Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

9-август: Тарых барактары


Уотергейт чуусунун натыйжасында Ричард Никсон 1974-жылдын 9-августунда президенттик кызматтан баш тарткан.
Уотергейт чуусунун натыйжасында Ричард Никсон 1974-жылдын 9-августунда президенттик кызматтан баш тарткан.

Омск воеводасы П. Львов 1677-жылдын 9-августунда тилмеч К. Капустинди он адамдын коштоосу менен энесайлык кыргыздардын өкүмдары Еренакка жиберген. Томь воеводасы Еренактан орус бийлигине караштуу калктан салык жыйнабасын өтүнгөн. Бирок элчилик Еренак өкүмдардын калмак контайшиси Галданга кеткендигине байланыштуу жердеген аймагынан таба албагандыктан К. Капустин Томскиге кайтып келген.

Кыргыздардын 1916-жылкы боштондук кыймылынын башында Шабдан баатырдын балдары турган. Бул туурасында Түркстан райондук күзөт кызмат чиновнигинин көрсөтмөсүндө кабарланат. Шабдан баатырдын балдары Мөкүш Сарыбагыш волостунда, Хисамүдүн Пишпек уездинде көтөрүлүшкө жетекчилик жүргүзүшкөн. Алар орус бийлигинен запкы жеген мекендештерин көтөрүлүшкө чакырышып, калк арасында үгүттөө иштерин өткөрүшкөн. Алар 1916-жылдын 9-августунда Шабдан жана Сарыбагыш волостторунун атынан Шабдан кожонун Ыйык байрагынын алдына чогулуп, көтөрүлүшкө катышуусун талап кылган катты кыргыз уруу башчыларына жөнөтүшкөн.

Кыргыздардын 1916-жылкы боштондук кыймылы 9-августта Каракече, Жумгал, Курманкожо, Кочкор, Абайылда болуштуктарын кучагына алган. Көтөрүлгөндөр болуштук башчыларга, айыл старчындарына жана жер которгондордун айыл-кыштактарына кол салышып, падыша өкүлдөрүн, айрыкча көчүп келген кулактарды өлтүрүшүп, мал-мүлкүн талап алышкан.

Луговой-Пишпек темир жол байланышы 1924-жылдын бул күнү салтанат менен ачылган.

Президенттик администрациянын бөлүм башчысы Болот Жанузаковдун 1999-жылдын 9-августунда өткөргөн маалымат жыйынында Кыргызстандын Баткен өрөөнүндө пайда болгон белгисиз адамдар Тахир Юлдашев менен Жума Намангани жетектеген Өзбекстан ислам кыймылынын согушчандары экендиги кабарланган. Мындан тышкары ал «согушчандар эч кимге зыян келтирбегендиктен, бийлик кан төгүүсүз маселени чечүүгө болгон күчүн жумшайт» деп ишендирген.

Уламыштарга караганда спартандык 300 жоокер б. з. ч. 480-жылдын 9-августунда Фермопилдин кашында перс армиясынын жолун тосушкан.

Помпей менен Цезардын аскерлери б.з.ч. 48-жылдын 9-августунда Фарсалда беттешип, айтылуу полководец Цезарь жеңишке жетишкен.

Сикстин капелласы 1483-жылдын 9-августунда ачылган.

Француз деңиз сүзүүчүсү де Лаперуз 1782-жылдын 9-августунда Гудзон кысыгынын жээгине Принс-Уэльс аталган фортту негиздеген.

Роберт Фултон ойлоп тапкан пароход 1803-жылдын 9-августунда биринчи жолу сыноодон өткөн.

Вебстер - Ашбертон келишимине ылайык АКШ менен Канаданын ортосундагы чек ара 1842-жылдын 9-августунда демаркацияланган.

Генерал Перовскийдин жетечилиги менен Орусиянын куралдуу күчтөрү 1853-жылдын 9-августунда Сыр Дарыя боюндагы Ак-Мечеть чебин (кийин Перовск шаары, азыркы Кызылордо) ээлешкен.

Америкалык ойлоп тапкыч Натан Эйс 1859-жылдын 9-августунда эскалаторду патенттеген.

Италиянын Улуттук банкы 1893-жылдын 9-августунда негизделген.

АКШ президенти Теодор Рузвельттин ортомчулугу менен Портсмут шаарында (АКШ) 1905-жылдын 9-август күнү Орусия империясы менен Жапония мамлекети ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөр башталган. Сүйлөшүүлөр соңунда 5-сентябрда Портсмут тынчтык келишимине кол коюлган.

Бельгиянын оккупацияланган аймагында немис бийлиги 1917-жылдын 9-августунда фландр тилин мамлекеттик тил деп жарыялаган.

Англия 1919-жылдын 9-августунда Персияга протекторат орноткон.

Дүйнөдөгү биринчи цирк жана эстрада Музейи 1928-жылдын 9-августунда Ленинград циркинин имаратында ачылган. (Азыркы Санкт-Петербург шаарындагы Цирк искусствосунун музейи).

Берлин-Багдад темир жолунун курулушу 1940-жылдын 9-августунда бүткөн.

Хиросиманы бомбалагандан үч күн өтпөй америкалыктар 1945-жылдын 9-августунда «Семиз» аталган бомбаны Нагасаки шаарына таштап, анын натыйжасында 74 миң адам өлгөн.

Сингапур 1965-жылдын 9-августунда Малайзиядан бөлүнүп мамлекеттик эгемендик алган.

Уотергейт чуусунун натыйжасында Ричард Никсон 1974-жылдын 9-августунда президенттик кызматтан баш тарткан. Ошентип ал өз эрки менен кызматынан кеткен биринчи президент болуп калган.

Ленинград шаарынын Пискаревск проспектисинде 1988-жылдын 9-августунда «Дүйнө коңгуроосу» ачылган.

СССР президенти М. С. Горбачёв 1990-жылдын 9-августунда мамлекеттик мүлк Фондун уюштуруу туурасындагы жардыкка кол койгон.

РСФСР Жогорку Кеңеши 1990-жылдын 9-августунда «Орусиянын экономикалык эгемендигин коргоо туурасында» токтом кабыл алган.

«Эхо Москвы» үналгысы 1990-жылдын 9-августунда каттоодон өткөн.

Советтер Союзунун курама командасы акыркы жолу катышкан XXV Жайкы Олимпиадалык оюндардын жабылыш салтанаты 1992-жылдын 9-августунда өткөн. Мурдагы Советтер Союзунун 12 республикасынан куралган команда (Литва, Латвия жана Эстония өз-өзүнчө чыгышкан) медалдардын саны боюнча биринчи орунду алган (жалпы-112 мед.; 45 алтын, 38 күмүш, 29 коло).

Сергей Степашин жетектеген Орусиянын министрлер кабинети 1999-жылдын 9-августунда отставкага кетип, өкмөттү жетектөө милдети буга чейин көп белгилүү болбогон Владимир Путинге тапшырылган.
XS
SM
MD
LG