Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

20-июль: Тарых барактары


20-июль - Шахмат күнү.
20-июль - Шахмат күнү.

Кыргыз АССРи менен Казак АССРи ортосунда өкмөт аралык келишимге 1927-жылдын 20-июлунда кол коюлган. Келишимге ылайык, кыргыз тарап казак малчыларына мал жайлатмакка жайлоо жерлерин берген, ал эми казак тарап малчылардын коомдук-маданий тейлөө чыгымдарын көтөргөн.

Кыргыз обком ВКП (б)сы менен өкмөтүнүн үчүнчү бириккен пленуму 1931-жылдын бул күнү ишин баштады. Пленумда колхозчуларды келишим менен жумушчу катарына тартуу боюнча партия органдарынын ишин жандандыруу маселеси талкууланган. Совет мамлекетинин индустриалдык өнүгүү программасына ылайык, партия органдары жумушчулардын санын арттыруу саясатын жүргүзүшкөн. Мындан тышкары пленумда жазгы айдоо ишинин аткарылышы, 1932-жыл үчүн элдик чарбаны пландоо жана коомдук-маданий турмуштун өнүгүү келечеги талкууланган.

Кыргыз обком ВКП (б)нын V пленуму 1932-жылдын 20-июлунда ишин баштаган. Партия жыйынында жазгы айдоо ишинин жыйынтыгы, оруп-жыйуу компаниясына болгон даярдык, колхоз өндүргөн продукцияны сатуу, көчмөн жана жарым көчмөн калкты отурукташтыруу боюнча маселелер каралган. Мындан тышкары Кыргыз областтык партия уюмунун өлкө курулушуна жаштардын комсомол бирикмесинин тартылыш маселеси кызуу талаш жараткан.

Кыргызстандын курама командасы 1927-жылдын бул күнү Казак АССРинин күчтүү курама командасын 1-0 эсебинде жеңди деген кабар коомчулуктун бүйүрүн кызыткан. Командалардын беттешүүсү Оренбург шаарында өтүп, кыргызстандык футболчулар мыкты оюну менен адистердин купулуна толгон.

Талас радиосу 1981-жылы 20-июлда биринчи жолу обого чыккан. Талас телерадиокомпаниясында бүгүнкү учурда 30га жакын киши эмгектенип келет.

Түркия Республикасынын Аскер академиясында атактуу кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовго 2004-жылдын бул күнү ийгиликтүү операция жасалып, өмүрүнө коркунуч жок деген жылуу кабар маалымат каражаттары аркылуу кабарланган.

Борбордук шайлоо комиссия 2004-жылдын бул күнү Кыргызстандын Шайлоо кодексине ылайык Курманбек Бакиевди өлкө президенттигине бекиткен Токтом кабыл алган.

Акыл оюнунун күйөрмандары 20-июлда Шахмат күнүн белгилешет. Париж шаарында 1924-жылдын 20-июль күнү Эл аралык шахмат федерациясы (FIDE) негизделип, бул күн 1966-жылдан бери майрамдалып келет. Акыл оюнун белгилөө демилгеси Бүткүл дүйнөлүк шахмат федерациясы (ФИДЕ) тарабынан көтөрүлүп, бул күнү ар түркүн майрамдык мелдештер өткөрүлөт.

Жумушчулардын болочок саясий партиясынын үлгүсү эсептелген Англиядагы Улуттук чартисттик ассоциация 1840-жылдын 20-июлунда уюшулган. Чартисттик уюм жумушчулардын ордосу болгон Манчестер шаарында орун алып, кыймылга 40 миңге жакын адам баш кошкон.

Англис футбол ассоциациясы 1871-жылдын 20-июль күнү Чакырык кубогун киргизүүнү сунуш кылган. Мындай кадам кийин футбол оюнунун профессионалдык деңгээлге көтөрүлүп, калктын калың катмарына жайылышына салым кошкон.

Серб, хорват жана словен калктарынын өкүлдөрү 1917-жылдын 20-июль күнү Корфу аралында бир мамлекет куруу туурасындагы декларацияга кол коюшкан.

BMWнын соода маркасы 1917-жылдын 20-июлунда катталган.

Кызыл Армиянын Польшага жасаган чабуул алкагында 1920-жылдын 20-июль күнү Вильнюс шаары ээленген.

Красноярск аймагындагы Игарка шаары 1929-жылдын 20-июлунда негизделген.

Монтрёде 1936-жылдын 20-июлунда кабыл алынган Конвенцияга ылайык, Дарданелл жана Босфор кысыктары Түркия юрисдикциясына берилген.

СССР НКГБсы менен НКВДсы 1941-жылдын 20-июлунда Ички иштер наркоматына бириккен.

Брест чебине 1941-жылдын 20-июль күнү «Өлөм, бирок колго түшпөйм! Кош бол, Мекеним» деген жазуу жазылган.

Адольф Гитлерге 1944-жылдын 20-июлунда кол салынган.

Советтер Союзу 1953-жылдын 20-июлунда Израиль менен дипломатиялык мамилени калыбына келтирген.

“Аполлон-11” космос кемеси 1969-жылдын 20-июлунда Айга конгон.

Түндүк Осетия автономиялык республикасынын Жогорку Кеңеши 1990-жылдын 20-июлунда мамлекеттик эгемендик туурасында декларация кабыл алып, Орджоникидзе шаарын Владикавказ аталышына өзгөрткөн.
XS
SM
MD
LG