Түркстан АССР Советинин VIII съезди 1919-жылдын бул күнү ишин баштаган.
Фрунзе шаарынын партиялык, советтик жана профсоюздук уюмдары 1947-жылдын 6-сентябрында Москва шаарынын 800 жылдыгын зор салтанат менен белгилешкен. Жыйын соңунда «көсөм жол башчы Сталинге» арналган Аалы Токомбаевдин сөзүнө жазылган кайрылуу кабыл алынган.
Өзбекстан 1999-жылдын 6-сентябрында Баткен районунун ичиндеги Сох анклавына кубаттуу аскер күчтөрүн тарта баштаган. Өзбек аскерлери бронежилет кийип, БТР жана башка аскер техникалары менен жабдылып, кадимки согушка даярдангандай түр көрсөткөн.
Баткен районунунда жалпы курамы 900-1000 чамалуу адамдан турган 48 өзүн-өзү коргоочу отряддар 1999-жылдын 6-сентябрында уюшулган. Өзүн-өзү коргоочу отряд мурдагы ооган согушуна катышкандар, жергиликтүү менгенчилер жана спортсмендерден куралып, аларга 200 автомат берилген. Кырдаалга жараша Баткенде түнкү 11ден, таңкы 6га чейин транспорт жүрүшүн чектеген коменданттык саат киргизилген.
Президент К. Бакиев 2005-жылдын бул күнү Кыргызстанда орун алган чет өлкөлүк аскер күчтөрү туурасында билдирүү жасаган. Алардын биринчиси, «Манас» аба майданында орун алган АКШ аскер күчтөрүнө арналып, ал АКШ аскер базасынын Кыргызстанда калтырылыш маселеси кыргыз-америкалык мамилеге байланыштуу экендигин билдирген. Экинчи маселе, Кытай Элдик Республикасынын аскер күчтөрүнүн Кыргызстанда орун алышына арналып, ал мындай суроо эки тарап тарабынан тең али көтөрүлө электигин кабарлаган.
Христофер Колумб жетектеген экспедиция 1492-жылдын 6-сентябрында Сан-Себастьян портунан чыгып, батышка багыт алган.
Орусия менен Кытай мамлекеттери ортосундагы Нерчинск келишимине 1689-жылдын 6-сентябрында кол коюлган.
Екатерина II революциячыл Францияда калган Орусиянын атуулдарына тез аранын ичинде өлкөгө кайтып келгиле деген буйрукту 1790-жылдын 6-сентябрында берген.
Британиянын Манчестер шаарында биринчи акысыз китепкана 1852-жылдын 6-сентябрында ачылган.
Хива хандыгы Орус империясынын курамына 1873-жылдын 6-сентябрында алынган.
Бухарада совет бийлиги 1920-жылдын 6-сентябрында орногон.
Эл аралык мамилелерди тынчтык жол менен жөнгө салчу Бриан – Келлогдун пактысына Советтер Союзу 1928-жылдын 6-сентябрында кошулган.
«СССР эл артисти» наамы 1936-жылдын 6-сентябрында киргизилип, ардактуу наамга К. С. Станиславский, В. И. Немирович-Данченко, В. И. Качалов, И. М. Москвиндер биринчилерден болуп арзыган.
СССР Жогорку Кеңеш Президиумунун 1940-жылдын 6-сентябрь күнкү жардыгына ылайык СССР Мамлекеттик көзөмөлдөө боюнча Элдик комиссариаты уюшулган.
«Правда» гезитинин 1941-жылдын 6-сентябрь күнкү санында партизандар биринчи жолу «элдик өч алуучулар» деп бааланган.
Гарвард университетинде 1943-жылдын 6-сентябрында сөз сүйлөгөн Уинстон Черчилль АКШ менен Англия кийин бир мамлекетке баш кошорун билдирген.
Автордук укук боюнча Бүткүл дүйнөлүк конвенция 1952-жылдын 6-сентябрында кабыл алынган.
Сталиндик сыйлык 1956-жылдын 6-сентябрында эл аралык Ленин сыйлыгына өзгөртүлгөн.
Советтик учкуч Виктор Беленко 1976-жылдын 6-сентябрында «Миг-25П» аскер учагын Жапонияга уурдап учкан.
Балтимор шаарында сиам эгиздери биринчи жолу операция жолу аркылуу 1987-жылдын 6-сентябрь күнү ажыратылган.
Орусиянын президенти Владимир Путин 2004-жылдын 6-сентябрында чет өлкөлүк журналисттерге интервью берип, чечен сепаратисттери менен сүйлөшүү жүргүзгөн айрым батыш саясатчыларды кескин сынга алган.