Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:35

13-сентябрь: Тарых барактары


Ясир Арафат менен Ицхак Рабин 1993-жылдын 13-сентябрында Палестина автономиясын таануу туурасында келишимге кол коюшкан.
Ясир Арафат менен Ицхак Рабин 1993-жылдын 13-сентябрында Палестина автономиясын таануу туурасында келишимге кол коюшкан.

Улуу жүз казактардын приставы М. М. Хоментовский 1855-жылдын 13-сентябрында сарыбагыш манабы Жантай Карабековго кат жолдогон. М. М. Хоментовскийдин катында бугу менен сарыбагыштардын ортосунда согуш жүрүп, кагылыштан Ормондун өлгөнү туурасындагы маалымат орус бийлигине белгилүү болгондугу жазылат.

Мындан тышкары Ормон шейит учкандан кийин сарыбагыш уруусуна Жантайдын бийлиги орногондугу белгиленип, ага калк арасындагы бөөдө кан төгүүнү токтотуу өтүнүчү айтылат. М. М. Хоментовскийдин катында белгиленгендей, Жантай Карабеков орус приставына сарыбагыш менен бугу урууларынын ортосундагы согуштун чыгышы жана ага Ормон хандын катышы туурасында кабарлап тургандыгы байкалат.

Түркстан генерал-губернатору Кауфмандын 1875-жылдын 13-сентябрындагы аскер министрине билдирүүсүндө 1875-жылкы көтөрүлүшкө чейин жоокер мүнөз кыргыздардын Орусия империясына болгон мамилеси оң экендигин белгиленет. Анын баамында кыргыздардын көтөрүлүшү түздөн-түз Кокон хандыгына каршы багытталып, орус саясатына анын байланышы жок болгон.

Генерал М. Д. Скобелев 1875-жылдын сентябрь айында Ош шаарын согушсуз басып алгандан кийин Кокон хандыгынын аскер башчысы Абдрахман Афтобачи жүздөгөн жоокери менен Ош шаарын айланып Карасууга келген. Генерал М. Д. Скобелев 13-сентябрда Асаке аркылуу Маргалаңга өтүп, мындагы падышалык аскердин негизги күчү менен бириккен.

Аскер старшинасы Шабдан Жантаев менен Токмок уездинин манабы Сооромбай Кудаяров 1884-жылдын бул күнү Талаа генерал-губернаторуна кепилдик кат менен кайрылышкан. Алар Токмок уездине караштуу Тогуз Тороо волостунун молдосу Мамырбай Кубатбековду түрмөдөн бошотууну өтүнүшүп, аны коомчулукка кабыл алыныш кепилдигин ала тургандыгын билдиришкен.

Верный шаардык Тинтүү пунктунун начальниги 1916-жылдын 13-сентябрында он алтынчы жылкы кыргыздардын көтөрүлүшүнө байланыштуу иликтөөсүн Түркстан генерал-губернатордугуна жолдогон. Анын иликтөөсүнө ылайык Токмок, Кочкор жана Ысык Көлдүн түштүк бөлүгүндөгү көтөрүлүшчүлөрдүн жетекчилери аныкталган. Көтөрүлүшкө Атаке, Сарыбагыш, Абайылда, Темирболот, Шамурза, Байсейит, Курманбет, Шамшы, Бурана, Тынай, Жумгал, Курманкожо, Кочкор, Жубанарык, Ниязбек сыяктуу болуштуктардын эли катышкандыгы жана алардын жетекчилери ким экендиги такталган.

Сталиндик 1938-жылкы террор жаңыдан түптөлө баштаган кыргыз интеллигенциясына, мамлекет куруу салтына оор сокку урган. Нечендеген адамдар жазыксыз атылып, миңдеген адам куугун-сүргүндү башынан кечирген. Сталиндик Кызыл террордун идеологдорунун бири - В. Ходоков 1938-жылдын 13-сентябрында кыргызстандык жетекчилерди кескин сынга алган. Анын жазганына ылайык «Правда» гезитинде жарык көргөн «Буржуазные националисты» макаласы жарыялангандан беш күн өткөндөн кийин барып кыргыз жетекчилиги Кыргызстан Элдик комиссарлар кеңешинин төрагасы Исакеев менен жер иштери боюнча элдик комиссар Эсенамановду Кыргызстан Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинен чыгарган деп айыптаган.

Челябинск шаары 1736-жылдын 13-сентябрында негизделген.

Орусия империясында жумушчу күндү 15 саат менен чектеген жардык 1741-жылдын 13-сентябрында чыккан.

Биринчи географиялык «Атлас Российский» 1745-жылдын 13-сентябрында жарык көргөн

Ханыша Екатерина II 1762-жылдын 13-сентябрында Орусия тагына отурган.

Нью-Йорк 1788-жылдын 13-сентябрында АКШ борбору аталган.

Михаил Кутузов тарабынан Филиге чакырылган Согуш Кеңеши 1812-жылдын 13-сентябрында аскерди сактап, Москваны коргоосуз душманга өткөрүп берүү чечимин кабыл алган.

Жазуучу Н. Гоголь 1849-жылдын 13-сентябрында Москва шаарына келип орун алган.

Краснодарский крайы 1937-жылдын 13-сентябрында уюшулган.

Албания 1968-жылдын 13-сентябрында Варшава келишими уюмунан чыккан.

Ясир Арафат менен Ицхак Рабин 1993-жылдын 13-сентябрында Палестина автономиясын таануу туурасында келишимге кол коюшкан.

Дели шаарында 2008-жылдын 13-сентябрында ири террордук чабуул жасалган.
XS
SM
MD
LG