Уюшкандык жана тартип жоктугунан кыргыздардын көтөрүлүшү жеңилүүгө учурап, алардын мал-мүлкүн орус чиновниктери менен казак орустар талап-тоноого киришкен. Колониалдык бийлик башаламандыкты чектөө максатында 1916-жылдын 3-сентябрында кыргыздардын мүлкүн талаган адамдарга каршы сот ишин баштаган. Пржевальск шаардык соту бул күнү Поцелуев менен Инсарскийдин кылмыш ишин кароого киришкен.
Жаңы ачылган Фрунзе мамлекеттик кыргыз улуттук маданият музейинин директору А. Өмүрзаковдун чакырыгына ылайык, 1944-жылдын бул күндөрү Кыргызстан аймагында археологиялык жана этнографиялык эстеликтерди чогултуу аракети башталган.
Музей директору жаңы ачылган имаратка коёрго экспонат жок экендигин белгилеп, кыргызстандыктардан кокустан табылган археологиялык эстелик, же болбосо колдо сакталып турган тарыхый буюмдар туурасында билдирүүсүн өтүнгөн. Музей жетекчиси ошол маалда жүрүп жаткан Улуу Ата Мекендик согушка байланыштуу сүрөттөрдү жана эпистолярдык жанрдагы материалдарды чогултуу, жаштарды патриоттук духта тарбиялоо үчүн мааниси зор экендигин белгилеген.
Жапония Экинчи дүйнөлүк согушта жеңилишине байланыштуу 1945-жылдын 3-сентябры Кыргызстанда майрам күн деп жарыяланган. Фрунзе шаарынын эски аянтында эмгекчилердин митинги өтүп, ага миңдеген жумушчулар жана шаар тургундары катышкан. Өкмөт үйүнүн балконуна партиялык жана өкмөт жетекчилери шаардыктарды жеңиш майрамы менен куттуктап, «улуу жеңиш жемиши теңдешкис жол башчы И. В. Сталиндин көсөм саясатынын үзүрү» экендигин белгилешкен.
Кыргыз ССР Илимдер Академиясына караштуу Тарых институту уюштурган экспедиция, 1959-жылдын бул күндөрү Ысык-Көлдүн түбүнөн уникалдуу тарыхый табылгаларды жарыкка чыгара баштаган. Тарых институту москвалык адистердин колдоосу менен көл түбүнө биринчи археологиялык иликтөө ишин баштап, жыйынтыгында окумуштуулар Ысык-Көлдүн алдында байыркы шаар орун алгандыгын белгилешкен.
Экспедиция жетекчиси, тарых илимдеринин кандидаты М. Айтбаевдин билдирүүсүнө караганда убагында көл кылаасында өнүккөн шаар маданияты калыптанган. Эбегейсиз геологиялык кырсык айынан жер жарылып, шаар суу алдында калган. Ошондуктан шаар калкы буюм-тайымдарын эле эмес, жанын сактап калууга чамасы жеткен эмес, деп жыйынтык чыгарган экспедиция жетекчиси.
Агрипп жетектеген Октавиандын флоту б.з.ч. 36-жылдын 3-сентябрь күнкү Навлох салгылашында Помпейдин флотун талкалаган. Ошентип Помпей менен Октавиан ортосундагы жарандык согуш соңуна чыккан.
Европадагы эски шаарлардын бири эсептелген Сан-Марино 301-жылдын 3-сентябрында негизделген.
Григорий I 590-жылдын 3-сентябрында Рим Папасы аталган.
Арстан Жүрөк Ричард 1189-жылдын 3-сентябрында Ричард I деген аталыш менен англис тагына отурган.
Монгол аскерлери империя курулгандан кийинки биринчи жолу жеңилүү ызасын 1260-жылдын 3-сентябрь күнкү Палестинадагы Аин-Халут салгылашында мамлюктардан тарткан.
Рим Папасы Павел III 1539-жылдын 3-сентябрында иезуиттердин Орденин тааныган.
Англис деңиз сүзүүчүсү Генри Хадсон 1609-жылдын 3-сентябрында Нью-Йорк булуңун ачкан.
Версаль тынчтык келишимине 1783-жылдын 3-сентябрында кол коюлуп, Британия АКШнын эгемендигин тааныган.
Стокгольмдогу Альфред Нобелдин лабораториясы 1864-жылдын 3-сентябрында жер менен жексен болгон. Ал бул күнү атасы менен итроглицеринди сыноодон өткөрүп, жардыруудан 5 адам өлүп, Альфреддин кичүү иниси Эмиль каза болуп, күтүүсүз окуядан атасын кайгы баскан. Бирок Альфред баштаган тажрыйбасын токтотпой, үч жыл өтпөй динамит жасоого патент алган.
Император Александр II катышуусу менен 1875-жылдын 3-сентябрында Москва шаарындагы Тарых музейдин пайдубалы түптөлгөн.
Биринчи Интернационалдын I конгресси 1886-жылдын 3-сентябрь күнү Женева шаарында ишин баштаган.
Дүйнөдөгү биринчи консервалоочу завод 1912-жылдын 3-сентябрында Англияда ишке киришкен.
Британия, Франция, Индия, Австралия жана Жаңы Зеландия 1939-жылдын 3-сентябрында Германияга согуш жарыялашкан.
Советтер Союзунда 1945-жылдын 3-сентябры милитаристтик Жапонияны жеңиш күнү катары белгиленген.
Никита Хрущёв 1953-жылдын 3-сентябрында КПСС БКнын биринчи катчылыгына шайланган.
СССР, Англия, АКШ жана Франция 1971-жылдын 3-сентябрында Батыш Берлиндин макамы туурасындагы төрттүк келишимге жетишкен.
Ангиялык Лестерск университетинин доктору Алек Жеффриз 1984-жылдын 3-сентябрында ар бир адамдын өзүнө таандык ДНК уланышы бан экендигин аныктаган.
АКШ мамлекети 1996-жылдын 3-сентябрында Иракка ракеталык соку ура баштаган.
Никарагуа президенти Даниель Ортега 2008-жылдын 3-сентябрында Абхазия менен Түштүк Осетияны тааный тургандыгын билдирген.
Поп музыка падышасы Майкл Жексондун сөөгү 2009-жылдын 3-сентябрь күнү Лос-Анжелес шаарында жерге берилген.