Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

19-август: Тарых барактары


«Google» компаниясы 2004-жылдын 19-августунда фонддук базарда өз акцияларын сата баштаган.
«Google» компаниясы 2004-жылдын 19-августунда фонддук базарда өз акцияларын сата баштаган.

Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңеши 1944-жылдын 19-августунда айтылуу орус акыны жана тамсилчиси Иван Крыловдун өлүмүнүн 100 жылдыгын белгилеш үчүн республикалык комиссия курган.

Комиссияны таанымал жазуучу К. Маликов жетектеп, анын курамына К. Баялинов, Н. Дубровский, Н. Прытков, А. Токомбаев, П. Шубин сыяктуу чыгармачыл адамдар кирген. Элдик комиссарлар кеңешинин көрсөтмөсүнө ылайык, комиссияга айтылуу тамсилчинин чыгармаларын калк арасына кеңири жайылтуу милдети жүктөлгөн.

Советтер Союзунун тарыхындагы акыркы саясий кризис 1991-жылдын 19-августунда башталган. Советтер Союзунун президенти М. С. Горбачевдун ден соолугуна байланыштуу башкарууга дарамети жоктугу ушул күнү эртең менен радиодон кабарланып, өлкөдөгү бийлик өзгөчө кырдаалга байланыштуу мамлекеттик комитетке бериле тургандыгы билдирилген.

Кыргызстан коммунисттик партиясынын башчылары антиконституциялык путчту ачык колдоп чыгышкан. Жогорку Кеңештин төрагасы Медеткан Шеримкулов ГКЧП бул аракети менен мамлекеттик төңкөрүш жасагандыгын билдирип калкка кайрылган. Кыргызстан президенти Аскар Акаев ГКЧПнын антиконституциялык жүзүн ачып, путчисттерге каршы чара көрүлүшүн өтүнүп Бириккен Улуттар уюмуна кайрылуу жолдогон.

Кыргыз Республикасынын Шаарлар ассоциациясы 2000-жылдын 19-августунда Бишкекте өткөн шаардык мэрлердин уюштуруу жыйынында уюшулган. Шаарлар ассоциациясын уюштуруу демилгеси мамлекет жетекчилиги тарабынан көтөрүлүп, анын негизги максаты шаарлар аралык байланышты күчөтүү, шаарлар ортосундагы экономикалык интеграцияны чыңдоо, шаарлардын өнүгүү кызыкчылыгын коргоо болгон. Шаарлар ассоциациясы Шериктеш өлкөлөр арасынан Кыргызстанда биринчилерден уюшулган.

Швеция менен тынчтык келишимге жетишүүнүн урматына жазуучу А. Радищевдин жазасы 1790-жылдын 19-августунда 10 жылдык сүргүн менен алмаштырылган.

Санкт-Петербургдун 19 км түштүк тарабында орун алган Пулков обсерваториясы 1839-жылдын 19-августунда ачылган.

“The New York Herald” гезити 1848-жылдын 19-август күнкү санына Калифорниядан алтын табылгандыгын жазып чыккан.

Америкалык Гейл Борден 1856-жылдын 19-августунда коюлтулган сүткө патент алган.

Советтик биринчи илимий-изилдөөчү «Персей» кемеси 1923-жылдын 19-августунда сапарга чыккан.

Александр Иванович Покрышкин 1944-жылдын 19-августунда биринчи жолу Советтер Союзунун үч жолку баатыры наамын алган.

Вьетнамдык коммунисттер 1945-жылдын 19-августунда Ханойду ээлешкен.

СССР Жогорку Кеңешинин Президиуму 1945-жылдын 19-августунда Бириккен Улуттар уюмунун Уставын ратификациялаган.

А витамини биринчи жолу 1947-жылдын 19-августунда синтезделген.

Советтик «Спутник-5» спутниги 1960-жылдын 19-августунда космоско ийгиликтүү чыгарылган.

Германия Демократиялык Республикасы 1990-жылдын 19-августунда ФРГнын Конституциясын кабыл алган.

Советтер Союзунун тарашына түз жол ачкан мамлекеттик төңкөрүш (ГКЧП) жасоо аракети 1991-жылдын 19-августунда болгон.

«Google» компаниясы 2004-жылдын 19-августунда фонддук базарда өз акцияларын сата баштаган.
XS
SM
MD
LG