Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:19

Коргондолгон чек арадан сунулган кол


Өзбекстан чек арага аң казып, тосмо орнотуп бөгөт коюуда
Өзбекстан чек арага аң казып, тосмо орнотуп бөгөт коюуда

Өзбекстан менен Кыргызстан президенттери Шаңхай кызматташуу уюмунун кезектеги жыйынында жолугушуп, эки өлкө ортосундагы карым-катнашты жакшыртуу маселелерин козгошкон. Мамлекет башчылары кийинки кездери көбөйүп бараткан чек ара жаңжалдарын министрликтер менен ведомстуктар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чечиши керектигин билдиришкен. Анжиян менен Ханабаддагы чатактан кийин Өзбекстан чек аранын кыйла жерине аң казып, 7 метрлик бийик тосмо менен курчоого киришкен болчу.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда ушу тапта кимге тийиштүү экени чечилбей келаткан элүүдөн ашуун жер бар. Анан да эки өлкөнүн ортолук комиссиясы чек араны биротоло аныктап-тактап чыкканча, чек араны бөлүү боюнча тийиштүү мыйзамдык жөрөлгөлөр аягына чыкканча коңшулардын бирөө өзүнө караштуу жерге чек ара белгилерин коюуга акысы жоктугу ырасталган. Ага карабастан эле Өзбекстан Кыргызстандын Ноокен районуна караштуу Чек айылын тосуп, ары-бери каттагандардын текшерүүгө ала баштаган. Ханабад менен Анжияндагы окуялардан кийин чек араны бойлой терең аң казып, андайга шарты жок жерлерге бийиктиги 7 метрге жеткен бетон тосмолорду коюп, бейуруксат кирип келчүлөрдүн жолуна бөгөт кое баштаган.

Өзбекстан менен Кыргызстандын президенттеринин Орусиядагы жолугушуусунда мына ушул талылуу маселе да козголуп, ортодо чыккан талаштуу маселелерди министрлик же ведомстуктар жетекчилери, алар жокто жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эле өз ара чечип коюшу керектиги белгиленди.

Кыргызстан өкмөтүнүн чөлкөмдүк маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов азырынча андай көрсөтмөнү ала электигин, анын үстүнө электрондук маалымдоо каражаттарында чыккан кабарларга чоң ишеним артуунун кажаты деле жок экендигин билдирди. Анын ырасташынча, Өзбекстандын чек араны бойлой аң казып, бийик тосмо орнотушу ириде аткезчиликти токтотуу, жашыруун жолдор менен арзан товарлардын ары-бери ташылышына бөгөт коюуга багытталган.
Өзбекстан Оштун Араван району менен чектешкен тилкесин казууда. 10-июнь, 2009-жыл.

- Тигилердин аймагы менен өтүп жатат. Бизге таасир кылганы – психологиялык жаткан эле таасири болууда. Эл ошондон чочуп, ар түрдүү сөз жүргөн. Биз тарапка эч кирген жок. Ошондуктан биз көзөмөлдөп турабыз. Биз тарапка кирбесин деп. Ошол, эми алар кандай чечим кабыл алат, ал өздөрүнүн жумушу. Биздин аймакка кирбесе болду да биз үчүн.

Саламат Аламанов кыйладан бери кеп болуп жаткан дагы бир талылуу маселеге токтолду. Анын айтуусунда, Кыргызстандын Өзбекстандын Сох анклавы менен түз байланыштырчу тилке жол ачып берүү ниети жок.

- Менин оюмча, бул өтө апыртылган ушак болуш керек. Андай болсо мен билбей калбашым керек. Туура эмес. Андай болбойт. Кандай резонанс болорун өзүң деле билесиң го. Ошондо бериш-алыш жөнүндө эмес, карап көрөлү деген сөздүн тегерегинде эмне деген жомоктор айтылды.

Саламат Аламанов эгер ортолук комиссиялар буга чейин эки тарап макул болбой келаткан талаштуу маселелер боюнча мунасага жетишсе чек араны аныктап-тактап чыгуу оголе узак убакытты деле албайт болчу, деген пикирде. Азырынча ортолук комиссия мунасага келчү маселелердин азайчу түрү жок.

Парламент депутаты Мурат Жураев коңшу өлкөлөрдүн чек араларынын аныкталып-такталышы узакка созулуп кетишине ириде Өзбекстандын өзү кызыкдар, дейт.
Жалал-Абат облусу менен чектеш аймакта өзбек тарап казган аң. 10-июнь, 2009-жыл.

- Себеби көп жерлерде булардын кызыкчылыгы бар. Чек аранын азыркы турган турушу Өзбекстанга жакшы болуп жатат. Азыр Өзбекстан компенсация бере элек. Андан тышкары Бүргөндү массивинен азырга чейин мунай казып алып жатат. Ошон үчүн булар тез чечкенге эч качан аракет кылбайт.

Чек ара маселесинин бир жаңсыл чечилбей жатышынын салакасын ага жакын жашаган карапайым калк тартууда. Кыргызстандын Ноокен районундагы Чек айылындагы Өзбекстанда калган 24 түтүн кыргызстандык жарандар бийлик башчыларына кат жолдошуп, өз жерине көчүү маселесин эртерээк чечип берүү өтүнүчүн билдиришкен. Бишкектен келчү жооп негедир кечигүүдө. Эки президент жолугушуусунда жергиликтүү бийлик жетекчилери чечишсинге чыгарылган маселелердин бири мына ушул Чек көйгөйү.

XS
SM
MD
LG