Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:40

28-август: Тарых барактары


«Тойота» унаа компаниясы 1936-жылдын 26-августунда негизделген.
«Тойота» унаа компаниясы 1936-жылдын 26-августунда негизделген.

Кокон хандыгынын Токмоктогу чебин ээлеп алган Заилийск аймагынын аскер командачысы, полковник Циммерман 1860-жылдын 28-август күнү чепти бузууга буйрук берген. Чүй суусунун боюндага жарга такай курулган дубал жана 8 метрдик бийиктиктеги кароол мунара бузулуп, чепти тегерете казылган 5 метрдик аң толтурулган.

Токмоктогу чептин бузулушу менен Кокон хандыгынын Кыргызстан аймагындагы таасири жоюлуп эле тим болбостон, орус аскерлери менен кыргыздардын бириккен аракетинен улам хандыктын бийлик символу талкаланган. Токмок чебин ээлөөдө көрсөткөн каармандыгы үчүн полковник Циммерман генерал-майор чинине көтөрүлгөн.

Падышачылык Орусиянын Пржевальск шаардык бийлигине кыргыздардын жоон топ колу шаарга келаткандыгы туурасында телеграмма 1916-жылдын 26-августунда түшкөн. Хорунжий Берг 28-августта казак орустарды баштап аларга каршы утурлай чыгып, кыргыздарга кол салган. «Семиреченская жизнь» гезитинин жазганына караганда Хорунжий Берг “800 чамалуу жанкечтилерди кырып, көп сандаган жандыктарды тартып алган”.

Пишпек уезддик начальниги 1916-жылдын бул күнү тоолуу аймактагы болуштуктардын козголоңу басаңдаганы туурасында атчандар полицейскийлердин башчысы Хмыров менен ага көзөмөлчү Савенковдордон билдирүү алган. Алардын кабарлоосуна ылайык Жумгал, Каракече, Курманкожо, Кочкор жана Абайылда болуштуктарында кырдаал турукташкан.

Колго түшкөн козголоңчулардын көрсөтмөсүнө ылайык, аларга түрк генералы жана эки европалык адам жетекчилик кылган.

Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңешине караштуу Илим комитети 1938-жылы айтылуу археолог А. Н. Бернштамдын археологиялык экспедициясын каржылоо туурасында чечим чыгарган. А. Н. Бернштамдын археологиялык экспедициясы орто кылымдагы Баласагун шаары жайгашкан Бурана тарыхый эстелигинде казуу иштерин жүргүзмөк. Илим комитети изилдөө иштер үчүн 20 миң рубль акча бөлгөн. Илим комитетинин ушул эле күнкү чечимине ылайык, Ысык-Көлдөгү айтылуу саякатчы Н. М. Пржевальскийдин эстелигин калыбына келтирүү иши үчүн 10 миң рубль акча каражат берилген.

Дүйнө кыргыздарынын II Курултайы 2003-жылдын 28-август күнү ишин баштаган. Курултайга 25 өлкөдө жашаган этникалык кыргыз топторунун 150 өкүлү чакырылып, алар бир эле убакта Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына дал келген майрамдык салтанатка күбө болушкан.

Түндүк Америкадагы европалыктардын биринчи кыштагы 1565-жылдын 26-августунда Флорида штатындагы Сан-Агостинде пайда болгон.

Англис деңиз саякатчысы Г. Гудзон 1609-жылдын 26-августунда Делавэр булуңун ачкан.

Уильям Гершель 1789-жылдын 26-августунда Сатурндун жандоочусу Энцеладды аныктаган.

Рихард Вагнердин «Лоэнгрин» операсынын бет ачары 1850-жылдын 26-августунда Веймарда өткөрүлгөн. Рихард Вагнердин 1849-жылдын май айындагы көтөрүлүшкө катышкандыгынан улам Германиядан чыгып кеткендигине байланыштуу операны Ференц Лист койгон.

Австриялык бийлик 1892-жылдын 26-августунда украиндик жазуучу Иван Франкону мыйзамсыз адабиятты тараткандыгы үчүн айыптаган.

Англис полициясы кылмышкерди табыш үчүн 1933-жылдын 26-августунда биринчи жолу радио жардамын колдонгон. «Би-Би-Си» радиосу аркылуу кылмышкердин өң-түспөлү кабарланып, жаңы саамалык коомчулуктун колдоосуна алынган.

«Тойота» унаа компаниясы 1936-жылдын 26-августунда негизделген. Жаңы компанияны Киичиро Тойота түптөп, ал кыска аралыкта белгилүү болгон.

Англиянын Нотингем шаарында 1938-жылдын 26-август күнү олуттуу шахматтык турнир соңуна чыккан. Турнирге Э. Ласкер, Х. Р. Капабланка, А. Алехин, М. Эйве сыяктуу ошол убактагы күчтүү гроссмейстерлер катышкан. Нотингем турниринде биринчи орунду Х.Р. Капабланка менен бирге советтик шахматист Михаил Ботвинник бөлүшкөн. Ал үчүн советтик шахматист «Знак Почёта» ордени менен сыйланган.

СССР Жогорку Кеңеш Президиуму 1941-жылдын 26-августунда Поволжьядагы немистерди Сибирь менен Казакстанга депортациялоо туурасында жардык кабыл алган.

АКШ мамлекети 1946-жылдын 26-августунда Монголия менен Албаниянын Бириккен Улуттар уюмуна кабыл алынышына вето койгон.

Киев шаарындагы Иван Франконун эстелиги 1956-жылдын 26-августунда ачылган.

Торонто шаарындагы Хоккейлик даңк залы 1961-жылдын 26-августунда көрөрмандарга эшигин ачкан.

Массачусетс шаарында биринчи жолу жасалма ген 1976-жылдын 26-августунда синтезделген.
XS
SM
MD
LG