М. Д. Скобелевдин каты кескин формада жазылып, атүгүл генерал «мен бул темага кайра кайрылып, сизге дагы да түшүндүрүп отургум келбейт» деп мамилеге чекит койгон.
Фергана аскер губернатору генерал-майор М. Д. Скобелевдин 1876-жылдын июль айындагы Алай чапкыны туурасындагы рапортунда согуш аракети жана мындагы саясий кырдаал кенен кабарланат. Анын жазганына караганда, 27-июлда орус отряды Софи коргондо түнөп, Абдылдабекке анын иниси Хасанбек жиберилген. Ал бир күн мурда Шабдан баатырдын иниси Байбосундун ортомчулугу менен Шатыда башталган сүйлөшүүгө катышууга келген.
Пишпек уездик бийлиги 1919-жылдын 27-июлунда шаардыктарга «Совет бийлиги жакында кулайт» деген ушак таратпагыла деп буйрук берген. Мындан тышкары бийлик шаардын үстүнөн кара самолеттун учушу жана Түркстан Республикасынын большевик жетекчилери качат экен деген кептин токтотулушун талап кылган.
Түркстан Республикасынын негизги органы «Туркестанская правда» гезити 1922-жылдын бул күнү пишпкетик «Красное утро» гезитин чөлкөмдөгү эң начар маалымат каражаты деп атаган. Республикалык гезитте шаардык маалымдоо каражаты жалаң бай-нэпмандар жөнүндө жазып, кедей-кембагалдарды унутта калтыргандыгы белгиленет. Шаардык гезиттин жалаң маданий темага байланышкан ыр, сатираларды жарыялап жатышы борбордук органга жаккан эмес.
«Сказание об убиении Даниила Суздальского и начале Москвы» аңгемесине караганда 1147-жылдын 27-июлунда Москва шаары негизделген.
Англис деңиз сүзүүчүсү Уолтер Рэли 1586-жылдын 27-июлунда Британияга биринчи жолу тамекини алып келген.
Канададагы биринчи француз колониясы 1606-жылдын 27-июлунда Порт-Роялда негизделген.
Британия парламенти 1694-жылдын 27-июлунда Англия банкын ачуу тууралуу чечим чыгарган.
Витус Берингдин экспедиция курамына кирген Алексей Чириковдун кемеси 1741-жылдын 27-июлунда Түндүк-Батыш Америкага жеткен.
АКШнын биринчи мамлекеттик аткаруу органы эсептелген Тышкы байланыштар департаменти (азыркы Мамдепартамент) 1789-жылдын 27-июлунда уюшулган.
Канадалык физиолог Фредерик Бантинг 1921-жылдын 27-июлунда биринчи жолу инсулинге бөгөт койгон.
Адыгей автономиялык областы 1922-жылдын 27-июлунда уюшулган.
СССР Борбордук Аткаруу комитети менен Элдик Комиссарлар кеңеши 1925-жылдын 27-июлунда «Орусия Илимдер академиясын СССРдин жогорку окуу жайы катары таануу туурасында» токтом кабыл алган.
Америкалык профсоюз лидерлери Советтер Союзунун бардык товарларына тыюу салуу демилгесин 1930-жылдын 27-июль күнү көтөрүшкөн.
Италиядагы Фашисттик партия 1943-жылдын 27-июлунда таратылган.
Львов-Сандомир аскер операциясынын алкагында советтик жоокерлер 1944-жылдын 27-июлунда Львовду фашисттик баскынчылардан бошотушкан.
Антисоветтик үгүт иштери үчүн жазуучу А. Солженицын 1945-жылдын 27-июлунда 8 жылга эмгек-түзөтүү лагерине кесилген.
Волга-Дон каналы 1952-жылдын 27-июлунда ачылган.
Корея согушу 1953-жылдын 27-июлунда аяктап, анын натыйжасында Корей Элдик Демократиялык Республикасы менен Түштүк Корея ортосунда демилитаризацияланган аймак белгиленген.
АКШ президенти Линдон Жонсон бардык тамеки өндүрүүчүлөр үчүн тамеки тартуунун ден соолукка зыяндуулугун тамеки кутусуна эскертүүгө милдеттендирген мыйзамга 1965-жылдын 27-июлунда кол койгон.
Чехословактык саясий ишмер Александр Дубчек өлкө саясий реформалоо багытынан бир кадам да тайбай тургандыгын 1968-жылдын 27-июлунда билдирген.
Шахмат гроссмейстери Виктор Корчной 1977-жылдын 27-июль күнү Амстердам шаарында саясий баш паанек сураган.
Андрей Дмитриевич Сахаров 1980-жылдын 27-июль күнү КПСС БКнын башкы катчысы Леонид Ильич Брежневге төмөнкүдөй мазмундагы кат жөнөткөн: “Ооганстандагы согуш операциясы жети айдан бери токтой элек. Миңдеген советтик адамдар, он миңдеген оогандар, негизинен карапайым калк өлүп, майып болушту. Миллиондон ашык ооган качкын болду. СССРдин ичинде болсо, чыгымга бөлөгөн ашыкча милитаризация өсүп, жазалоочу органдардын коркунучтуу ролу күч алууда”. Анткен менен мезгилге шайкеш кат жоопсуз калган.
Армян Революциялык армиясынын террорчулары 1983-жылдын 27-июлунда Португалиядагы Түркиянын элчилигине кол салышкан.
Жаштардын жана студенттердин XII Бүткүл дүйнөлүк фестивалы 1985-жылдын 27-июлунда Москва шаарында салтанат менен ачылган.
Н. Э. Бауман атындагы Москва Жогорку Техникалык училищеси (МВТУ) 1989-жылдын 27-июлунда Москва Мамлекеттик Техникалык университети болуп өзгөртүлгөн.
Белорус Жогорку Кеңеши 1990-жылдын 27-июлунда мамлекеттик эгемендик туурасында Декларация кабыл алган.