Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:36

Өзбекстан чек арасы жабык: аңдан аттап, тосмодон секирип өтүш кыйын


Кыргызстан-Өзбекстан чек арасы
Кыргызстан-Өзбекстан чек арасы

Анжиян менен Ханабаддагы окуялардан соң Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын жылчыксыз жабуу аракетине киришти. Кээ бир жерлерге 7 метр бийиктиктеги бетон коргондорду орнотуп, адам түшсө чыккысыз терең аңдарды каза баштады. Күндө күн алыс чек арадан келип жаткан кабарлар эки өлкө ортосундагы абал кыйла эле курчуп баратканын айгинелөөдө.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы салкын-суз мамиленин пайда болушун айрым серепчилер суу-энергетикалык проблемага байланыштырат. Анжиян менен Ханабаддагы окуялардын изи сууй электе Өзбекстандын расмий бийлигинин бүлгүн салгандар Кыргызстан тараптан келишкенин маалымдап ийгени, андан аз илгерээк Чек айылындагы кыргызстандык жарандардын үйлөрүнүн тинтүүгө алышы, чек араны аныктоо-тактоо иштери аягына чыга электе аны бойлой терең аңдарды казуу, тосмолордун орнотула башташы алдагыдай божомолдун чыгышына негиз берүүдө. Өзбекстандын Риштан шаарынын тургуну Алимжандын айтымында, эки өлкөнүн чегин бөлүп турган арыкты бойлой оңор эмес бийик, 7 метрлик коргон салынууда.

- Бетон менен курулуп жатат. Адамдар өтө албай турган бийик дубал. 7 метрден кошуп улап жатышат.Мен өзүм 15-20 метр жерге ошондой бетон тосмо коюлуп жатканын көрдүм.

Чек араны жылчыксыз бетон менен коргондоп коюу жумушун абак жайлардагылар жасашууда. Өзбекстан бийлиги оголе көп каражат, күч кетчү чек ара тосмолорун аткезчиликке каршы күрөш, тынч жаткан элге бүлгүн салчу жанкечтилерден коргоо амалында жасалып жатканына байланыштуу түшүндүрүүдө. Анын үстүнө чек араны бойлой терең аң казуу, андай мүмкүнчүлүк жок жерде бетон коргон куруу иштери жергиликтүү бийликтин күчү менен жасалууда. Өзбекстандык эксперт Камалидин Рабимовдун ырасташынча, бирок да мындай аракеттен натыйжа чыгышы күмөн.

- Бул аткезчилик менен күрөшүүнүн жолу эмес. Бул режимден чыгып аткан эле иш. Анын саясий, экономикалык себептери бар. Саясий жагынан өлкөнүн коопсуздугун коргоого байланыштырылат. Бирок мында өлкө коопсуздугу эмес, режимди сактап калуунун амалы турат.

К.Рабимов чек аранын бекемделишин ириде Өзбекстандын коңшу өлкөлөргө кыр көрсөтүү, экинчи жагынан өлкөдөгү калктын сыртка чыгышын бекем тескеп турууга багытталган аракети катары мүнөздөдү. Өзбекстандын чек араны жылчыксыз жабуу демилгеси жанындагы коңшулары менен аны толук тактап-аныктап, мыйзам чегинде ажыратыла электе жүрүүдө. Учурунда ушундай эле ыкма менен Өзбекстан Кыргызстан менен Тажикстан чек арасына мина коюп чыккан.

Кыргызстандын Сузак районундагы Сайпидин Атабеков атындагы айыл өкмөт башчысынын орунбасары Дастан Курбановдун маалымдашынча, 25-майдан тарта Өзбекстан чек араны бойлотуп терең аңдарды каза баштаган.

- Чек арага жакын айылдарда ички арыктардан өткөндө аларды бузуп ташташкан. Ошол эле биздин эки кичинекей айылыбыз азыр сугат суудан кыйналып жатышат. Бирок ошол эле маалда 30-майга чейин биздин жетекчилер алардын жетекчилери менен барып сүйлөшкөнбүз. Алар арыктарды кайра мурунку калыбына келтиребиз деген, бирок бүгүнкү күнгө чейин жасалбай, 2-3 айылыбыз сугат суудан кыйналып жатат.

Д.Курбанов Өзбекстан тараптагылар убадасын аткарбай, арыктар калыбына келбей, эки айыл эли суудан кыйналып жатканын айтып район, облус жетекчилерине кат менен кайрылышканын кошумчалады. Андай кайрылуу каттар, өтүнүч, талаптар чек ара жанында жашагандар айылдарда толтура.

Эки өлкө ортосундагы экономикалык мамиле-катнашты утурумдук саясий кызыкчылыктын садагасына чабуунун салакасын дагыле болсо барып-келип эле карапайым калк тартууда. Кыргызстан парламентинин депутаты Бегаалы Наргозуевдин айтуусунда, Өзбекстан газ баасын көтөрүп коюудан утушка ээ боло алган жок.

- Кыргызстандан 25 миллион доллар пайда тапкан менен суу маселесине келгенде Кыргызстан менен достошпогондуктан, кызматташпагандыктан жыл сайын пахта аянттары кыскарып, жыл сайын жүз миллиондогон чыгымга учурап жатыптыр.

Кыргызстан менен Тажикстан энергетикалык кризистен чыгыш амалында ири ГЭСтерди куруу демилгесине кирише баштагандан бери суу башы менен ортосунда жайгашкан өлкөлөр ортосундагы мамиле салкын-суз тартып, ачык-тымызын тирешүү күчөөдө. Борбор Азия үчүн өтөле опуртал бул чиеш проблеманы мунасага келип чечүүгө эгемен өлкөлөрдүн буямасы келбей жатыры.

XS
SM
MD
LG