Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13

18-август: Тарых барактары


Владимир Набоковдун “Лолита” аттуу романы 1958-жылдын 18-августунда АКШда жарык көргөн.
Владимир Набоковдун “Лолита” аттуу романы 1958-жылдын 18-августунда АКШда жарык көргөн.

Кыргыздардын 1916-жылдын бул күнү койгон талабы орус бийлигинин колуна тийген. Анда «Токмок болуштук старчыны Аксакал, Кашкар сартынын аксакалына. Мусулмандардын башкы башкаруучуларынан буйрук. Куралыңарды таштап мусулмандарга багынып бергиле жана аны бизге билдиргиле. Эгерде тил албасаңар, анда жок кылынасыңар» деп жазылган. Кыргыздардын талабына Мөкүш Шабданов, Сулайман Корчин, Мырзабек Дыйкамбай, Көкүмбай Чынан сыяктуу белгилүү адамдардын колу коюлуп, мөөрү басылган.

Орустарга колго түшкөн Субан Жантаевдин 1916-жылдын бул күнкү көрсөтмөсүнө караганда тоо арасындагы көтөрүлгөн кыргыздардын башында Канат Абукин турган. Кыргыздардын 30 чамалуу ардактуу жакшылары бул күндөрү Буралы айылында чогулушуп, орустарга каршы көрүлчү чаралар туурасында бир пикирге келишкен. Алардын арасында Көкүмбай Чынан, Курман Лепесов, Мырзабек Дыйкамбаев, Токтосун Бектенов, Каримбай Канчатов сыяктуу адамдар бар экендиги кабарланган. Мындан тышкары жыйын чечими туурасында ар бир болуштукка кабар берилип, кийинки кыймыл-аракет боюнча маалымат берилген.

Ташкент шаарында 1917-жылдын 18-августунда топтолгон ортоазиялык интеллигенция Убактылуу өкмөттүн Жетисууда жасаган саясатына каршы митинг уюштурушкан.

Кырыз Республикасынын Коргоо күчтөрүнө караштуу аскер тик учактары 1999-жылдын 18-августунда Жылуу суу капчыгайы аркылуу чегинген согушчандарга каршы ракеталык сокку урушкан. Буга чейин үч жума бою Баткен районунун калкын кыжаалатка салган Өзбекстан Ислам кыймылына караштуу согушчан баскынчылар өлкө чегенинен сыртка чыгарылган.

Арстанбек Ногоев 2005-жылдын бул күнү Бишкек Шаардык кеңешинде борбор шаардын мэрдигине шайланган.

Айрым тарыхый маалыматтарга караганда 1227-жылдын 18-августунда дүйнөгө таанылган айтылуу өкүмдар Чыңгыз хан дүйнөдөн кайткан. Жазма булак маалыматтары өкүмдардын өлүмү туурасында ар башкача кабар беришет. Алардын кээ бирлери Чыңгыз хан аттан жыгылып өлдү дешсе, айрымдары анын эски жарасы ачылып, кан токтобой жан берди деп жазышат.

Богдан Хмельницкий 1649-жылдын 18-августунда поляктар менен Зборовск келишимине кол койгон. Анын натыйжасында казак орустардын эркиндиги кыйла чектелген.

Пётр I 1682-жылдын 18-августунда Орус империясынын тагына келген.

Орусия менен Швеция ортосундагы Або тынчтык келишимине 1743-жылдын 18-августунда кол коюлган келишимге жараша Финляндиянын бир жарымы Орусиянын курамына өткөн.

Санкт-Петербургдагы Пётр I эстелиги 1782-жылдын 18-августунда ачылган.

Рейкьявик шаары 1786-жылдын 18-августунда негизделген.

Орусиянын Географиялык коому 1845-жылдын 18-августунда негизделген.

Француз астроному Пьер Жансен 1868-жылдын 18-августунда күн спектриндеги жаңы элемент гелийди ачкан.

Орус инженери Константин Перский 1900-жылдын 18-августунда телевидение деген жаңы терминди сунуш кылган.

Бүткүл орусиялык советтик журналисттер кошууну 1918-жылдын 18-августунда уюшулган.

Индонезиянын эгемендигин даярдаган комиссия өлкө президенттигине Ахмед Сукарнонун талапкерлигин 1945-жылдын 18-августунда сунуш кылган.

Владимир Набоковдун “Лолита” аттуу романы 1958-жылдын 18-августунда АКШда жарык көргөн.

Варшава келишимине кирген жетекчилик 1968-жылдын 18-августунда Чехословакияга аскер киргизүү долбоорун жактырган.

Советтик “Луна-24” станциясы 1976-жылдын 18-августунда Айга конгон.

Москва шаарында өткөрүлгөн “Дружба-84” оюну 1984-жылдын 18-августунда ачылган.

Советтик лидер Михаил Горбачёв 1991-жылдын 18-августунда Форостогу резиденциясында үй камакка алынган.
XS
SM
MD
LG