Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:18

15-август: Тарых барактары


Свастика тартылган символ 1935-жылдын 15-августунда Германиянын мамлекеттик туусу катары кабыл алынган.
Свастика тартылган символ 1935-жылдын 15-августунда Германиянын мамлекеттик туусу катары кабыл алынган.

Энесайлык кыргыздар менен Сибирге жер которгон орустар үчүн 1628-жылдын жай айы айыгышкан күрөш менен өткөн. Качы суусунун агымындагы Кызыл Ярга орустардын чеп кура башташы кыргыздардын катуу каршылыгын жараткан. Энесайлык кыргыздар качылык жана арындык кыштымдар менен биргелешип Кызыл жардагы орустар баштаган чепке жай бою чабуул коюп турушкан.

Ушул эле жылдын 16-августунда орустар атаман И. Кольцов баштаган аскер тобу кыргыздарга каршы аттанган. Орустардын жазалоочу отряды кыргыздарга кыргындуу чапкын жасап, көптөгөн адамдарды туткунга алып, арбын мал олжолоп кайтышкан.

Пржевальск шаарынын чек техниги Иван Поцелуевдин берген көрсөтмөсүнө караганда кыргыздардын шаарды камалоосу 1916-жылдын 11-августунан 15-августка чейин айыгышкан мүнөздө жүргөн. “Бул күндөрү шаардын чет жакасында жашаган орус адамдарынын өмүрү өлүм же жашоо деп өлчөнүп турду” деп жазат И. Поцелуев. Союл жана найза менен куралданган кыргыздар шаарды алыш үчүн албууттана чабуул жасап, кагылышуу төрт күн бою тынымсыз жүрүп турган.

Кочкордо хан көтөрүлгөн Байзак 1916-жылдын бул күнү кыргыздарды баштап, Нарындын чыгыш тарабындагы көпүрөгө келген. Алардын бир жарымы орус кыштагына ат коюп, калганы көпүрөгө келгенде, сакчы Казарманга кабар берүүгө жетишкен. Казармандан 300 чамалуу аскер келип, кыргыздар менен кагылышуу башталган. Жамгырдай жааган ок астында кыргыздар Ак мойнокко чегинишкен.

Пржевальск шаарында негизделген «Призыв к труду» гезитинин биринчи саны 1920-жылдын 15-августунда жарык көргөн.

Андрей Кончаловскийдин «Биринчи мугалим» тасмасы 1966-жылдын бул күнү экранга чыгарылган. Тасма айтылуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун повести боюнча тартылып, анда башкы ролдорго таланттуу актер Болот Бейшеналиев менен казак актрисасы Наталья Аринбасарова тартылган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту 2003-жылдын 15-августунда «Ар намыс» партиясынын төрагасы Феликс Куловдун 10 жылга эркинен ажыратуу туурасындагы Биринчи Май райондук соту менен Бишкек шаардык сотунун өкүмдөрүн күчүндө калтырган.

Феликс Кулов 2005-жылдын 15-августунда Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткарууга киришкен.

Бу күнү, 1248-жылы айтылуу Кельн соборунун курулушу башталып, 1771-жылы атактуу англис жазуучусу Вальтер Скотт, 1769-жылы Француз императору Наполеон Бонопарт, 1890-жылы америкалык физиолог, аракечтик дартын биринчи изилдеген Элвин Еллинек, 1892-жылы француз физиги, Нобель сыйлыгынны лауреаты Луи Виктор Пьер Раймон де Бройль, 1896-жылы австро-америкалык физик, Нобель сыйлыгынын лауреаты Гарти Тереза Кори, 1896-жылы төкмө акын Токтонаалы Шабданбаев, 1922-жылы атактуу кыргыз драматургу, прозачы Токтоболот Абдымомунов, 1951-жылы акын жана сынчы Абдыжапар Эгембердиев жарык дүйнөгө келген.

Улуу Карлдын Испанияга жасаган чапкыны маалында 778-жылдын 15-август күнкү Ронсеваль капчыгайында өткөн салгылашта франк маркграфы Роланд согуш талаасында кайтыш болгон. Улуу Карлдын аскерлеринин чегинишин коргогон Роланддын эрдиги кийин уламышка айланып, «Роланд жөнүндө ыр» дастаны жаралган.

Христофер Колумбдун 1498-жылдын 15-августунда жасаган үчүнчү сапарында Гренаданы ачкан.

Индеецтердин балык улоочу кыштагынын ордуна 1519-жылдын 15-августунда Панама шаары негизделген. Панаманын которулушу да «аябагандай көп балык» дегенди түшүндүрөт.

Игнатий Лойола 1534-жылдын 15-августунда Парижде иезуиттердин орденин негиздеген.

Парагвайдагы Асунсьон шаары 1535, Перудагы Арекипа шаары 1540-жылдын 15-августунда түптөлгөн.

Орус императорлорунун Петергофдогу жайкы резиденциясы 1723-жылдын 15-августунда ачылган.

Франциядагы франк аталган жаңы валюта 1795-жылдын 15-августунда колдонууга киргизилген.

Англиянын Жапония менен дипломатиялык жана соода байланышын курууга жасаган аракети 1808-жылдын 15-август күнкү сёгундун англис делегациясын кабыл албай коюшу менен оңунан чыккан эмес.

Рим Папасы Григорий XVI 1832-жылдын 15-августунда сөз эркиндигин айыптаган булланы кабыл алган.

Оттавадагы университет 1866-жылдын 15-августунда негизделген.

Томас Эдисон 1877-жылдын 15-август күнү Питтсбург телеграф компаниясынын президентине кат жолдогон. Атактуу ойлоп тапкыч телефон менен башка адамга кайрылганда «hello» сөзүн колдонуу керектигин сунуш кылган. Аталган кайрылуу кийин бизге «алло» түрүндө кабыл алынган.

Америка Кошмо Штаттары 1918-жылдын 15-августунда Совет бийлиги менен дипломатиялык мамилесин үзгөн.

«Радиолюбитель» журналынын биринчи саны 1924-жылдын 15-августунда жарык көргөн. Азыр журнал «Радио» аталышы менен чыгып келет.

Ватиканда жасалган казуулар маалында 1932-жылдын 15-августунда байыркы римдик «Триумфалдык жол» табылган.

Свастика тартылган символ 1935-жылдын 15-августунда Германиянын мамлекеттик туусу катары кабыл алынган.

Мао Цзэдундун буйругуна ылайык 1943-жылдын 15-августунан тарта Кытай Компартиясында тазалоо башталган.

Америкалык жана француз аскерлери 1944-жылдын 15-августунда Түштүк Францияга түшүрүлгөн.

АКШ президенти Ричард Никсон 1971-жылдын 15-август күнү доллардын алтын менен камсыз кылынышын токтото тургандыгын билдирген.

Бангладеште 1975-жылдын 15-августунда аскер төңкөрүшү жасалып, анын жүрүшүндө президент Муджибур Рахман каза тапкан.

Советтер Союзун сактап калыш үчүн жасалган акыркы аракеттердин бири эсептелген Союздук келишимдин жаңы долбоору 1991-жылдын 15-августунда басма сөз каражаттарына жарыяланган.

Азербайжан өлкөсү 1992-жылдын 15-августунда манат аталган улуттук валютасын киргизген.
XS
SM
MD
LG