Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Баткен: Сох анклавын Өзбекстан менен байланыштырган жол жабылды


Сохтун Хушяр айылынын тургундары чек арага топтолууда, 2010-жылдын 28-майы.(Суу бойлоп кеткен жолдун берки тарабы Кыргызстандын аймагы.)
Сохтун Хушяр айылынын тургундары чек арага топтолууда, 2010-жылдын 28-майы.(Суу бойлоп кеткен жолдун берки тарабы Кыргызстандын аймагы.)

Кыргыз тарап Баткендин ичиндеги Сох анклавы менен Өзбекстанды байланыштырган негизги жолду жапты. Ага бул аймакта кырдаал курчуп кетиши жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн натыйжа чыкпай жатышы себеп болду. Анын алдында Өзбекстан Сохко кошумча аскер күчтөрүн киргизгени кабарланган.

Бүгүн (31-майда) Сох анклавын Өзбекстан менен байланыштырган жолду тосуу үчүн Кадамжай районунун аймагындагы Кайтпас чек ара бекетине жакын жердеги Жаш-Тилек айылына кыргыз тараптан 500дөй адам чогулду. Өзбек айылдарынын курчоосунда калган Кыргызстандын Чарбак айылына барчу жол болсо дале ачыла элек.

Өлкөнүн башка аймактары менен байланышы үзүлүп калган бул айыл тургундары тамак-азыктары күн санап азайып баратканына кооптонуп жатышат.
Сох анклавына кире бериштеги кыргыз чек ара бекети

Кечээ Баткен жана Сох райондорунун акимдеринин жолугушуусунан кийин деле абал өзгөргөн жок. Облустук акимчиликтин маалымат катчысы Мамажан Бердишовдун айтымында, азыр аймактагы эки айылдын коопсуздугу үчүн куралдуу күчтөр менен кошо жергиликтүү тургундардан элдик кошундар түзүлдү:

- Бүгүнкү күндө ал жердеги жашаган атуулдардын коопсуздугун облустук ички иштер бөлүмүнөн жана Баткен райондук ички иштер бөлүмүнөн жана Баткен чек ара отрядынан атайын аскерлер барып көзөмөлгө алып турушат. Мындан сырткары айыл тургундарынан элдик кошундар түзүлүп, күнү-түнү көзөмөлгө алып турушат.

Бул арада Өзбекстан Баткендин ичиндеги Сох анклавына кошумча аскерлерди, десанттык бөлүгүн жана милиция күчтөрүн киргизгени кабарланды.
Кыргыз тарап сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпаганынан аргасыздан жолду жапты.

Баткен облустук акимчлигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн кызматкери Таштемир Эшалиев аймакта азырынча эч кандай одоно мыйзам бузуулар катталбаганын айтып, өзбек тарап Сох анклавына кошумча куралдуу күчтөрүн алып киргени тууралуу маалыматтар бар экенин, бирок так саны, кимдин уруксаты менен киргени боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын айтат:

- Сох району боюнча аймактарда одоно тартип бузган инцидент катталган жок. Бирок Кайтпас чек ара бекети - Өзбекстандын Риштан районунан чыгуучу жол биз тараптан жабылган. Жетекчилик 3-4 күндөн берки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы болбогондон улам ошол жолго барды. Өзбек Республикасынан кошумча күчтөр Сох районуна киргизилди деген маалыматты уктук. Бирок кайсы жерден, кантип өткөнү боюнча факт азыр дайын боло элек. Иликтөө иштерин жүргүзүп атабыз. Техникалар боюнча дагы бизде так маалымат жок. Алардын коюп аткан талабы, биринчиси жайлоого эркин чыгуу, экинчиси, биздин сууну каалаганча пайдалануу.

Чек арадагы кырдаалга абай салып, жергиликтүү калк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун Баткендеги кызматкери Назгүл Алдашова хушярлыктардын көйгөйлөрүн өзбек бийлиги учурунда чечпеши ушул жагдайга алып келүүдө деген ойдо:
Сохтогу өзбек чек ара бекети

- Өзбек бийлиги жайыт жана суу маселеси боюнча элдин талабын таптакыр аткарбай жатат. Ал жердеги элдин дагы Өзбекстандын расмий бийликтерине нааразычылыгы бар. Биринчиден, чындыгында куралдуу күчтөр, оор техникалар кирген болсо, бул эл аралык мыйзамдарды жана келишимдерди бузуу болуп эсептелет. Менин оюмча, бул жерде алар Хушяр элин күч менен кармоо аракетин көрүп жатса керек.

