Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Жашасын улуу сезимдер!


Соңку мезгилдерде айрыкча жаштар арасында 14-февраль кадыресе эле чоң майрамга айланды. Көптөрү жүрөктө катылган улуу сезимди дал ушул күндө чыгарууну пландашат. Анткен менен муну майрам катары эсептебегендер да жок эмес.

Бул ирет 14-февраль - Махабат күнүнө Эрлан өзү жактырган кызга өзгөчө белек камдады. Ал эч кимде жок болсун деп өз колу менен кызыл роза гүлүн жасаган. Эрлан бул күн жаштар арасында өз ордун таап калды деген ойдо. Анткени аны менен тең курбалдаштарынын дээрлик бардыгы Махабат күнүн чыдамсыздык менен күтүп, атайын даярдыктарды да көрүшөт.

- Муну менен кошо дагы белек даярдагам. Ал сыр бойдон калсын. 14-февралды Батыштан келген деп жактырышпайт. Эмнеге кыргыздар деле анын жакшы жагын алып калганга болбосун?

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Молдошева жолдошу Мирбек менен 4-курста окуп жүргөн кезинде таанышкан. Динара айым шайлоонун тартиптери боюнча республикалык сынакта команда түзүп барып биринчи орунду алат. Ал жерде Борбордук шайлоо комитетине иштөөгө чакырылып, дал ошол жерден түбөлүк жары Мирбекке жолуккан. Болочок жолдошунан 14-февралды арзуу катын алып, ал катты азыр да баалуу буюм катары сактап келет.

- Ал мага "мен сени сүйөм" деп эч качан айткан эмес. 14-февраль күнү мага кат берип, өз сезимин билдирген. Бул анын айымдарга жазган биринчи каты экен. Ар бир сөзүнөн эле толкундоолорун байкадым. Азыр ал катты баалуу буюм катары катып жүрөм. Анан 5 жыл сүйлөшүп жүрүп, баш коштук. Сөзсүз түрдө мага мен жактырган ак роза гүлүн белек кылат. Кандай болбосун чын жүрөктөн берилген белекти баалуу деп эсептейм.

Деген менен жаштар арасында бул күндү майрам катары тааныбагандар да бар. “Ак шумкар кут” жаштар кыймылынын мүчөсү Айбек Байымбетов 14-февралды Ыйык Валентин күнү деп белгиленишин кыргызга жат корунүш катары баалайт.

- 14-февраль - Сүйүү күнү деп аталышынын өзү эле күлкүнү келтирет, түшүнгөн кишиге. Эмне ушул эле күнү сүйүш керекпи деген да ой кетет. Андан сырткары эч бир тарбиялык мааниси жок. Бул биздин мүнөзүбүзгө, табиятыбызга жат нерсе. Керек болсо бизди буза турган нерсе катары кабыл алам. Ошондуктан бул күндү майрам деп эсептебейм деле.

Акын кыз Афина Бакирова да учурунда 14-февраль күнүн болочок жолдошу менен белгилеп, бири-бирине ыр арнап, майрамдап келсе, азыр Махабат күнү алардын баш кошкон күнү менен алмашкан. Афинанын айтымында, бул күн бири бирине көнүл бургусу келгендер үчүн жакшы шылтоо болуп берет.

- Жеке көз карашымда сүйүү күнүн бир күн менен чектегендин өзу туура эмес деп ойлойм. Ар бир күнү сүйүү болуп турган жакшы да. Биз баш кошкон күнүбүздү белгилеп, бири-бирибизге жакшы белектерди тартуулайбыз.

Жөнөкөй угулганы менен өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болчу түбөлүк жар табуу кадыресе эле татаал маселе. Ал эми тандап алган жарыңа өмүр бою жылуу сезимди жоготпой, жүрөгүңдү арнап жашоо, ортодогу бири-бирин сыйлоо, урматтоо, түшүнүү мамилелерин сактоо да өзүнчө бир чоң кеп. Эмесе, ошол улуу сезимдер эч качан өчпөсүн!

"Азаттыктын" архивинен: Махабат күнү тасмада

14-февраль - Махабат күнү Кыргызстанда да белгиленди.

Махабат күнү тасмада
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:59 0:00
XS
SM
MD
LG