Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

Аргентина үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болууга талапкер


Түштүк Африкада өтүп жаткан дүйнө чемпионатында 27-июндагы беттешүүлөрдө Аргентина менен Германия чейрек финалга чыкты.

27-июнда Аргентина менен Мексиканын беттешүүсүндө эки атаандаш кызыктуу оюн көрсөтүштү. Бирок Аргентина командасы удаа-удаа чабуулга өтүп, чеберчилигин, жакшы даярдыгын айгинеледи.

Натыйжада 26-мүнөттө эле аргентиналык чабуулчу Карлос Тевес эсепти ачып, командасын алдыга сүрөдү. Ошондой эле 33-мүнөттө да аргентиналык Гонсало Игуаин дагы бир топту Мексиканын дарбазасына таамай багыттады.

Экинчи таймда да Аргентинанын командасы курч чабуулдарга өтүп турушту. Карлос Тевестин тепкен тобун мексикалык дарбазачы Оскар Перес кармай албады. Беттешүүнүн 71-мүнөтүндө гана мексикалык Хавьер Эрнандес бир топту жооп кылганы менен 3:1 эсебинде аргентиналыктар чейрек финалда ойноого укук алышты.

Европа континентинин намысын коргоп жатышкан Германия өлкөсү менен футболдун мекени аталган Англиянын футболчуларынын таймашуусу курч мүнөздө өттү. Мында Германиянын командасы артыкчылык кылуу менен кооптуу жагдайды жаратып, 4:1 эсебинде англиялыктарды жеңип, чейрек финалда ойноого жолу ачылды.

Бул беттешүү тууралуу Бишкектин “Дордой-Плаза” футбол командасынын машыктыруучусу Токтогон Элтинов “Азаттыкка” өз оюн мындайча билдирди.

- Германиялыктар мелдеш башталганда эле артыкчылык кылып турушту. Биринчи таймда эле германиялык Мирослав Клозе менен Лукас Подольски эки топту киргизүү менен командасын алдыга сүрөп, жеңишке шыктандырып салышты. Англиялык Франк Лемпард тээп, Германиянын дарбазасынын дубалына кайып тийип, гол киргенин калыстар байкабай, эсепке албай койгону англиялыктардын демин суутту көрүнөт. Экинчи таймда германиялык чабуулчу Томас Мюллер эки топ киргизүү менен командасын чейрек финалга алып чыкты.

28-июнда дүйнөнүн беш жолку чемпиону Бразилия менен Чили жана Голландия менен Слования сегизден бир финалда күч сынашат.

Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы университеттин профессору, футбол күйөрманы Тилектеш Ишенкуловдун божомолунда 28-июндагы беттешүүлөрдө Бразилия менен Голландия өлкөлөрү жеңишке жетип, чейрек финалга чыгышат.

29-июнда Испания менен Португалия жана Парагвай менен Жапония өлкөлөрүнүн футболдук командалары мөрөй талашат.

Футбол тарыхында дүйнө чемпиондугун беш ирет жеңип, лидерликти ээлеген Бразилия өлкөсү, 1958, 1962, 1970, 1994, 2002-жылдары дүйнөлүк алтын байгенин ээси болгон.

Германия өлкөсү 1954, 1974, 1990-жылдары дүйнө чемпиондугун үч ирет жеңип алууга жетишкен.

Аргентина өлкөсүн футболдук командасы 1978 жана 1986-жылдары дүйнөнүн 2 жолку чемпиону болушкан.

1930-жылы футбол тарыхында алгачкы чемпион болгон Уругвайдын командасы 1950-жылы да алтын байге уткан.
XS
SM
MD
LG