Учурда парламент төрагасынын орду бош турат. “Ак жол” фракциясы парламентте көпчүлүктү түзгөндүктөн, кийинки төрага аталган фракциядан чыгары күтүлүүдө. Төрагалыкка талапкерлиги көрсөтүлүшү мүмкүн делген фракция лидерлеринин бири Улукбек Ормонов "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Президент бүгүн (17-декабрда) Айтибай Тагаевди Баткен облусуна губернаторлукка дайындады. Өлкө башчысы эмнеден улам бул чечимге келди деп ойлойсуз?

Улукбек Ормонов: Өзүнүздөр билесиздер, жакында эле Баткен облусунун губернатору президенттин буйругу менен кызматтан алынган. Болгондо да кетирген катачылыгы үчүн кызматтан алынды. Райондун акими да алынды. Баткен облусу - Кыргызстан үчүн эң стратегиялуу мааниге ээ облустардын бири. Ал жерде эки мамлекет менен чек арабыз бар. Көйгөйлөрү көп алыскы облустардын бири. Президент татаал облуска башчы кылып жиберип жатат. Бул - ишеним. Президенттин буйругу абдан ойлонулган чечим.
Жогорку Кеңештин төрагасы сөзсүз түрдө үч фракциянын тең кызыкчылыгын эске алыш керек. Билимдүү, токтоо адам керек.


"Азаттык": Айтибай Тагаев бир жарым жылдай парламент төрагасы болуп кызмат өтөдү. Анын ишмердигине кандай баа берет элеңиз?

Улукбек Ормонов: Бүгүн Роза Исаковна “биз сизди канчалык сындасак да өзүңүздүн токтоолугуңуз менен жеңдиңиз" деп өзү мойнуна албадыбы. Айтибай Султанович төрагалык маалында үч фракцияга тең бирдей мамиле кылууга аракет кылды. Парламент төрагасы катары бир жарым жыл жакшы эмгектенип берди.

Айтибай Тагаев иштеп турган маалда Жогорку Кеңеш көптөгөн мыйзамдарды кабыл алып, ошонун негизинде Кыргызстан бизнести жүргүзүү боюнча дүйнөдө 41-орунга чыкты. Мындан тышкары өзүнүн токтоолугу менен көп нерселерди жеңди деп айтсам болот. Президенттин ушул Баткен облусуна губернатор кылып жибергенин бир себеби да ушул болсо керек деп ойлойм. Азыр Баткен облусуна ушундай токтоо, “жети өлчөп, бир кескен” адам керек.

"Азаттык": Эми спикерликке ким келет деген божомолуңуз бар? “Ак Жол” фракциясынан эле депуттардын бири болот деген ишеним күчтүү. Ким парламентке төрага болот деп ойлойсуз?

Улукбек Ормонов: Регламент боюнча Жогорку Кеңештеги үч фракциянын депутаттарынан бирөөнү сунуштаса болот. Ар бир фракция талапкер көрсөтө алат. “Ак жол” фракциясы көпчүлүктү түзгөндүктөн биздин фракциянын чечими менен сунуш кылынган талапкер өтүш керек.

"Азаттык": Мына азыр сиздин да талапкерлигиңиз спикерликке көрсөтүлөт деген имиштер бар...

Улукбек Ормонов: Муну биздин фракциянын жыйыны чечет. Азыр андай-мындай деп айтыш кыйын. Мен азыр фракциянын жетекчиси катары анын башындамын. Төрагалыкка фракциянын чечими менен бизден ким көрсөтүлсө, ошол кишини колдойбуз.
“Ак жол” фракциясы көпчүлүктү түзгөндүктөн биздин фракциянын чечими менен сунуш кылынган талапкер өтүш керек.


"Азаттык": Президент Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп жатат. Ал долбоорго ылайык спикердин ыйгарым укуктары кыйла кыскарат деп атышат. Мына, бүгүн Социал-демократтар фракциясынын лидери Роза Отунбаева бул мыйзам долбооруна ылайык парламент төрагасынын ишмердиги “бир тыйынга барабар болот” деди. Мындай шартта спикерди алмаштыруунун кандай кажети бар эле?

Улукбек Ормонов: Бул - Роза Исаковнанын пикири. Жогорку Кеңеш төрагасынын Конституцияда жазылган өз ыйгарым укуктары бар. Жаңы өзгөртүү боюнча бир гана пункт кирип атат. Конституцияда мындай берене бар: эгерде президент кокусунан өзүнүн ишмердигин алып бара албай калган учурда, анын ордуна спикер убактылуу иштеп турат. Ошол беренеге гана өзгөртүү кирип атат. Калган ыйгарым укуктарына эч кандай тиешеси жок бул өзгөртүүлөрдүн.

"Азаттык": Спикерликке кандай адамдын келиши туура болот деп ойлойсуз? Парламент азыр кандай төрагага муктаж?

Улукбек Ормонов: Жогорку Кеңештин төрагасы сөзсүз түрдө үч фракциянын тең кызыкчылыгын эске алыш керек. Себеби бизде көп партиялуу парламент. Билимдүү, токтоо адам керек.

XS
SM
MD
LG