Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

25-август: Тарых барактары


Галилео Галилей
Галилео Галилей

Саяк уруусунун өкүлү Кокомбайдын кишиси 1916-жылдын бул күнү Нарындан чыккан 30тай арабачан 30-40 чамалуу орус аскерлери менен чогуу бир топ адамдарды кууп келатабыз деген кабарды Канаатка жеткирген. Канаат азык, солто, сарыбагыш, казактардан топтолгон 4000 чамалуу адам менен Бозбекеттин жанына келген.

Атактуу мерген Атакан Тезекбай уулу баштаган 50-60тай мергенди кара жол боюндагы чийге жашынтып, калган эл менен жоон арыктын көпүрөсүн буздуруп, бийик кашаттан бугуп турган. Орустар келип көпүрөнү ондой баштаганда, мергендердин биринен ок чыгарылып, ага каршы орустар аткылап киришкенде кыргыздар жапырт качып беришкен.

Белек Солтоноев баш болгон 300 чамалуу адам 1916-жылдын бул күнү качкан элди коргоо максатында орус аскерлеринин астын тосуш үчүн Ак Өлөңгө келишкен.

Орустардын 300 чамалуу аскерлери 1916-жылдын бул күнү Ысык-Көлдөгү бапа, желдең, кыдык урууларына Ак Терек багытында кол салышкан. Мындагы кыргыздар мал-жаны менен түрүлө качып, 3 миңдей түтүн Барскоон капчыгайын өрдөгөн. Алардын артынан 300дөй солдат сая түшүп, алардын алдын Болпоң Шадыкан баштаган үч адам тоскон. Күн батаарда Болпоңдун бутуна ок жаңылып, жолдоштору аны атка мингизе качышып, ашууну аша албай жаткан элге жетип келишкен.

ВКП (б) БК «Башталгыч жана орто мектептердин окуу программасы менен иш тартибин» 1932-жылдын бул күнү бекиткен. Ошентип Кыргызстан аймагында да башталгыч жана орто мектептер үчүн жаңы окуу программасы киргизиле баштаган.

Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев 1999-жылдын бул күнү Өзбекстан Ислам кыймыл өкүлдөрүнө колго түшкөн төрт жапон геологдун тагдыры туурасында Жапония премьер-министри Кэйдзо Обути менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзгөн.

Президент А. Акаев ушул эле күнү жана Баткен районундагы кырдаал, Жума Намонганинин согушчандарына каршы биргелешип аракет көрүү туурасында Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Өзбекстан Ислам кыймылынын согушчандары ушул эле түнү Баткен районундагы эки кыштакты басып алууга жетишип, алар жалпы жонунан беш айылга көзөмөл жасоого мүмкүнчүлүк алышкан.

Никей собору 325-жылдын 25-августунда христиандар үчүн Пасха күнүн аныктоо эсебинин жол-жобосун белгилеген.

Рим аскерлери 357-жылдын 25-августунда алеман урууларын Страсбургдун кашында талкалап, аларды кайра Рейндин тышына сүрүп чыгарууга жетишкен.

Испандык армия 1580-жылдын 25-августунда Лиссабонду ээлеп, Португалиянын Испанияга кошкон.

Галилео Галилей 1609-жылдын 25-августунда венециалык дож кеңешине телескоп аталган жаңы аспапты көрсөткөн.

Түндүк Америкадагы француздар 1718-жылдын 25-августтунда Жаңы Орлеан шаарын негиздешкен.

Француз табият таанычусу Жорж де Бюффон 1753-жылдын 25-август күнү Илимдер Академиясына «Табигый тарых» аталган монументалдык эмгегин сунуш кылган.

Революциячыл француз жоокерлери 1793-жылдын 25-августунда Марселди ээлешкен.

М. И. Кутузов жетектеген орус армиясы 1805-жылдын 25-августунда Наполеон Бонапартка каршы күрөшүү үчүн Радзивилловадан чыгып, Австрияга багыт алган.

Наполеон Бонапарт 1805-жылдын 25-августунда Богенхаузенда Бавария менен биримдик курууга жетишкен.

Швейцарялык Альпыда 1819-жылдын 25-августунда булак табылган. Булакка Саския аталышы ыйгарылып, ал № 64 номур менен катталган. Швейцария Альпысындагы булак бүгүнкү күнгө чейин минералдык туздардын катыгы боюнча туура пропорциядагы эң таза суу деп эсептелинет.

Уругвай 1825-жылдын 25-августунда Бразилиядан бөлүнүп, мамлекеттик эгемендик алган.

Владимир Ульянов (Ленин) 1887-жылдын 25-августунда Казан университетине өткөн.

Орусия өкмөтүнүн жетекчиси П. Столыпинге 1906-жылдын 25-августунда кол салынган. Өкмөт башчысынын Аптекарь аралындагы үйүндө жардыруу болуп, П. Стролыпиндин кызы баш болгон жүздөн ашык адам жаракат алып, 27 киши ошол жерден өлгөн.

Кытайдагы Гоминьдан («Элдик мамлекет партиясы») 1912-жылдын 25-августунда негизделген.

Орусиянын Мамлекеттик думасынын спикери М. Родзянко 1915-жылдын 25-августунда падыша Николай II орус армиясын жетектөөдөн баш тартуусун сунуш кылган.

АКШ Германия менен тынчтык келишимге 1921-жылдын 25-августунда кол койгон.

Британия менен Польша 1939-жылдын 25-августунда аскердик кызматташуу актысына кол коюшкан.

Англис авиациясы Берлинге биринчи чабуулду 1940-жылдын 25-августунда жасаган.

Тынчтык жактоочуларынын Биринчи Бүткүл союздук конференциясы 1949-жылдын 25-август күнү Москва шаарында өткөн.

СЭВге кирген СССР, Болгария, Венгрия, Польша, Румыния жана Чехословакия өлкөлөрүнүн Экинчи сессиясы 1949-жылдын 25-августунда ишин баштаган.

Тарыхчы Андерс Франсен 1956-жылдын 25-августунда Стокгольм акваториясында 1628-жылы деңизге чөккөн «Ваза» кемесинин калдыгын тапкан.

Советтер Союзу 1960-жылдын 25-августунда кытайлык лидер Мао Цзэдундун догматикалык окуусун сынга алган.

Советтик аскерлердин Чехословакияга киргизилишине нааразы болгон 8 диссидент 1968-жылдын 25-августунда Кызыл Аянтка демонстрацияга чыгышкан.

Каир шаарында 1969-жылдын 25-августунда өткөн араб өлкөлөрүнүн Лигасында Израилге каршы ыйык согуш планы кабыл алынган.

Америкалык «Вояджер» космостук зонду 1989-жылдын 25-августунда Нептун планетасынын сүрөтүн жерге жолдогон.

«Культура» каналы 1997-жылдын 25-августунда уюшулган.
XS
SM
MD
LG