Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

7-январь: Тарых барактары


Адмирал А.Колчак
Адмирал А.Колчак

Кыргызстанга совет бийлиги орногондон кийинки диний багыттагы биринчи пикир келишпестик 1928-жылдын 7-январында чыккан. Панама каналы аркылуу биринчи пароход 1914-жылдын 7-январында сүзүп өткөн.

Энесайлык кыргыздар 1657-жылдын 7-январында Красноярскиге келишкен. Красноярск воеводасы М. Скрябиндин билдирүүсүнө караганда, кыргыз ээлигинин Алтыр аймагынан келген 4 адам, ага монголдордун тымызын аракети туурасында кабарлашкан. Кыргыздардын кабарлоосуна ылайык, монгол Алтынханынын уулу Лоджан атасынын орустарга берген шертин бузуп, Красноярск чебине кол салуу үчүн кам көрө баштаган.

Кыргызстанга совет бийлиги орногондон кийинки диний багыттагы биринчи пикир келишпестик 1928-жылдын 7-январында чыккан. Христиандардын 7-январдагы эски Рождество майрамы жумушчу күнгө туш келгенине карабастан, борбор шаардын дүкөндөрү иштебей, кардарларга кызмат көрсөтүлбөй калган. Диний маанайдагы жаңжал маалымдоо каражаттарында чагылдырылып, «Сахар Сахарыч» деген псевдоним менен «жумушчу күнү дүкөндөр иштебей Фрунзе шаары акылынан адашты» деген фельетон жарыяланган.

Таанымал сынчы Б. Медовойдун маалымдоо каражаттарында жарык көргөн сын макаласынан улам, маданият коомчулугу 1953-жылдын бул күндөрү таланттуу жаш калем туурасында кабар алган. Б. Медовой «Кыргызстан» адабият альманахынын кезектеги санын кескин сынга алган.

Ал альманахта жарык көргөн Ч. Айтматовдун «Ашым» жана «Газетачы Дзюйо» аңгемеси купулга толо тургандыгын башка чыгармалар арасынан өзгөчө бөлүп айрыкча белгилеген. Сынчы Б. Медовой, студент Ч. Айтматов кыргыз адабиятындагы орус тилинде жазган биринчи кыргыз экендигин жана анын чыгармалары көркөм сөз менен келиштирилген ийкемдүү тилде жазылгандыгын баса көрсөткөн.

Өлкөнүн 11 коомдук уюм жетекчилери 1993-жылдын 7-январында президент Аскар Акаевге Кыргызстан калктарынын курултайын өткөрүү сунушу менен кайрылышкан. Кайрылууда Кыргызстанда жашаган калктардын көйгөйүн курултайда талкуулап, этникалык топтор арасындагы ынтымак, ырашкерчиликти арттыруу керектиги белгиленген.

Курултай өткөрүү демилгесине «Кыргызстан эли» уюмунун жетекчиси Т. Мүлкүбатов, «Астүрк» түрк ассоциасынын төрагасы М. Изаттов, «Чинсон» корейлер ассоциациясынын төрагасы В. Цой, «Иттипак» уйгурлар ассоциациясынын төрагасы Н. Кенжеев, «Орзу» өзбек ассоциациясынын төрагасы И. Садыкбаев, дунган ассоциациясынын төрагасы Ю. Дунларов, «Фольстрат» немец ассоциациясынын төрагасы В. Диль, Славяндар фондунун төрагасы В. Вишневский, «Туган тел» татар-башкорт калкынын маданий борборунун төрагасы Э. Смагулин, жөөттөрдүн «Менора» маданият комунун төрагасы А. Кацев, күрддөрдүн «Ныштиман» ассоциациясынын төрагасы С. Касымов кол коюшкан.

Иван IV 1547-жылдын 7-январында падышалык такка отуруп, Бүткүл Рустун падышасы жана улуу княздык титулун алган.

Француз материгиндеги англичандардын акыркы ээлиги Кале порту 1558-жылдын 7-январында кайрадан Францияга берилген.

Италиялык астроном Галилео Галилей 1610-жылдын 7-январында Юпитердин биринчи үч - Ио, Европа жана Ганимед спутниктерин ачкан.

Виктор Гюго бешинчи жолку аракеттен кийин 1841-жылдын 7-январында Француз Академиясынын 40 тандалма мүчөлүгүнө шайланган.

Панама каналы аркылуу биринчи пароход 1914-жылдын 7-январында сүзүп өткөн.

Чехословакиялык корпустун колдоосунан айрылган адмирал Колчак 1920-жылдын 7-январында Иркутск шаарында атылган.

Британия менен Германияны байланыштырган биринчи фототелеграф байланышы 1930-жылдын 7-январында курулган.

Жорж Маршалл 1947-жылдын 7-январында Д. Ф. Бирнсти АКШ мамлекеттик катчылык кызматтык ордун алмаштырган.

Лос-Анжелестеги Түштүк Калифорния университети 1949-жылдын 7-январында гендин биринчи фотографиясын алган.

АКШ президент Гарри Трумэн 1953-жылдын 7-январында Кошмо Штаттардын водороддук бомбасы бар экендигин жар салган.

Кытай Элдик Республикасынын өкмөт башчысы Чжоу энлай 1957-жылдын 7-январында Советтер Союзуна расмий сапар менен келген.

Советтер Союзунун тышкы иштер министри А. Громыко АКШ мамлекеттик катчысы Шульц менен 1985-жылдын 7-январында Женева шаарында куралдуу күчтөрдү көзөмөлдөө үчүн сүйлөшүүлөрдү баштаган.

Жапон өлкөсүнүн 88 жаштагы императору Хирохито 1989-жылдын 7-январында Токио шаарында дүйнөдөн кайткан. Императордук такка мураскер ханзаада Акихито келген.
XS
SM
MD
LG