Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Жапондор Азия намысын татыктуу коргоп жатышат


Жапония менен Даниянын оюнунан бир көрүнүш.
Жапония менен Даниянын оюнунан бир көрүнүш.

Түштүк Африка өлкөсүндө өтүп жаткан дүйнө чемпионатында 25-июнда кийинки кезектеги оюндарды өткөрүүгө укук алган 16 команда тең аныкталат.

Жакшы салт болуп калгандай, ийгиликке жеткен командалар да, чемпионатка катышкандар да Эл аралык футбол федерациясынын сыйлыктарына ээ болушат.

Дүйнө чемпиону болгон өлкөнүн командасы 30 млн. доллар менен сыйланат. Финалга чыгып, күмүш байгелүү болгон командага 24 млн. доллар сыйлык берилет. Жарым финалда утулгандар 20 млн. доллар, чейрек финалда утулгандар 18 млн. доллар сыйлыкка ээ болушат. Сегизден бир финалда утулгандар 9 млн. доллардан, ал эми топтук оюндарга катышкан 16 команданын ар бири 8 млн. доллардан алышат.

Мындан сырткары ар бир өлкө алтын медаль, чемпиондук үчүн акчалай сыйлыктарды белгилешкен. Алардын ичинен эң арбыны - Испания командасы чемпион болсо ар бир оюнчусу 550 миң евродон сыйлык алышат. Аргентиналык футболчулардын ар бири 520 миң евродон, англиялык оюнчуларга 450 миң евродон сыйлык белгиленген.

24-июнда Парагвай менен Жаңы Зеландия, Словакия менен Италия жана Камерун менен Голландия өлкөсүнүн жана Дания менен Жапониянын футболдук командалары күч сынашты.

24-июнда Парагвай менен Жаңы Зеландиянын беттешүүсүндө эки атаандаш кызыктуу оюн көрсөтүүгө аракет кылышты. Бирок эки команда удаа-удаа чабуулга өткөнү менен эсеп ачылган жок. 0:0 болуп, бирден упайга ээ болушту.

Бул жагдай парагвайлыктар үчүн ыңгайлуу болуп, мурдакы 4 упайына дагы бир упай кошулуп, сегизден бир финалга чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Азия континентинин намысын коргоп жаткан Жапон өлкөсүнүн футболчулары Дания командасына кооптуу жагдайды жаратып турушту. Натыйжада 17-мүнөттө айып тобун таамай тепкен Кейсуке Хонда эсепти ачып, жапондорду шыктандырып койду. Жапониялык чабуулчу Ясухито Эндо да экинчи ирет айып тобун ал да Даниянын дарбазасына таамай тээп киргизди.

Экинчи таймда даниялыктар бир нече жолу ыңгайлуу учурларды колдон чыгарышты. 11 метрлик айып тобун жапон дарбазачы тосуп, колу менен кагып жибергени менен даниялык Йон-Дал Томассон шамдагайлык менен топту дарбазага таамай багыттады. Себеби сегизден бир финалга чыгуу үчүн даниялыктар бул оюнда жеңүүсү зарыл эле. Алар канчалык аракет кылышканы менен жапондор 3:1 эсебинде утуп алуу менен кийинки беттешүүлөргө жолун ачты.

“Эркин тоо” гезитинин спорттук баяндамчысы Асан Жунусов жапондордун даярдыгына жана аракетине жогору баасын берип, алар Азиянын намысын татыктуу коргоп жатышканын “Азаттыкка” билдирди.

24-июнда сегизден бир финалга чыгуу үчүн Словения менен Италия командаларынын таймашуусу курч мүнөздө өттү. Мында дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Италия командасын словениялыктар үйүнө кетүүгө аргасыз кылышты.

Экинчи таймда Словения өлкөсүнүн футболчулары демилгени колго алышып, эки топту удаа киргизүү менен артыкчылык кылышты. Себеби словениялыктар үчүн сегизден бир финалга чыгуу үчүн италиялыктарды жеңүү өтө маанилүү эле.

Италиялыктар эки топ жооп кылышканы менен акыркы мүнөттөрдө словениялык Клаас Ян Хюнтелар дагы бир топту Италиянын дарбазасына таамай багыттады. 3:2 эсеби менен словениялыктар утуп, сегизден бир финалда ойноого укук алышты.

Футбол күйөрмандарынын бүйүрүн кызыткан Камерун менен Голландия өлкөлөрүнүн беттешүүлөрү болду. Мында Камерун командасынын футболчулары жакшы оюн көрсөтүшкөнү менен голландиялыктар артыкчылык кылышты. Беттешүү 2:1 эсебинде голландиялыктардын жеңиши менен аяктады.

Кыргызстандын футбол федерациясынын башкы катчысы Нуртазин Жетибаевдин болжолунда быйылкы дүйнө чемпионатында Аргентина өлкөсү жеңишке жетүүсү ыктымал.

-“Топ томолок” дегендей ийгилик кимди жылоолосо ошол Аргентина менен Бразилия командалары гана финалга чыгат деп ойлойм.

Он беш күндөгү алгачкы топтук таймашууларда ар бир оюн сайын мыкты чеберчилигин көрсөткөн Аргентина, Голландия, Бразилия, Уругвай, Чили командалары айырмалана алышты.

Футбол күйөрмандары эми мындан ары да кызыктуу оюндарга күбө болушат.

25-июнда Швейцария менен Гондурас, Чили менен Испания, Түндүк Корея менен Кот-д'Ивуар жана Португалия менен Бразилия өлкөлөрүнүн кызыктуу таймашуулары болмокчу.

Дүйнөлүк атак-даңкка бир нече ирет жеткен өлкөлөр:

Бразилия - дүйнөнүн 5 жолку чемпиону - (1958, 1962, 1970, 1994, 2002)
Италия – дүйнөнүн 4 жолку чемпиону - (1934, 1938, 1982, 2006)
Германия - дүйнөнүн 3 жолку чемпиону - (1954, 1974, 1990)
Аргентина - дүйнөнүн 2 жолку чемпиону (1978, 1986)
Уругвай - дүйнөнүн 2 жолку чемпиону - (1930, 1950)
XS
SM
MD
LG