Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Б. Асанов: Чек айылынын маселеси мамлекеттик деңгээлде чечилиш керек


Бектур Асанов
Бектур Асанов

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Чек айылына байланышкан кырдаал боюнча Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асановду сөзгө тарттык.

- Чек айылынан көчүрүлүп жаткан кыргыз жарандарына байланышкан маселе кандай чечилүүдө?

- Чек айылынан 24 үй-бүлө көчүрүлүп атат, биз аларга чатырларды бердик. Мындан тышкары үй салганга жер бөлүнүп берилген. Азыр алардын көпчүлүгү үйлөрүн бузуп, бөлүнгөн жерге көчүп келишти.

- Көчүрүлгөн үй-бүлөлөр суу, электр кубаты жок экендигин айтып, убактылуу өкмөттөн жардам сурашкан экен. Бул маселе чечилгени атабы?

- Бул маселе боюнча биз азыр жергиликтүү бийлик менен иштеп жатабыз. Буюрса алардын үй салуусу үчүн ссудаларды чечүү боюнча дагы маселелер каралып жатат. Бул маселе мурда эле биздин карообузда болчу, бирок акыркы болуп кеткен окуяларга байланыштуу бир аз көңүл бурулбай калды. Ошондуктан эми карай баштадык.

- Чек айылы турган аймак кайсы өлкөнүн курамына кирчү эле?

- Чек айылы нейтралдык зона деп, эл аралык укуктук эрежелерге байланыштуу Өзбекстан деле өзүнүн жарандарын алып чыгууда. Кыргызстандын 24 үй-бүлөсүн биз бүгүнкү күндө көчүрүп келип жатабыз. Бул негизи биздин Ноокен районуна караштуу айыл.

- Демек Кыргызстандын аймагына кирет турбайбы?


-Сөзсүз Кыргызстандын аймагында.

- Өзбек тарап “эгер көчпөсөңөр көпүрөнү алып салабыз” дегендей шарттарды коюп атыптыр, бул канчалык мыйзамдуу?

- Бул боюнча бир топ маселелер, талаш жерлер бар. Чек ара тактоо иштери аягына чыга элек. Эми мен буга азырынча толук жооп бере албайм, азыркы күндө жергиликтүү бийлик берген маалыматтар боюнча иштеп жатам.

- Көчкөн үй-бүлөлөр менен азыр кимдер иштеп атат?

- Райондук бийлик чек ара кызматы менен бирге иштешип атат. Анан облустук бийлик сөзсүз түрдө республикалык бийлик менен ар бир маселени макулдашуу аркылуу ишти жүргүзүп жатабыз.

- Бул маселе боюнча өзбек тарап менен сүйлөшө алдыңыздарбы?

- Эми чек ара маселелери республикалык деңгээлде чечилет. Чек ара маселеси боюнча өкмөттүк коммиссия бар, биз ошол коммиссияга губернатордун биринчи орун басарын сунуш кылдык.

XS
SM
MD
LG