Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:17

22-август: Тарых барактары


Австралиядагы алтын кен 1851-жылдын 22-августунда ачылган.
Австралиядагы алтын кен 1851-жылдын 22-августунда ачылган.

Кыргыздар менен казак уруулары ортосундагы сүйлөшүүлөр казактардын Копал шаарында жүргүзүлүп, эки тараптуу келишимге 1847-жылдын 22-август күнү кол коюлган. Эки тараптын ийри отуруп, түз кеңешине буга чейин эки эл ортосунда орун алган барымтачылык, жер талаш жана орунсуз кагылыштар себеп болгон.

Кыргыз-казак келишимине Орус империясы ортомчу болуп, ал каршылашкан тараптарды маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү оң экендигине ынандырган. Копал келишиминен кийин боордош калктар ортосундагы мамиле жөнгө салынган жана анда каралган келишим жобосунун сакталышына Орус империясы кепилдикке кирген.

Келишимге кыргыз тарабынан - Үмөтаалы Ормонов, Жантай Атекин, Жангарач Исхожин, Токтор Карачынаровдун колу коюлуп, мөөрлөрү басылган.

Түркстан генерал-губернатору Кауфман 1875-жылдын бул күндөрү Абдурахман Афтобачи баштаган кыпчак козголоңчуларына каршы ийгиликтүү согуш операциясын өткөргөн. Орус аскерлери 22-август күнү Хожент шаарынан 42 чакырым алыстыкта орун алган Махрам чебине чабуул жасаган. Махрам салгылашуусунда Абдурахман Афтобачинин 30 миң чамалуу колу талкаланып, орус аскерлери согуш куралдарынан тышкары чоң олжого туйтунушкан.

Токмок шаарын 1916-жылкы көтөрүлүш маалында басып алууга аракет жасаган кыргыздар 22-август күнү жеңилүүгө дуушар болушкан. 14-августта башталган чабуул бул күнү ийгиликсиз аяктаган. Шаарга 22-августтун таңында подполковник Гейцигдин отряды кирип, бир саат аралыгында орус аскерлери позицияны толук ээлешип, чабуул койгон кыргыз колун артиллериянын күчү менен толук талкалаган.

Кыргызстандык аскер күчтөрү 1999-жылдын 22-август таң эртең менен Баткенден чыгарыла баштаган. Ушул эле күнү кечке жуук Өзбекстан Ислам кыймылына караштуу 30 чамалуу согушчандар Баткен районундагы Зардалы, Кожо ачкан кыштактарын басып киришкен. Алар Жылуу-Сууда орун алган геологдор шаарчасын ээлешип, төрт жапон геологу, Ички иштер министрлигинин аскер командачысы, генерал Анарбек Шамкеевди туткунга алышкан.

Босворттогу салгылашта англис королу Ричард III 1485-жылдын 22-августунда өлтүрүлгөн.

Вампирлер туурасындагы көптөгөн уламыштардын карманы Влад Дракула 1456-жылдын 22-августунда Валахиянын ханзаадасы аталган.

Польша аскерлери 1531-жылдын 22-август күнкү Обертынь салгылашында үч эсе көп Молдавиянын армиясын талкалаган.

Франциядагы жалпы шайлоо укугун жокко чыгарган III жыл Конституциясы 1795-жылдын 22-августунда кабыл алынган.

Жан Луис Бурхардт жетектеген швейцариялык археологиялык экспедиция 1812-жылдын 22-августунда Аммандан 180 км алыстыкта орун алган байыркы Петр шаарынын калдыгын тапкан.

Австралиядагы алтын кен 1851-жылдын 22-августунда ачылган.

Уильям Шепперд 1865-жылдын 22-августунда суюк самынга патент алган.

Дүйнөдөгү биринчи авиашоу 1909-жылдын 22-августунда Реймс шаарында ачылган. Жарышка 38 аэроплан катышууга арыз берип, бирок алардын 23ү гана уча алышкан. Реймс авиашоусунда «Антуанетт», «Блерио XI», «Блерио XII», «Блерио XIII», «Бреге», «Кертисс», «Анри Фарман», REP, «Вуазен» и «Райт» сыяктуу аэропландар көрөрмандардын купулуна толгон.

Биринчи дүйнөлүк согушка байланыштуу 1914-жылдын 22-августунда Орусияда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган.

РСФСРдын курамындагы Коми (Зырян) автономиялык областы 1921-жылдын 22-августунда уюшулган.

Рим Папасы Павел VI 1968-жылдын 22-августунда Колумбиянын борбору Боготага келген. Ошентип католик чиркөө жетекчисинин Латын Америкасына жасаган биринчи сапары башталган.

Казакстанда казак тили мамлекеттик тил макамын 1989-жылдын 22-августунда алган.

Тынч океанда орун алган тырмактай Норфолк аралы 2002-жылдын 22-августунда “чөнтөк телефонсуз аймак” деп жарыяланган.
XS
SM
MD
LG