Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:25

17-август: Тарых барактары


Мао Цзэдун 1958-жылдын 17-августунда «чоң секирик» саясатынын башталганын жар салган.
Мао Цзэдун 1958-жылдын 17-августунда «чоң секирик» саясатынын башталганын жар салган.

Түркстан генерал-губернатордугу 1916-жылдын бул күнү козголоң чыгарган кыргыздардын мал-жандыктары туурасында буйрук чыгарылган. Буйрукка ылайык козголоң кылган кыргыздардын малы тартылып алынган убакта гана ал согуштук олжо категориясына киргизилген жана казына менчигине өткөрүлгөн. Мындан тышкары бийлик керт башын сактап калыш үчүн бир жерден, экинчи жерге качкандардын мал-мүлкүн коргоо чараларын да караштырган.

Пишпек шаардык окуу-китепканасы 1916-жылдын бул күнү ачылган. Китепкана ачуу демилгесин мугалим И. М. Глебов, фельдшер И. А. Якушев, шаардык буржуй И. А. Моргунов көтөргөн.

Жетисуу областтык кеңешинин III съезди 1919-жылдын 17-августунда ишин баштаган.

Кыргыз обком РКП (б)нын кезексиз чакырылган III пленуму 1925-жылдын 17-августунда өткөрүлгөн. Пленумда «отузчулардын» партия ишине каршы жасаган ишмердиги айыпталган.

Бүткүл кыргыз мугалимдеринин I съезди 1937-жылдын 17-августунда ишин аяктаган. Мугалимдердин жыйыны Фрунзе шаарында өткүрүлүп, ага республиканын булуң-бурчтарынан чогулган билим берүү тармагында эмгектенген алдыңкы мугалимдер жана эмгек ардагерлери катышкан. Мугалимдер жыйынында бардык мектептерде мекенди коргоо жана диний таасирлерге каршы ийримдерди уюштуруу куруу чечими бир добуштан кабыл алынган. Мындан тышкары алдыңкы мугалимдер сабатсыз балдарды кошумча окутуу туурасында милдеттенме алышкан.

Кыргыз ССР КП (б) БКсы менен Элдик комиссарлар кеңеши 1937-жылдын 17-августунда биргелешип сабатсыздыкты жоюу туурасында Токтом кабыл алышкан. Токтомдо чукул арада 200 миң кат тааныбаган адамдарды окутуу иши каралып, «сабатсыздык сыяктуу абийирсиз көрүнүшкө чыдоого болбойт» деген чакырык ташталган.

Айтылуу өкүмдар Тимур 1398-жылдын 17-августунда Алтын Ордонун башчысы Тимур огландын элчисин кабыл алган.

Христофор Колумб 1502-жылдын 17-августунда Гондурасты Испаниянын ээлигине киргендигин жар салган.

Англис окумуштуусу Ж. Пристли 1771-жылдын 17-августунда фотосинтез кубулушун ачкан.

Орусия менен Франция 1892-жылдын 17-августунда жашыруун согуштук конвенция курушкан.

Жозеф Пулитцер 1903-жылдын 17-августунда Пулитцер сыйлыгын белгилеген.

Москва шаарындагы «Динамо» стадиону 1928-жылдын 17-августунда ачылган.

Советтик жазуучулардын биринчи Бүткүл союздук съезди 1934-жылдын 17-августунда өткөн.

Индонезия 1945-жылдын 17-августунда Нидерландиядан бөлүнүп эгемендик алып,
Индонезия Бириккен Штаттар Республикасы 1950-жылдын 17-августунда унитардык Индонезия Республикасы болуп өзгөргөн.

Кытай Элдик Республикасынын лидери Мао Цзэдун 1958-жылдын 17-августунда «чоң секирик» саясатынын башталганын жар салган.

Советтер Союзундагы Жарандык коргонуу системасы 1961-жылдын 17-августунда түзүлгөн.

Советтик атомдук «Арктика» муз жаргычы 1977-жылдын 17-августунда суу үстүндө сүзүүчү кемелер арасынан биринчи жолу Түндүк уюлга жеткен.

АКШ президенти Билл Клинтон 1998-жылдын 17-август күнү чоң жюриге берген көрсөтмөсүндө Моника Левински менен болгон мамилесин билдирген.

Саян-Шушенск ГЭСинде 2009-жылдын 17-август күнү оор техногендик кырсык болгон.
XS
SM
MD
LG