Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

12-август: Тарых барактары


Курск» кемеси 2000-жылдын 12-август күнү Баренц деңизинде кырсыкка учураган.
Курск» кемеси 2000-жылдын 12-август күнү Баренц деңизинде кырсыкка учураган.

Өзүнчө Кыргыз кавалериялык эскадрону 1925-жылдын 12-август күнү уюшулган. Кавалериялык эскадронду Вахидов менен кавалериялык кичи командалык курамдын командачысы Вахалов жетектешкен. Көп өтпөй ал Кыргыз кавалериялык дивизиону болуп уюшулган.

Советтер Союзу менен Америка Кошмо Штаттары ортосундагы тирешүү күч алып, «кансыз согуш» жандана баштаган маалда, Советтер Союзу 1953-жылдын 12-август күнү биринчи советтик водороддук бомбаны жардырган. Бомба Казакстандын Семипалатинск аймагында сыналган. Жардырылган бомбанын кыйраткыч күчү аскер адистерин эле эмес, океандын ар жагындагы саясатчыларды да түйшөлткөн. Кийин адистер белгилегендей, водороддук бомбанын эпкини Кыргызстан аймагына тийип, онкологиялык оорулардын күч алышына себеп болгон.

Шаңхай Кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин кезектеги аскердик машыгуусу 2003-жылдын 12-август күнү соңуна чыккан. Аскердик машыгуу «Биргелешкен аракет-2003» деген ураан менен өтүп, анын биринчи этабы Казакстанда башталып, экинчи этабы Кытай мамлекетинде жыйынтыкталган. Машыгууга Коргоо министрлигинин оперативдүү мобилизация башкармалыгынын жетекчиси З. Молдошев баштаган кыргызстандык аскерлер да катышкан.

Америка Кошмо Штаттарынын Борбордук командачылыгынын жаңы командачысы Жон Абизаид 2003-жылдын бул күнү Бишкекке келген. Жон Абизаид Кыргызстан жетекчилиги менен жолугушуп, «Манас» аэропортунда орун алган «Ганси» аба базасынын абалы жана эки тараптуу кызматташуу тегерегинде пикир алмашкан.

ЮНЕСКО уюмунун «Аалам мурастары» программасынын алкагында өткөрүлгөн эки күндүк семинар 2004-жылдын 12-августунда ишин баштаган. Семинарга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандын китепкана, архив кызматкерлери катышып, адистер Борбор Азиядагы китепкана, музей, архивдердеги баалуу документтердин, сейрек кездешкен китептердин жана даректүү мурастарды сактап калуу тегерегинде пикир алмашкан. Адистер баалуу мурастын эскирип, колдонууга жарабай калуу коркунучунан сактап калуу үчүн жаңы технологияларды колдонуу, аларды электрондук көчүрмөсүн алуу туурасындагы тажрыйбалары менен алмашкан.

Бишкек шаарында өткөрүлгөн Баңги заттарды көзөмөлдөөгө арналган эл аралык семинар 1996-жылдын 12-августунда ишин баштаган. Семинар Кыргыстандын Баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик комиссиясынын демилгеси менен уюштурулуп, анын ишине беш мамлекеттин адистери катышкан.

12-август – Жаштардын эл аралык күнү. Жаштарга көңүл буруу демилгеси Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясында 1999-жылдын 12-августунда жактырылган.

Новгород менен Швециянын ортосунда орун алган отуз жылдык согуштун соңунда 1323-жылдын 12-августунда Орехов тынчтык келишимине кол коюлган.

Түндүк Америкадагы Рательвахт аталган биринчи полициялык отряд 1658-жылдын 12-август күнү Нью-Амстердамда уюшулган.

Орус ханышасы Екатерина II 1792-жылдын 12-августунда орус публицисти Н. И. Новиковдун 15 жылга түрмөгө кесилгендигин жактырган.

Акын Александр Пушкин 1824-жылдын 12-август күнү Одессадан чыгарылган.

Америкалык Айзек Зингер 1851-жылдын 12-августунда биринчи тигүүчү машинага патент алган.

Англис дарыгери Жозеф Листер медициналык инструменттерди жана колун дезинфекциялоо максатында 1865-жылдын 12-август күнү өткөн операция маалында биринчи жолу фенолду колдонгон. Ошентип хирургиялык операциядан өлгөндөрдүн саны үч эсеге азайган.

Вена – Константинополь багытындагы биринчи поезд 1887-жылдын 12-августунда сапарга чыккан.

Аляска жарым аралындагы Клондайк суусундагы алтын 1896-жылдын 12-августунда табылган.

Америка Кошмо Штаттары 1898-жылдын 12-августунда Гавай аралдарын аннексиялаган.

Павел Попович учкан «Восток-4» советтик кемеси 1962-жылдын 12-августунда космоско чыгарылган. Ошентип буга чейин космоско учкан Андриян Николаевдин «Восток-3» кемеси менен чогуу, биринчи жолу эки костмостук кеме жерди айлана учушкан.

Жапония менен Кытай 1978-жылдын 12-август күнү тынчтык жана достук келишимге кол коюшкан.

Суу астында сүзүүчү «Курск» кемеси 2000-жылдын 12-август күнү Баренц деңизинде кырсыкка учураган.
XS
SM
MD
LG