Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

11-август: Тарых барактары


Москва шаарында курулган “Шереметьево” эл аралык аэропорту 1959-жылдын 11-августунда ачылган
Москва шаарында курулган “Шереметьево” эл аралык аэропорту 1959-жылдын 11-августунда ачылган

Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшү падышалык Орусияны сестентпей койгон эмес. Жергиликтүү бийлик кооптуу көрүнүштүн тамырын кыркуу үчүн чечкиндүү чара көргөн. Пишпек уездине караштуу Түлөберди волостунда чыккан көтөрүлүштү басуу үчүн беловодскилик пристав кулактардан кол курап, 11-августта алар Түлөберди болуштугуна каптап киришкен. Натыйжада 138 адам камакка алынып, алар Беловодск айылына жеткирилген.

Кыргыздардын 1916-жылкы боштондук кыймылы башка калк өкүлдөрүнө да зор таасир тийгизген. Ысык Көлдөгү кыргыздардын көтөрүлүшүн дунгандар колдоп, 11-августта Марин волостунун дунгандары козголгон кыргыз калкынын катарына кошулушкан жана Пржевальск шаарын камалоого катышкан.

Түркстан Коммунисттик партиясынын VI съезди 1921-жылдын бул күнү ишин баштаган.

Кыргыз областтык ВКП (б)нын аткаруу комитети 1930-жылдын 11-августунда партиянын кантондук жана райондук бөлүмдөрүн жою туурасында чечим чыгарган. Аткаруу комитеттин бүтүмүнө ылайык, мындан ары алар түздөн-түз Кыргыз областтык ВКП (б)сына баш ийишкен.

Москва Борбордук геологиялык-чалгындоо илимий изилдөө институтунун ага геологу Д. Яковлев 1933-жылы Сары жаз кырка тоосу менен Сталин жана Лежава чокулары жайгашкан аймакта көлөмдүү алтын кенин тапкандыгын кабарлаган. Анын билдирүүсүнө ылайык, Хантеңри чокусуна жакын жайгашкан Бүркүт кенинде алтын, күмүш, кобальт жана башка баалуу темир заттары орун алган.

Академик Марр атындагы Ленинград тарых академиясынын материалдык маданият археологиялык экспедициясы 1938-жылдын бул күнү Талас өрөөнүндөгү Садыр коргон жана Кулан чалдыбарында баалуу тарыхый ачылыштарды жасашкан. Белгилүү археолог А. Н. Бернштам жетектеген археологдор VIII-XIII кк. таандык искусство жана кол өнөрчүлүк үлгүлөрүн табышкан.

Бу күнү, 1858-жылы голланд физиги, В1 витаминин ачкан Христиан Эйкман, 1926-жылы англис биологу жана Нобель сыйлыгынын лауреаты Аорон Клуг жарык дүйнөгө келген.

Майя калкынын Узун календарлык саноосу б.з.ч. 3114-жылдын 11-августунда башталган.

Перс армиясы менен грек полистеринин биримдиги чыгарган кол ортосундагы айтылуу Фермопиль салгылашы б.з.ч 480-жылдын 11-августунда болгон.

Москвалык князь Дмитрий баштаган орус жоокерлери 1378-жылдын 11-августунда Воже дарыясынын боюнда монгол-татар ханы Бегичтин колун талкалаган.

Пруссия менен Швеция өлкөлөрү 1707-жылдын 11-августунда «Түбөлүк альянс» биримдигин курушкан.

Австрия 1804-жылдын 11-августунда империяга айланган.

Франция 1863-жылдын 11-августунда Камбоджага өз протекторатын орноткон.

Англичандык Юджин Ласт 1906-жылдын 11-августунда үн менен көрсөтүлгөн кинону патенттеген.

Веймар республикасынын Конституциясы 1919-жылдын 11-августунда кабыл алынган.

Москва шаарында Биринчи Бүткүл союздук Спартакиада 1928-жылдын 11-августунда ачылган.

Иран менен Ирак 1929-жылдын 11-августунда достук келишимге кол коюшкан.

АКШ президенти Франклин Рузвельт 1943-жылдын 11-августунда Филиппинге согуш аяктагандан кийин эгемендик берилет деп убада кылган.

Маданият өкүлдөрүн космополитизмдик көз карашы үчүн айыптаган Д. Шепиловдун «Советтик патриоттуулук» макаласы «Правда» гезитинин 1947-жылдын 11-август күнкү санына жарыяланган.

Москвада өткөн Жаштар жана студенттердин VI Бүткүл дүйнөлүк фестивалы 1957-жылдын 11-августунда соңуна чыккан.

Москва шаарында курулган “Шереметьево” эл аралык аэропорту 1959-жылдын 11-августунда ачылган.

Юлиан Семёновдун повести боюнча тартылган «Жаздын он жети көз ирмеми» тасмасы 1973-жылдын 11-августунда Борбордук канал аркылуу көрсөтүлө баштаган.

Украинанын Днепродзержинск шаарына жакын жерде эки советтик учак 1979-жылдын 11-августунда кагылышкан. Кырсыктан 173 адам, анын ичинде ташкенттик «Пахтакор» командасынын 17 футболисти каза тапкан.

АКШ президенти Рональд Рейган 1984-жылдын 11-августунда маалымат жыйыны алдында микрофонду текшерип жатып бүткүл өлкөгө мындай деп сүйлөп алган: «Ардактуу америкалыктар, мен силерге Советтер Союзун түбөлүккө мыйзам тышында деп жар салган мыйзамга кол койгонума кубанганымды билдиргим келет. Бомбалоо беш мүнөттөн кийин башталат».

Жуковскийдеги эл аралык авиасалон 1992-жылдын 11-августунда ачылган.

Ооганстандагы эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн командачылыгы 2003-жылдын 11-августунда НАТОго берилген.
XS
SM
MD
LG