31-майда түштөн кийин ошентип эртең мененден тарта эл тарабынан тосулуп турган Сох-Риштан жолун кыргыз тарап расмий түрдө жапты.

Бул жол Сох анклавын Өзбекстандын негизги аймагы менен байланыштырат. Эми Сох анклавынын тургундары Өзбекстанга жүз чакырымдай айланып, Кыргызстандын бир канча чек ара тосмолорунан өтүп, Кадамжай шаарчасы аркылуу гана каттай алышат.

Чек ара кызматынын төрага орун басары Чолпонбек Турусбековдун “Азаттыкка” айтымында, дүйшөмбү күнү орун алган окуяларга байланыштуу Сох анклавын Өзбекстандын калган аймагы менен байланыштырган негизги жолдогу Кайтпас чек ара бекети убактысынча жабылды.

Коопсуздукка байланыштуу Кыргызстандын жарандарынын Сохту транзиттик жол катары пайдалануусуна тыюу салынды, бирок Өзбекстандын жарандары анклавка башка бекеттер аркылуу кирет алат, деди Турусбеков:

- Кырдаалга байланыштуу бүгүн Кайтпас бекети жабык. Бирок Өзбекстандын жарандары Сох анклавына киребиз десе Кадамжайдан өтүп, Чечме деген бекетибиз аркылуу кирип кетсе болот.

Мунун алдында дүйшөмбү күнү Сох анклавы менен Өзбекстанды байланыштырган Сох-Риштон жолун Баткендин 500дөй тургуну бууган эле. Чогулгандар өзбек тараптан коопсуздук кепилдиктерин талап кылышкан.

Алардын ырастоосунда, соңку күндөрү Сох анклавы аркылуу өзбек айылдарынын жанынан өтүүдө кыргызстандык жүргүнчүлөр кол салууларга кабылып жатат. Андай кол салуулардан акыркы беш күндө жергиликтүү тургундардын айтымында он автоунаа зыян тарткан.

Чек ара кызматынын төрага орун басары Чолпонбек Турусбеков “Азаттык” радиосунун кабарчысы Улан Алымкул уулу менен 31-майдагы маегинде Сохко Өзбекстандан кошумча аскерлер киргизилген деген айрым маалыматтарды четке какты.

Анын айтымында, анклавдын ичинде Өзбекстандын мурда эле жайгаштырылган чек ара күчтөрү, парашюттук–десанттык батальонунун аскерлери турат. Эки күн мурда гана ички тартипти сактоо үчүн милициянын куралсыз 40тай кызматкери Кыргызстандын Кайтпас көзөмөлдөп-өткөрүүчү бекети аркылуу киргизилген.

Шейшембиде (1-июнда) эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусу өтөт.

Кадамжайда же Ферганада өтөрү күтүлүп жаткан сүйлөшүүдө көзөмөлдөп-өткөрүүчү бекеттердин режими жана Сох анклавындагы абал талкууланат.

Өзбекстандын Сох анклавы Баткен облусунун аймагында турат.

Анклав Өзбекстанга караганы менен калкынын 98 пайызын тажиктер түзөт.

Баткен облусун өлкөнүн башка аймактары менен байланыштырган Ош-Баткен жолу бул аймакты кесип өткөндүктөн чыр чыккан 26-майдан бери кыргыз жарандарынын каттоосу кыйындады.

Азыр Баткен облусунун тургундары Сохко кирбей өтүүчү айланма жолдор аркылуу катташууда.


Баткен: чек арада кырдаал курч
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:23 0:00


Видео тасма. Баткен: чек арада кырдаал курч

Баткендеги Сох анклавынын тегерегиндеги кырдаалды жөнгө салуу үчүн 30-майда Баткен жана Өзбекстандын Сох районунун башчылары жолугушту. Бирок азырынча бул жолугушуу майнап берген жок. (JsA)

XS
SM
MD
LG