Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

29-август: Тарых барактары


Казакстандагы Семипалатинск өзөктүк полигону 1991-жылдын 29-августунда жабылган.
Казакстандагы Семипалатинск өзөктүк полигону 1991-жылдын 29-августунда жабылган.

Падышалык аскерлер 1875-жылдын 29-августунда Кокон хандыгынын борборун бир ок чыгарбастан ээлеп алышкан. Кокон ханы Насреддин бек хандык үчүн күрөшкөн көтөрүлүшчүлөрдүн ишенимин актабастан, Константин Петрович фон Кауфманга утурлай чыгып, орус бийлигинин өкүмүнө баш ийгендигин билдирген.

Кокон хандыгын басып алуу падышалык Орусиянын Орто Азия аймагында үстөмдүк орнотуу туурасындагы стратегиялык максатына жооп берген. Ошондуктан генерал К. П. фон Кауфман «биз Кокон хандыгын ээлеген күндө барып, элдик боштондук кыймылга каршы ийгиликтүү аракет көрө алабыз» деген.

Согуш маалында Кыргызстанга жер которгон Бүткүл союздук суу менен камсыздоо жана сантехникалык илим коомунун төрагасы, техникалык илимдердин доктору Н. Фальковский 1943-жылдын бул күнү Фрунзе шаарында жаңы элдик курулуш баштала тургандыгын жар салган. Илимпоздун демилгеси менен Биринчи май; мурдагы Ворошилов, азыркы Тоголок Молдо; мурдагы Кызыл Октябрь, азыркы К. Тыныстанов көчөлөрүнүн аралыгында коомчулуктун катышуусу менен канализация системасы салына баштаган.

Кыргызстандык академиктер арасындагы кызуу талкуу 1954-жылдын бул күндөрү туу чокусуна жеткен. Б. Юнусалиев, А. Токомбаев жана А. Алтымышбаев орус тилинен кыргызчага кабыл алынган сөздөрдү жана терминдердин туура жазылышы туурасында талашып, алардын макалалары маалымдоо каражаттарында жарыяланып турган. Мындан тышкары алар биринчи жазгыч-акын Молдо Кылыч жана илимпоз Касым Тыныстановдун илимий мурастарына кайрылышып, аларды ачыкка чыгаруу маселесин да козгошкон.

Дүйнө кыргыздарынын II Курултайы 2003-жылдын 29-август күнү ишин аяктаган. Курултайга 25 өлкөдө жашаган этникалык кыргыз топторунун 150 өкүлү чакырылып, алар бир эле убакта Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына дал келген майрамдык салтанатка күбө болушкан.

Англис королу Ричард I 1191-жылдын 29-август күнкү буйругу менен Акра шаарында үч миң мусулман кескилеп өлтүрүлгөн.

Пётр I 1698-жылдын 29-августунда боярларга сакал коюга тыюу салып, европалыктарча кийингенге өкүм чыгарган.

Пётр I 1703-жылдын 29-август күнкү жардыгына жараша Онега көлүнүн боюна темир жасоочу завод курула баштаган. Ишкана кийин өнүгүп, ал Петрозаводск шаарынын түптөлүшүнө негиз болуп берген.

Пруссия королу Фридрих II 1756-жылдын 29-августунда алтымыш миң аскер менен Саксонияга кол салган. Ошентип 1756-1763- жж. кучагына алган жети жылдык согуш башталган.

Нью-Жерсидеги индеецтердин биринчи резервациясы1758-жылдын 29-августунда ачылган.

Португалия королу Жуан VI 1825-жылдын 29-августунда Бразилиянын эгемендигин тааныган.

Майкл Фарадей 1831-жылдын 29-августунда электромагниттик индукцияны ачкан.

Британия менен Кытай мамлекеттеринин ортосунда жүргөн Биринчи апийим согушу 1842-жылдын 29-августундагы Нанкин келишими менен жыйынтыкталган. Анын натыйжасында Кытай Англияга Гонконгду берип, Британия кемелери үчүн беш портун ачып, 23 миллион доллар аскер контрибуциясын төлөгөн.

Томас Ахерн Оттава шаарында 1883-жылдын 29-август күнү биринчи жолу электроплитаны көргөзгөн.

Немис инженери Готлиб Даймлер 1885-жылдын 29-августунда мотоциклге патент алган.

Базель шаарында 1897-жылдын 29-августунда I Бүткүл дүйнөлүк сионисттик конгресс ишин баштаган. Бүткүл дүйнөлүк сионисттик конгрессти өткөрүү демилгесин Теодор Герцль көтөрүп, анда Давиддин жылдызы уюмдун расмий эмблемасы катары кабыл алынган.

“Гудиер” компаниясы 1898-жылдын 29-августунда Огайо шаарында негизделген.

III Олимпиядалык оюндар 1904-жылдын 29-август күнү Сент-Луис шаарында ачылган.

МВТУнун аэромеханикалык факультетинин негизинде 1930-жылдын 29-августунда Москва авиациялык институту ачылган.

«Военно-исторический журналдын» биринчи саны 1939-жылдын 29-августунда жарык көргөн.

Швеция, Ооганстан жана Исландия 1946-жылдын 29-августунда Бириккен Улуттар уюмуна мүчөлүккө кабыл алынган.

Советтер Союзунун биринчи атом бомбасы 1949-жылдын 29-августунда Семипалатинск жергесинде сыналган.

Батыш Германиянын Дармштадт шаарынын окумуштуулары 1982-жылдын 29-август күнү Менделеевдин мезгилдик системасындагы 109-элементи – мейтнерийди ачкандыгын кабарлашкан.

Азербайжандын Жогорку Кеңеши 1991-жылдын 29-августунда «Азербайжан Республикасынын мамлекеттик эгемендигин калыбына келтирүү туурасында» декларация кабыл алган.

Казакстандагы Семипалатинск өзөктүк полигону 1991-жылдын 29-августунда жабылган.

Адамдын өмүрү узартуучу ген 2001-жылдын 29-августунда табылган.
XS
SM
MD
LG