Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

24-август: Тарых барактары


“Итек Эйр” авиакомпаниясына караштуу “Боинг 737” учагы 2008-жылдын 24-августунда кырсыкка учураган.
“Итек Эйр” авиакомпаниясына караштуу “Боинг 737” учагы 2008-жылдын 24-августунда кырсыкка учураган.

Кыргыздардын 1874-жылдын жай айындагы Кокон хандыгына каршы көтөрүлүшү хандыкты эле эмес, Орусия империясын да сестентпей койгон эмес. Түркстан генерал-губернатордугунун буйругуна ылайык, Олуя Ата уездинин начальниги Чаткал өрөөнүнө жергиликтүү аксакалдарды жөнөткөн. Аксакалдар тобун Акмолдо Байзаков баштап, аларга Момун Шамурзаковду колго түшүрүү же болбосо аны орус бийлигине келишин камсыздоо милдети жүктөлгөн.

Орус бийлигинин «элчилиги» Момун Шамурзаков менен сүйлөшүү жүргүзүп, аны Олуя Атага келип уезддик начальник менен жолугушууга көндүрүшкөн. Ошентип Момун Шамурзаков 1874-жылдын 24-августунда Олуя Атага келген. Уезддик начальниктин буйругу боюнча ал жерден Момун Шамурзаковго «Кокон хандыгына каршы чыккан козголоңчу» деген айып коюлуп, камакка алынган.

Пишпек уезддик начальниги 1911-жылдын 24-августунда кыргыздар арасында бирөөлөрдүн арызы боюнча доо ишин козгоого жана ал үчүн сарпталчу акча каражат чогултууга тыюу салына тургандыгын билдирген көрсөтмө кабыл алган. Атайын тапшырмалар боюнча ага кызматчы Н. А. Прокоповдун жазганына караганда уезддик начальниктин көрсөтмөсү капитан Кутуковдун ишин териштирүүдөн жана анын Дүр Соромбаев менен болгон мамилесин ачыкка чыгаруудан улам келип чыккан.

Атаке сарабагыштары менен арык тукумунан топтолгон миң түтүндөй кыргыз 1916-жылдын бул күнү Улаколдон көчүп, Талды ашуусуна келип, мында өргүүгө турушкан. Тоо башына бул күнү кар түшүп, түнкү суук эл-жеринен качкан адамдардын жанына баткан.

Жетисуу областтык партиясынын II съезди 1919-жылдын бул күнү ишин баштаган.

Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев 2005-жылдын бул күнү мамлекеттик кызматкердин этикасы туурасында маселени көтөргөн. Анын пикирине ылайык айрым чиновниктер коомдук репутациясы шектүү адамдардын той-топуруна катышып, мамлекеттик кызматчынын наркын кетире баштаган. Төраганын кооптуу маселеге кайрылышына криминалдык шектүү элементтердин Ысык-Көлдө өткөргөн тоюна мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров катышты деген сөздөр себеп болгон.

“Манас” аэропортуна жакын аралыкта “Итек Эйр” авиакомпаниясына караштуу “Боинг 737” учагы 2008-жылдын 24-августунда кырсыкка учураган.

Везувий вулканынын 79-жылдын 24-августтагы атышынан улам Помпей, Геркуланум жана Стабии шаарлары талкаланып, вулкандык күл алдында калган.

Гот королу Аларих 410-жылдын 24-август күнү Римди басып алган.

Испан конкистадору Франсиско де Орельян 1542-жылдын 24-августунда Амазонка өрөөнүн ачкан. Испандык экспедицияга бул күнү индеец уруусунун согушчан аялдары кол салганына байланыштуу дарыя Амозонка аталышын алган.

Франциядагы 1572-жылдын 24-августунда гугенотторду кырышына байланыштуу бул күн «Кандуу Варфоломей түнү» аталып калган.

Сардиния королдугу 1720-жылдын 24-августунда негизделген.

Британия мамлекети 1791-жылдын 24-августунда Канаданы экиге бөлгөн Конституциялык Акт кабыл алынган.

Кордова келишимине ылайык Испания 1821-жылдын 24-августунда Мексиканын эгемендигин тааныган.

Америкалык Жорж Крам 1853-жылдын 24-августунда картошка чипсилерин ойлоп чыгарган.

Хива 1873-жылдын 24-августунда Орусиядан бөлүнгөндүгүн жар салган.

Борбордук Канадада жашаган индеецтер 1876-жылдын 24-августунда резервацияларга көчүүгө макулдугун беришкен.

Петербургдук “Жумушчу таптын бошотулушу үчүн күрөш” биримдигинин айрым мүчөлөрү (Н. К. Крупская ж.б.) 1896-жылдын 24-августунда камакка алынган.

АКШ президенти Теодор Рузвельт бардык расмий документтерди орфографиялык текшерүүдөн кийин жарыяланышы туурасындагы жардыкка 1906-жылдын 24-август күнү кол койгон.

АКШ мамлекети Орусиянын Убактылуу өкмөтүнө 100 млн. доллар карыз берүү туурасында 1917-жылдын 24-августунда чечим чыгарган.

Москва шаарында 1919-жылдын 24-августунда Кызыл Армия үчүн китеп чогултуу күнү өткөрүлгөн. «Правда» гезитинин бул күнкү санына “Либкнехт: таштай муштум-жакшы иштин жышааны, бирок баштын ачыктыгы андан да мыкты. Кызыл Армиянын муштуму деле таштай. Кызылармиячылардын башы мындан да ачылышы үчүн аларга китептерди берели” деп айткан сөзү жарыяланган.

НАТОну уюштуруу туурасындагы апрель айында жетишилген келишим 1949-жылдын 24-августунда күчүнө кирген.

АКШ бийлиги 1954-жылдын 24-августунда компартиянын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

Тажикстан 1990-жылдын 24-августунда эгемендик декларациясын кабыл алган.

М. Горбачёв 1991-жылдын 24-августунда КПСС БКнын башкы катчылыгынан кете тургандыгын билдирип, Борбордук Комитетти таркап кетүүгө чакырган.

Рига менен Лиепае шаарларындагы Лениндин эстелиги 1991-жылдын 24-августунда бузулган.
XS
SM
MD
LG